Amazon өлкөбүз менен кызматташууга кызыкдар

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарындагы иш сапарынын алкагында Amazon Web Servicesтин өкмөттүк трансформация боюнча директору Лиам Максвелл менен жолугушту.

-Биздин өлкө санариптик технологияларды жана чечимдерди ишке киргизүү, пайдалануу жана экспорттоо чөйрөсүндө аймактык лидер болуу боюнча дымактуу максатын алдыга койду. Буга байланыштуу ийгиликтүү иштеп жаткан компаниялар менен өз ара мамиле түзүүгө жана мыкты дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүү максатында бир нече багыттар боюнча кызматташууну камсыз кылууга даярбыз. Максатыбыз – өлкөнү аймактык өнүктүрүү борбору, региондогу электрондук коммерция хабы катары таанытуу. Биз республикада Amazon компаниясынын ДАТА-борборун жайгаштырууга, стартаптарды колдоо жана IT-адистерин даярдоо, окутуу чөйрөсүндө өнөктөш болууга кызыкдарбыз, — деди М.Абылгазиев жолугушууда.

Өз кезегинде Amazon Web Servicesтин өкмөттүк трансформация боюнча директору Лиам Максвелл компаниянын кыргыз тарап менен компаниянын кызматташуусунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө кубанычта экенин белгиледи.

С.ОРОЗОБЕКОВ