Коррупцияны кыскартууда коомдук кеңештердин ролу чоң

2010-жылы ал кездеги Президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана агенттиктерге тиешелүү байкоочу кеңештер түзүлгөн, алар көз карандысыз коомдук институционалдык жамаат болуп иш алып баруусу максатталган. Анткени, өлкөдөгү эки революциянын бышып жетилишинин башкы себеби да үй-бүлөлүк, кландык коррупциялашкан бийликтерге элдин протест жасап, каршы туруусунан келип чыккан. Байкоочу кеңештер түзүлүп, алгачкы жолу иш баштаганда айрым мамлекеттик структуралардын аларды теңсинбеген бут тосуулары да боло келди. «Булар мамлекеттик органдын ишин кайталаган экинчи бийлик болуп калышат. Ишибизге кийлигишет» дешкен.

Санариптештирүү — паракорлукка бөгөт

Ал эми 2014-жылдын май айында мамлекеттик органдардын байкоочу кеңештери – коомдук кеңештер болуп кайрадан түзүлүп, жаңы мыйзам кабыл алынган. 2020-жылы Кыргызстанда коомдук кеңештердин түзүлгөнүнө 10 жыл толот. Азыркы күндө 22 мамлекеттик органдын коомдук кеңеши иш жүргүзүп жатат. Ошону менен бирге учурда 11 мамлекеттик органда коомдук кеңештер түзүлгөн эмес.

Өткөн аптада «Ала-Арча» резиденциясында «Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын арттырууда мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин ролу» аталыштагы жыл сайын өткөрүлүүчү конференция болду.

— Эл мамлекеттик органдарга караганда коомдук уюмдарга көбүрөөк ишенерин ачык айтабыз. Биз үчүн ачык жарандык коомдун орду абдан маанилүү, — деп белгилеген Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев

Өкмөттүн экономика жаатындагы жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат берди. «Эки жылдын ичинде ИДП 70 млрд. сомго көбөйдү. Мурда ал 20-30 млрд. сомдун тегерегинде болчу. Биз 2019-жылдын аягында ИДПнын өсүшүн 5,1 пайызга жеткирүү максатын койгонбуз. Бирок, «Кумтөрдөгү» күтүлбөгөн кырсыктын кесепетинен декабрь айы ал жакта иш токтоп калганын билесиздер. Жыйынтыгында ИДПнын өсүшү 4,5 пайыз менен чектелип калды. Ушул эле факт өлкө экономикасы өнөр жай тармагына канчалык көз каранды экенин көрсөтүп койду. Эң башкысы – өлкөнүн өнөр жай тармагы өнүгүп бара жатат. Жогорудагы 70 млрд. сомдун ичинен өнөр жайдын үлүшү 47 млрд. сомдон ашык. 2019-жылы республика аймактарында 477 ишкана ачылды. Анын ичинен 20га жакыны ири ишкана. Булар кеминде 300-400 орундуу жумуш орду менен ачылгандары. Ушундай темп менен жүрүп отурсак, «Кумтөрдүн» экономикага берип жаткан үлүшүнө көз карандылыгыбыз акырындап жоюлат, — деп белгиледи.

Өкмөт башчынын айтымында, тышкы карыздарды төлөө боюнча мамлекет багыттуу иштерди жүргүзүп жатат. Өткөн жылы республикалык бюджеттен тышкы карызга 200 млн. доллар, ички карызга 200 млн. доллар төлөнүп берилген. 2025-жылы тышкы карызды төлөө 400 млн. долларга барат. Мамлекет ушул маселелерди жөнгө салышы керек. «2019-жылды 7,7 млрд. сом калдык менен жаптык. Былтыркы жылга салыштырмалуу акча каражаты эки эсе көп калды. Бул каражатты аймактарды өнүктүрүү, социалдык маселелерди чечүү багыттарына жумшайбыз.

Коррупциялык кылмыштар лицензия берүүчү тармактарда көп кездешип жатат. Мисалы, тоо кен тармагында бул чоң көйгөйгө айланган. Ал эми бизнеске тиешеси бар сертификат берүүчү, пенсия чектөөчү, банктан кредит алуу ж.б. сыяктуу тармактарда коррупциялык көрүнүштөр көп кездешип жатат. Жемкорлук көйгөйүн чечүү үчүн Президент С.Жээнбеков санариптештирүүнү тезинен турмушка ашырууну талап кылууда. Өлкөдө санариптештирүү жапырт ишке ашырылганда мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин ишинде да бир кыйла жеңилдиктер пайда болору шексиз», — дейт Премьер-министр.

Фискалдаштырууга жарандык коомдун жардамы керек

Өкмөт быйылкы жылы фискалдаштыруу саясатын жүргүзүүдө багыттуу, орчундуу иш алып барууну пландап жатат. Мына ушул жерде жарандык коомдун жардамы абдан керек. Өкмөт башчынын айтымында, кээ бир тармактарда көмүскө экономиканын үлүшү 50 пайызга чыккан. Ал эми жалпысынан алганда өлкө экономикасынын 24 пайызы көмүскөдө. Мисалы, тоо кен тармагын алалы. Алтын казуу боюнча лицензияны башта 300 сомго алып, колдон колго өткөрүп сатып отуруп, эч иш аткарылбаган бойдон миллиондогон долларга кайра саткан фактылар кездешет. Лицензияны кайра кайтарып алуу сот аркылуу ишке ашырылат. Жемкорлуктун бул сыяктуу тамырлаган системасын жок кылуу үчүн адам факторун жоюп, санариптештирүүнү тездетүү эң маанилүү. Мыйзамсыз жол менен байып, миллиондогон каражатты айландыргандар кирешесин жашырып, чакан күркө кармаган адам төлөгөн салыкты төлөп жаткандары толтура.

Ушундай жагдайлардан улам, Премьер-министр М.Абылгазиев мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин өкүлдөрүн фискалдаштыруу жаатындагы Өкмөттүн иштерине активдүү катышып берүүгө чакырды. Миллионерлердин фискалдаштыруу саясатына каршы туруучу мүмкүнчүлүктөрү толтура. Аларда акча булактары көп. Ал турсун медиа каражаттары аркылуу таасир тийгизүүчү, эксперттерди сайратып коюп, өзүнүн байлыгын коргоого алуучу механизмдери арбын. Өкмөт башчынын билдиргенине караганда көмүскөдө иштегендерди ачыкка чыгаруу аркылуу жыл сайын 15 млрд. сомго жакын каражатты бюджетке түшүрүүгө болот. А чынында учурда 35-40 млрд. сомдун тегерегиндеги каражат көмүскө эконономикага иштеп жатат. Бери дегенде ушунун 50 пайызын ачыктап алуу аркылуу жер-жерлердеги социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө болот.

«Кыргызстанда бала бакчанын тартыштыгынан 400 миңге жакын бөбөк бала бакчага бара албай жатат. Авариялык мектептер көп. Өткөн кылымдын отузунчу жылдары таш жана баткак менен салынган мектепте окугандар бар. Эки жылдын ичинде өлкөдө 200гө жакын мектеп жана бала бакча курулду. Аймактардагы ооруканаларда заманбап шарттар жетишпегендиктен жарандарыбыздын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга келип дарыланууга муктаж. Биз кредиттерди өлкө экономикасын өнүгүү жолуна сала турган, кредиттерди кайра кайтарууга жөндөмдүү тармактарга алышыбыз керек. Үстүбүздөгү жыл – элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган саясатты ишке ашыруунун жылы болот.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына ылайык «2020-жыл – аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» болуп жарыяланды. Балдарыбыз билим алуу рыногунда атаандаштыкка туруштук берүү үчүн эң кеминде үч тилди үйрөнүүсү, жаңы технологияларды жетик өздөштүрүшү абзел. Биз күчтүү жаңы муунду тарбиялоого милдеттүүбүз», — деди М.Абылгазиев.

Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин ишмердүүлүгү бир кылка эмес. Айрымдары өз милдеттерине олуттуу мамиле жасашса, кээ бир коомдук кеңештердин мүчөлөрү өз учурунда жыйынга келбей көңүлкош иш жүргүзүшөт. Конференциянын жүрүшүндө Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин коомдук кеңешинин төрагасы Турусбек Асаналиев менен маектештим.

— С.Жээнбеков Президенттик кызматка келер замат коррупцияга каршы күрөшүүнү эң орчундуу милдет катары койгон. Эки жылдан бери өлкөдө жемкордукка каршы күрөш токтогон жок. Ал эми коомдук кеңештер эки жылга шайланат. Бул убакыттын ичинде көп иштерди жасап жиберүүгө убакыт да, мүмкүнчүлүк да жетише бербейт. Министрлик биз берген сунуштарды ары түртүп, көз жаздымда калтырып коё элек. Бир тобун аткарууга аракет кылып келе жатат. Албетте, айрым көйгөйлөрдү четтетүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мисалы, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Василевка айылында жайыттарды талашуу чыры чечиле элек. Министрликке караштуу Дыйканчылык жана илим изилдөө институтунун иши абдан начарлап, артка кеткен. Институттун директору Жамин Акималиев аксакалды сыйлайбыз, бирок… Ал жерде бироктор көп. Жаңылануу жок. Биз коомдук кеңештин мүчөлөрү ал жердеги жагдайды чечүү боюнча сунуш берип жатабыз, — дейт Т.Асаналиев.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»