Борбор Азияда жасалган биринчи операция

2019-жылы Президенттин иш башкармалыгына караштуу ооруканада Борбор Азия боюнча биринчи жолу боорду аутотрансплантациялоо (адамдын өзүнүн боорун сыртка алып чыгып кайра өзүнө жайгаштыруу) операциясы жүргүзүлгөн. 38 жаштагы Мирбек Турдалиевге бул операцияны хирургдар Расул Султангазиев, Кубанычбек Абиров кесиптештеринин жардамы менен жасашты. Дарыгерлер Мирбектин боорунун 70 пайызын кесип, боордун кан тамырларынын ордуна жасалмаларды коюшкан.

Башкы хирург, башкы дарыгердин орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Расул СУЛТАНГАЗИЕВ:

“Аппараттар болсо мындай операцияларды жасоо жеңил болмок”

– Былтыр 27-мартта альвеококкоз каптап кеткендиктен Мирбектин боорунун үчтөн эки бөлүгүн алып салдык. Бирок, жүрөккө кеткен кан тамырды кысып калган шишикти ала алган жокпуз. Операция 8 саат болду. Анан бул бала тууралуу маалыматты Индияга жөнөттүк. Ал жактан боорун алмаштырбаса болбойт, донор жана 50 миң доллар керек дешти. Андан соң бул жигит тууралуу маалыматтарды Нижний-Новгороддогу Загайнов деген тажрыйбалуу профессорго жөнөттүк. Ал “30 миң доллар менен келишсин, бирок боорун сактап калууга толук кепилдик бере албайм. Эгер донор менен келсе алмаштырып беребиз, бирок дагы акча кошосуңар”, – деди. Ошентип ал бала май айында кайра келди. Жүрөккө кетчү кан тамырды шишик кысып калгандыктан Мирбектин буттары шиший баштаптыр. Анан биз боордун ткандарын сактай турган суюктукту Түркиядан 400 долларга алдырдык. Жарым литрди балдар хирургдары жардам катары беришти. Жасалма кан тамырларды Мирбектин туугандары 87 миң сомго сатып алышты. 2-июнь күнү биз жигитти операцияга алдык.

“Боор 3 саат организмден бөлөк турду”

– Үч ай ичинде оорулуунун боору бир аз өсүп калыптыр. Боорду ордунан тазалаш кыйын болгондуктан аны толук өзүнчө ажыратып алдык. Буттан, ичегилерден келген кан убактылуу коюлган жасалма кан тамырлар аркылуу жүрөккө өтүп жатты. 3 сааттын ичинде биз алынган боордогу шишик каптап калган жараксыз тамырларды алып, анын ордуна жасалма кан тамырларды тиктик. Боорду кайра ордуна коюп жатканда буттан, ичегилерден келген кан тамырларды протез кан тамырга жеңилирээк коштук. Жүрөктөн келген кан тамыр улам жыйрылып, жазылып тургандыктан ага протез кан тамырды тиккиче жүрөк 3 мүнөттөй бош иштеп калды. Ошол кезде реаниматолог Жаныбек Сардаловичке күч келди. Биз тигип бүткөндөн кийин ал кан куюп, кан басымын көтөрүп, жыйырма мүнөттө баарын калыбына келтирди.

Операция жалпы 16 саатка созулду. Анын 3 саатын оорулуу боорсуз жашады, жалпы 5 литр кан, 5 литр плазма кетти. Операциядан кийин 4-күнү бала жакшы басып, 13-күнү аны өз үйүнө чыгардык. Азыр боор өз калыбына келди. Жасалма кан тамырлар болсо Мирбекке өмүр бою кызмат кылат. Баса, белгилеп кетсем, мындай операциялар бир эле хирургдун эмес жалпы хирургиялык бригаданын бирдиктүү иши. Мирбекке жасалган операцияда бөлүм башчыбыз, медицина илимдеринин кандидаты Кубанычбек Абировдун, анестезиолог Жаныбек Сардаловичтин, медицина илимдеринин кандидаты Азат Тогочуевдин жана операцияга катышкан врачтардын, медайымдардын эмгеги чоң. Негизи бул иштин башын Президенттин алдындагы иш башкармалыктын мурдагы жетекчиси Турусбек Коеналиев Кармышакович жана клиниканын мурдагы башкы дарыгери Сагымбаев Марат Акимович баштаган. Бүгүнкү күнү бул ишке биздин оорукананын башкы дарыгери Мусаева Гулмира Баитовна жакшы колдоо көрсөтүүдө.

“2 млн. долларга жабдыктар толук келет”

– 2014-жылы 29-октябрда да биз эжесинин боорунун жарымын бөлүп алып инисине салган операция жасаганбыз. Бала 21 күн жашаган. Ошол операциядан соң мамлекетке кандай аппараттар керек экенин айтып кайрылганбыз. Эгер ошол аппараттар келсе мындай операциялар жеңил жасалып калмак. Мирбектин операциясы да өзүбүздүн шартка ылайыкташылып жасалды. Кайрылган ооруларды сыртка жөнөтпөй эле өзүбүздө кылсак сонун болмок. Мындай болуш үчүн биздин ооруканада гравитациялык бөлүм ачылышы керек. Башкача айтканда, жаңы салынган боор иштеп кеткиче организм убактылуу боор – диализдик аппаратына кошулуусу зарыл. Перитонеалдык диализ аппараты, плазмофорез болуш керек. Анан боорду кесе турган “Куза” деген аппарат, “Гармоника” деген ультраүндүү бычак болуш керек. Оорулуудан чыккан канды чыпкалап кайра өзүнө куя турган “Сельсевер” деген аппарат болсо андан бетер жакшы болмок. Дүйнөлүк практикада азыр ушундай кылып жасап жатышат. Жалпысынан бул аппараттар 2 миллион доллардын тегереги болот. Мамлекеттин азыр буга шарты болбой жатат окшойт.

Жалпы хирургия бөлүмүнүн бөлүм башчысы, медицина илимдеринин кандидаты Кубанычбек АБИРОВ:

“Бул баатырлык эмес, аргасыздык”

– Мирбектин бооруна жасалгандай операциялар медицина тарыхында 180 жолу болгон. Борбор Азияда биринчи жолу болду. Биздин кесипте канчалык тажрыйба көбөйгөн сайын билбегенди билесиң. Бирок, даярдык болбосо мындай операцияга кирүүгө болбойт. Бул жолу бизде коркуу сезими, олку-солку ойлор болгон жок. Боордон алынган шишиктин узуну 15, туурасы 10 сантиметр болду. Жасалма тамырлардын боордон жүрөктүн кан тамырына чейинкиси 4 сантиметр, боор аркылуу жүрөккө өткөн жасалма кан тамырынын узундугу 10 сантиметр болду.

Учурда боор оорулары менен кайрылып жаткандар бар. Бирок, Мирбектикиндей оор операциялар ылайым болбой эле койсун. Бул баатырлык эмес, аргасыздык. Ветеринардык кызмат, Саламаттыкты сактоо министрлиги көп нерсени көзөмөлдөгөнгө жетишпей калып ушундай оорулар көп чыгып жатат.

Мирбек ТУРДАЛИЕВ:

“Экинчи өмүр берген дарыгерлерге ыраазымын”

– Былтыр биринчи 27-мартта, экинчи жолу 2-июлда бооруман операция болгом. Кудайга шүгүр азыр, ден соолук жакшы. Сыртта малга чөп салып, жеңил иштерди жасап жатам. Операциядан кийин ай сайын ооруканага барып көрүнүп жүрдүм. Азыр дары ичип үйдөмүн. Мени аман алып калышкан Расул Султангазиевге жана анын жанындагы дарыгерлерге абдан ыраазымын.

Малика ТУРДАЛИЕВА:

“Каражаттан улам сыртка чыга албадык”

– Биздин дарыгерлер Кытайга барып операция кылдырууну сунушташты. Сурасак, операция 50 миң доллар болот экен. Башында кытай дарыгерлери Бишкекке келип жасоого макул болушкан. Мирбектин диагнозун көрүшкөн соң аны Кытайга алып келгиле дешти. Көрсө, альвеококкоз боордун тамырларын чырмап калыптыр. Кытай хирургдары Кыргызстандагы аппараттар менен аны тазалоого мүмкүн эместигин айтышты. Сырттан операция кылдырганга шартыбыз жогун билгенден кийин гана биздин хирургдар операция жасоону чечишти. Кудайга, дарыгерлерге миң мертебе ыраазыбыз.

Жалпысынан Мирбектин биринчи операциясына 3 миң доллардай, экинчисине 4 миң доллар кетти. Врачтар бизден ашыкча акча талап кылышкан жок. Аларга аябай ыраазыбыз. Мирбек ооруканадан чыгып жатканда “Мирбек биздин биринчи космонавтыбыз, аман болсун”, –дешип иниме калпак, кийим кийгизип узатышты.

Азыр албендазол деген дарыны абысыным Индиядан эки айда бир алып келип берип жатат. Дарыгерлер бул жактыкына караганда Индияныкы жакшы дешкен. Эми аны Мирбек төрт-беш жыл ичет. Боордо ийненин көзүндөй эле альвеококкоз калып калса кайра өсө берет экен. Ошон үчүн профилактика иретинде дарыны үзбөй ичиш керек экен. Эми февраль айында кайра барып көрүнөбүз. Инимдин каны суюлуп кетип, майыптыкка чыгарышкан, кулагы да жакшы укпай калган. Майыптыгы боюнча 1500 сом алчу. Бооруна операция жасалгандан кийин ВТЭКке кайрылсак I топтогу майып категориясына чыгарышты. Ошондо мурунку пенсиясына 500 сом гана кошулду. Бул акча Мирбектин бир жумалык дарысына да жетпей калат. Инимдин келинчеги кетип калганда балдарды атасы бага албайт, балдар үйүнө алып кетебиз дешкенинен балдарын өзүмө каттатып алгам. Айыл жеринде тургандыктан эки-үч гектардай жерибиз, бир-эки уй, жыйырмадай коюбуз бар. Мамлекет кирешеңер жетет экен деп Мирбектин балдарынын жөлөкпулун кыскартып коюшту. Экөөнө 810 сомдон чыккан эле, эми аны да албай калдык. Мирбек ооруганда ошол сегиз айдын жөлөкпулун да жумшаганбыз…

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”