Жемкорлор жегенин кусат

 Январь айынын ортосунда Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө башчы коррупцияга, паракорлукка катышы бар чиновниктердин жетекчилери да жоопкерчиликке тартыларын жана коррупцияга каршы күрөш токтобостугун баса белгилеген. Эми минтип бир топ паракорчулардын жүзү ачыла баштады.

Алсак, 29-январда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек башкармалыгынын директору Болот Момбеков коррупцияга тиешеси бар деген жүйө менен кармалды. Ал 143 миң сом пара алган деп шектелип жатат. Сурак учурунда ал өзүн жаман сезгендиктен ооруканага жеткирилип, кайтарууга алынды. УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Жогорку соттун Сот департаментинин мурдагы директору Рустам Ибраимовду кармады. Аталган кызматтын маалыматына таянсак, мурда катталган сотко чейинки иште Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун жана Сот департаментинин имараттарын оңдоо боюнча конкурста айрым чиновниктер оңдоо иштери боюнча келишимди түзүү үчүн жеке фирмадан ири көлөмдөгү пара алышканы тастыкталган. “Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен Сот департаментинин статс-катчысы К.С., кайсы бир башкармалыктын жетекчиси А.А. жана башкы адис Г.Ж., инженер Ж.Т. кылмыш жоопкерчилигине тартылышкан. Тергөөдө бул ишке департамент жетекчилигинин тиешеси бар экендиги аныкталды” деп билдирет УКМК. Учурда Р.Ибраимовдун адвокаты Алия Турумбекова жакталуучусунун буга эч кандай тиешеси жоктугун билдирүүдө.

Ушул эле күнү Аламүдүн районунун Октябрь айыл аймагынын башчысы Тойчу уулу Кылычты Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш мамлекеттик кызматы пара алганга шектүү деп камады. “Акипресс” агенттиги айыл өкмөт башчысы 350 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалгандыгын жарыялады. Эске салсак, Тойчу уулу Кылыч 2017-жылы 26-январда өткөн шайлоодо айыл өкмөт башчы болуп шайланган. Баса, өткөн жылы Аламүдүн районундагы Октябрь айылдык кеңешинин депутаттары жана айылдык тургундар Президентке, Башкы прокуратурага , Финансы полициясына, Аламүдүн районунун акимине кайрылуу жолдошкон. Кайрылууда Тойчу уулу Кылыч айыл өкмөтүнө караштуу 44 гектар жерди сатып жибергендиги, анын айыл өкмөт бюджетинен өз кызыкчылыгына пайдалангандыгын айтып даттанышкан. Кыңыр иш кырк жылда дегендей, муну көрүп башка мамчиновниктер эсине келишер.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”