Улуттук банк түшүндүрөт: Санариптештирүү – биринчи кезекте ишенимдүүлүк, коопсуздук жана ыкчамдуулук

Өлкө Президенти Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен санариптештирүү кызуу жүрүүдө. Бул процессте өлкөнүн башкы банкы – Улуттук банк да демилгени колго алуу менен банк системасында санариптештирүүгө кызуу киришүүдө. Жакында эле Президент С.Жээнбеков Улуттук Банкта болуп, Дата-борбордун расмий ачылышына катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Улуттук банкка келгенде: «Мындай масштабдуу долбоор ата мекендик адистер тарабынан жүзөгө ашырылганы абдан кубандырат. Биздин IT-адистердин чоң потенциалы бар, эгерде аларга зарыл колдоо көрсөтүлсө, алар көптөгөн долбоорлорду ишке ашыра алышат», – деп белгиледи.
Эң башкысы – Дата-борборду ишке киргизүү өлкөнүн төлөмдөрүнүн толук коопсуздугун камсыздайт жана банк секторун санариптештирүү боюнча жаңы амбициялуу долбоорлорду иштеп чыгуу жөнүндө ойлонууга мүмкүндүк берет.

Биз бул жаңы ачылган Дата-борбордун иши жөнүндө окурмандарга кеңири маалымат берүү үчүн Улуттук банктын Башкармалыгынын мүчөсү Нурланбек Сагындыков менен маектештик.

 

– Нурланбек Асанкариевич, бул борбордун функциялары кандай, анын кандай артыкчылыктары бар? Маегибизди ушундан баштасак?

– Дата-борбор Улуттук банктын негизги милдеттерин аткарууга – банктык көзөмөл алкагында банктык отчеттуулукту алууга жана иштеп чыгууга, банктар аралык төлөм жана соода системаларынын, мамлекеттер аралык төлөм жана эсептешүү системаларынын, Улуттук банктын ички операциялык ишмердүүлүгү үчүн системалардын, электрондук документ жүгүртүү системасынын ишин ж.б. камсыздоого арналган. Дата-борбордун негизги артыкчылыгы болуп анын Uptime Institute эл аралык көз карандысыз уюуму тарабынан сыналган ишенимдүүлүгү жана иштеги үзгүлтүккө учуроого жогору туруктуулугу саналат.

– Борбор банк секторуна эмнеси менен пайдалуу?

– Улуттук банк банктар аралык төлөм жана соода системаларынын оператору болуп саналат. Дата-борбордо коммерциялык банктардан келип түшкөн финансы маалыматтарынын ири көлөмдөрүн иштеп чыгуу жана сактоо үчүн маалыматтык технологиялар жабдуусу (МТ жабдуу) жайгаштырылат. Бардык негизги системаларды кайталоо электр энергиясы өчүрүлгөн жана башка терс окуялар болгон учурда Дата-борбордун жабдуусунун чектелбеген убакыт аралыгында үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыздайт, бул өлкөнүн банк жана төлөм системаларынын ишинин туруктуулугун олуттуу даражада жогорулатат. Эң башкысы – Дата-борборду ишке киргизүү өлкөнүн төлөмдөрүнүн толук коопсуздугун камсыздайт жана банк секторун санариптештирүү боюнча жаңы амбициялуу долбоорлорду иштеп чыгуу жөнүндө ойлонууга мүмкүндүк берет.

– Дата-борбор кыргызстандыктардын жашоосун кантип жеңилдетет?

– Дата-борборду ишке киргизүү жарандардын банк системасына ишенимин жогорулатат. Бул банк жана финансы кызматтарынын региондордо жана айыл жерлеринде калк үчүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт. Дата-борбор Мамлекеттик каттоо кызматы жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен өлкөбүздүн жарандары үчүн аралыктан идентификациялоону берүү боюнча биргелешкен долбоордо пайдаланылаары болжолдонулууда. Дата-борбор бардык төлөм системаларын модернизациялоону жүргүзүүгө, калкыбыз үчүн жаңы санарип продуктыларын көбүрөөк берүүгө мүмкүндүк бермекчи.

– Нурланбек Асанкариевич, Дата-борбор Аптайм институттун сертификатын алды, бул эмнени билдирет?

– Сертификаттоонун биринчи этабында долбоордук документациянын экспертизасы жүргүзүлдү. Ар бир компонент боюнча (бардык кабелдердин кесилиши, Дата-борбордун жайларындагы жылуулуктун бардык булактарынын жылуулук бөлүп чыгаруусу, күндүн муздатуу системасынын тышкы блокторуна таасири, жабдуунун паспорттук мүнөздөмөсү текшерилди ж.б.) тыкан эсептөөлөр жүргүзүлдү. Мында Дата-борбордун инфраструктурасынын топологиясы кайсы бир элементи же компоненти үзгүлтүккө учураганда үзгүлтүккө учуроого жогору туруктуу болууга тийиш. Долбоордук документация Uptime Institute уюмунун ар кайсы өлкөлөрдөн бир нече эксперттери тарабынан текшерилген. Экинчи этапта сертификаттоо Дата-борбордо курулган объектинин долбоордук документацияга ылайыктуулугу жана үзгүлтүккө учуроого жогору туруктуулук деңгээлине ы л а й ы к т у у л у г у текшерилүү менен жүргүзүлдү. Сертификат алуу жалпысынан Дата-борбордун инфраструктурасы бүт МТ жабдуунун ишин токтотпостон тейлей ала турганын билдирет. Улуттук банктын Дата-борбору Борбор Азияда Uptime Institute уюмунда сертификаттоодон өткөн жалгыз мындай борбор болуп саналат.

Расмий сертификат алуу Улуттук банктын жана жалпысынан Кыргыз Республикасынын имидждик статусун жогорулатат, банктын репутациясына локалдуу гана таасир этпестен, алыскы чет өлкөлөрдүн финансы уюмдары тарабынан да бааланат.

– Башка мамлекеттик органдар тарабынан бул борбор аркылуу жарандар мобилдик телефон боюнча мамлекеттик жана финансы кызматтарын ала турган долбоордун ишке киргизилиши пландалып жатканы айтылган. Ал кантип иштемекчи?

– Азыркы учурда Мамлекеттик каттоо кызматы жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан жарандарга аралыктан идентификациялоо боюнча сынамык долбоорду жүзөгө ашыруу каралууда, ал мобилдик телефон боюнча өзүнүн өздүгүн тастыктап жана мамлекеттик жана финансы кызматтарын алуусуна мүмкүндүк берет. Бул эки структуранын ортосунда бардык техникалык жана технологиялык маселелер макулдашылгандан кийин Улуттук банктын Дата-борборунун катышуусу менен сынамык режимде долбоор жүзөгө ашырылмакчы.

– Долбоор толугу менен биздин программисттер тарабынан жасалдыбы?

– Дата-борборду куруу боюнча долбоор электр менен жабдууну кошо алганда, тармактык жана эсептөө технологияларын долбоорлоого жана киргизүүгө багытталган ата мекендик компания – «NSP» ЖЧКсы тарабынан долбоорлонду жана жүзөгө ашырылды. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Улуттук банкка келгенде: «Мындай масштабдуу долбоор ата мекендик адистер тарабынан жүзөгө ашырылганы абдан кубандырат. Биздин IT-адистердин чоң потенциалы бар, эгерде аларга зарыл колдоо көрсөтүлсө, алар көптөгөн долбоорлорду ишке ашыра алышат», – деп белгиледи.

Долбоордун ата мекендик компания тарабынан жүзөгө ашырылуусу өлкөдө жогору технологиялык объектилерди куруу боюнча квалификация жана тажрыйба бар экендиги жөнүндө күбөлөп турат.

– Нурланбек Асанкариевич, окурмандарды кызыктырган дагы бир суроо – Борбор канчалык коопсуз, бузуп кирүүнүн окуу аракеттери болду беле?

– Курулган Дата-борбор үчүн сертификаттоодон өтүү объектинин өзүндө эле Uptime Institute уюмунун адистери тарабынан краш-тест колдонулуу менен ишке ашырылды. Электр автоматы болобу, же бүтүндөй электр шкафы болобу, Дата-борбордун ар бир элементи муздак менен камсыздоо жана электр менен камсыздоо системасынын өзүнчө жабдуусу профилактикалык иштерди жүргүзүү үчүн толук өчүрүлүү имитациясына тушуктурулду, анда МТ жабдуусун эксплуатациялоо шарттары бузулган жок.

Дата-борбор Улуттук банктын маалыматтык инфраструктурасынын курамдык бөлүгү болуп саналганынан улам, хакердик чабуулдардан коргоо жалпы Улуттук банктын тармактык коопсуздугуна тиешелүү. Улуттук банктын тармактык коопсуздугу тиешелүү системалар менен камсыздалат, алар бузуп кирүүлөрдөн ишенимдүү корголууну камсыздашат. Бузуп кирүү аракеттери жетишерлик тез-тез байкалат, бирок, тармактык коргоо системалары Улуттук банктын МТ системаларын мүмкүн болуучу кирүүлөрдөн жетиштүү, ишенимдүү коргоп турушат.

Маектешкен Т.ИСХАКОВ