Текебаев менен Чотоновдун соту белгисиз мөөнөткө жылды

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кароо белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Ага Чотоновдун жактоочусу анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Биринчи май райондук сотунун аныктамасын көзөмөлдөө үчүн Жогорку Сотко арыз менен кайрылгандыгы себеп болду.

Көзөмөл иши аяктагандан кийин процесс Биринчи май райондук сотунда кайрадан уланат.

Эске салсак, 8-июнда өткөн сот отурумунда Дүйшөнкул Чотоновдун жактоочулары ага байланышкан кылмыш иши тергелип бүткөнүн жана анын сотторго басым кыла тургандай кызматта болбогонун негиз кылып баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтиришкен. Бирок, сот бул өтүнүчтү канааттандырган эмес.

Булак: «Марал»