Өкмөт башчы суроолорго так жооп берди

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, бир катар өзөктүү маселелерди ачыктады.

Аэропорттор менчиктештирилбейт, алар тышкы башкарууга берилет

Өкмөт башчы учурда аэропорттордун мындан ары өнүгүүсүнүн моделинин үстүндө иштеп жаткан Эл аралык финансы корпорациясы 2019-жылы тандалганын белгиледи.

-Аэропорттордун өнүгүү моделинде инвестициянын көлөмү, салык сындуу параметрлер көрсөтүлөт. Бул модель Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет, андан кийин, тышкы башкарууга бериле турган компания тандалат. Муну менен аэропорттор менчиктештирилбейт. Бул эл аралык тажрыйба, — деди М.Абылгазиев.

Мамлекеттин кызыкчылыгы жогору болушу керек

-Жергиликтүү тургундардын арасында Ат-Башы айылындагы логистикалык борбордун курулушу тууралуу биз тараптан ар кандай түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Биз алар менен сүйлөшүү жүргүзүлгөндүктөн Ат-Башы эли бул курулушту колдойт деп толук ишеним менен айта алабыз. Жаштар азыр туруктуу киреше ала турган жерде иштегиси келет. Бул маселенин терс багытта болгону бир 20-30 адам көтөрүп, элди дүрбөтүп жатат. Долбоорду дыкат билбеген адамдар гана алардын чакырыктарын колдоп жатышат. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, мүмкүнчүлүк бар болсо сиздер да эл менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, долбоордун маанилүүлүгүн айтып берүүңүздөрдү суранып кетет элем, — деди Премьер-министр.

Анын айтымында, бул долбоорго 280 млн. долларын салып жаткан инвестор «Нарын» Эркин экономикалык аймагынын субъекти болуп эсептелет, андыктан ал тиешелүү мыйзамдын негизинде иш алып барат.

-15 миң иш оруну жөнүндө сөз болуп жатат. Азыркы тапта аймактык администрацияда ал борборго жумушчулардын тизмесин түзүп жатышат. Орточо эсептегенде, 10 миң иш орун дейличи –15 миң сом айлык акысы менен, ошондо эле ай сайын 150 млн. сом бөлүнөт экен. Бул жаман эмес да. 17 жылдан бери ушул аймакка борбор курулат деген сөз болуп келүүдө, бирок азыркыга чейин бул сөз ишке ашырыла элек, — деди өкмөт башчы. Премьер-министр белгилегендей, логистикалык борборду куруу — аймактардын өнүгүшүнө, инвестицияларды тартууга, өндүрүштү түзүүгө, транспорттук инфраструктураны оңдоого, туризм жана санаториялык чөйрөнү жакшыртууга түрткү болот.

Фискалдаштыруу – ачык экономиканы колдоо

Өкмөт башчы белгилегендей, фискалдаштыруу көп күч-аракетти талап кылган татаал маселе.

-Фискалдаштыруу – мыйзам чегинде иштеген ишкерлерди биз колдошубуз керек дегенди билдирет. Бул аткезчилик, контрафакт жана көмүскө экономика менен күрөш. Көп күч-аракет жумшоо керек. Бизди бизнес чөйрөсү, эл колдошу кажет. Бул таза жана ачык экономиканы колдоо боюнча жалпы элдик акция болушу керек. Биз экономикабыз туура багытта кетиши үчүн мыйзамга ылайык пландуу, тыкыр иштерди жүргүзүүгө ниеттенүүдөбүз, — деди ал.

Премьер-министрдин айтымында, өлкөдө 22 млрд. сомго жеңилдик берүү боюнча мыйзамдар бар, анда беренелер көп, айрым тармактар бажы төлөмдөрүн жана салыкты төлөбөйт.

Мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган унаа камсыздандырылат. Калк пайдаланган башка түрдөгү унааларга карата милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүү колго алынат.