Айылдык кеңеш төрагалары базалык эмгек акы алышат

Премьер-министр М. Абылгазиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча кеңешме өткөрүп, айылдык кеңештерде акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө, тагыраак айтканда, калкы 20 миңден ашкан айылдык кеңештердин төрагалары үчүн бекитилген бир айлык базалык эмгек акы берүү боюнча Өкмөттүн токтомуна кол койду.
 Мындан тышкары Өкмөт башчы кол койгон документке ылайык, калкы алты миңден ашкан айылдык кеңештердин ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн акы төлөнүүчү жооптуу катчы кызматы бекитилет. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары үчүн айлык акы 2020-жылдын 1-июлунан тарта төлөнө баштайт. Жыйындын жүрүшүндө Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өткөн жылдагы ишинин жыйынтыктары, ошондой эле жакынкы убакыттын аралыгындагы артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Анда дотациялык айыл өкмөттөрдүн санын кыскартуу чараларын жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Агенттиктин директору Бахтияр Салиев калктын бакубатчылыгына жетишүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүүгө шарттарды түзүү боюнча чаралар тууралуу айтып берди.

С.ОРОЗОБЕКОВ