Данияр АБДЫЛДАЕВ: Аэропортторубуз жакшырбаса атаандаша албайбыз»

Бүткүл дүйнөлүк банктын структуралык тобунун мүчөсү болгон Эл аралык финансы корпорациясы “Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк” мыйзамы аркылуу түрдүү тармактагы долбоорлорду иштеп чыгып, турмушка ашырууда ондогон мамлекеттердин өкмөттөрүнө консультацияларды берип келе жатат. Айрыкча анын аэропортторду куруу же анын инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча тажрыйбасы мол. Аталган уюмдун глобалдык инвестициялык коомчулук менен үзгүлтүксүз алака-катышы бар болгондугуна байланыштуу аэропортторго инвестиция тартууда чоң артыкчылыкка ээ. ЭФКнын жардамы аркылуу Иордания, Түркия, Грузия, Бразилия, Хорватия, Греция, Армения, Нигерия жана Россиянын аэропортторуна инвестор келип, инфратүзүмүн заманбап талапка ылайыктоого зор салым кошулган. Ал акыркы жыйырма жылдын ичинде дүйнөнүн 102 өлкөсүндө 360га жакын келишимди даярдап, турмушка ашырууга көмөк көрсөттү. ЭФКнын жогорку квалификациялуу командасы Кыргызстандагы аэропорттордун инфратүзүмүн оңдоп куруу боюнча кызматташуунун алдында турат. Мына ушул жагдай боюнча кабарчыбыз Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик -жеке өнөктөштүк борборунун директору Данияр Абдылдаев менен курган маегин сунуштайбы.

– Данияр Исаевич, Эл аралык финансы корпорациясы биздеги аэропортторду модернизациялоодо Өкмөт менен кызматташарын уккан айрым жарандар “аэропорттор чет элдик инвестордун карамагына биротоло өтүп кетет” деген чочулоосун айтып жатышат. Ушуга карата пикириңизди билдирсеңиз.

– Кыргызстанда 11 аэропорт бар. Анын бешөөсү эл аралык макамга ээ. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк мыйзамынын алкагында аэропортторго инвестиция тартуу маселеси азыр эле чыга калган жок. Бул жаатында 2014-жылдан бери аракет көрүлүп келе жатат. Чет өлкөгө чыккан ар бир жаран Кыргызстандын аэропорттору менен башка мамлекеттердикин салыштырып көрөт болуш керек. Өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан бери бул тармакты жакшыртууга азын-оолак иштер жасалганы менен эл аралык талаптарга шайкеш келген чоң масштабдуу жаңылануу боло элек. Азыркы күндө Өкмөт өлкөнүн чоң жана чакан аэропортторунун инфратүзүмүн эл аралык стандартка шайкеш келтирүү боюнча аракеттерди көрүп жатат. Ошол иштерди колго алуу максатында 2019-жылдын февраль айында Өкмөттүн буйругу менен Биринчи-вице-премьер-министр К.Бороновдун төрагалыгы астында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Анын курамында Экономика министрлиги, Транспорт жана жол министрлиги, Мамлекеттик мүлк фондусу, “Манас” аэропортунун жетекчилиги, көз карандысыз эксперттер, парламент депутаттары, бизнес-ассоциациялар ж.б. мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын өкүлдөрү кирген. Ошол жумушчу топтун чечими менен 2019-жылдын декабрында аэропорт жаатындагы долбоорлорду даярдоого ЭФК тандалып алынган.

– ЭФКнын инвестор тартып, аэропортторду куруудагы буга чейинки тажрыйбасы эске алынса керек?

– Ооба, ведомстволор аралык жумушчу топ бир нече критерийлер менен карап чыккандан кийин ушундай жыйынтыкка келди. ЭФКнын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу аэропорттордун инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн жеке инвестиция тартууда тажрыйбасы жетишээрлик. Ал айрым өлкөлөрдө аэропорттун бүтүндөй инфратүзүмүн, кээ бир өлкөлөрдө келишимде көрсөтүлгөн бөлүктөрүн оңдоп-жакшыртууга инвестиция тартып келип жатат. Аталган корпорация 1956-жылы түптөлгөн. Ага азыркы күндө 182 мамлекет мүчө. Көрүнүп тургандай, ал дүйнөлүк масштабдагы абройго ээ уюм. Бүгүнкү күндө ири капиталы бар инвесторду тартуу абдан кыйын болууда. Чоң долбоорду иштеп чыгууга министрликтердин каражаты жок. Долбоордун уюштуруу иштерин, масштабын, шарттарын бекитүүгө каржылык мүмкүнчүлүктөрүбүз чектелүү. Ал гана эмес, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизимдерин колдонуп, иш жүргүзүүдөгү тажрыйбабыз жетик эмес. Ушундай жагдайлардан алып караганда, ЭФКнын катышуусунда иштелип чыккан долбоорлорго чет элдик инвесторлордун ишеними жогору экенин эске алганыбыз жөн. Жумушчу топ аталган уюмга ушундай артыкчылыктары үчүн ишеним көрсөттү. Буюрса, жакынкы арада корпорация менен Кыргызстандын тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосунда аэрпортторду жакшыртуу боюнча келишимге кол коюлары күтүлүп жатат.

– Айтыңызчы, аэропорт чет элдик капиталга модернизацияланган соң, алар  аэропортту канча жылга чейин иштетиши мүмкүн?

– Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери боюнча инвестор эң көп дегенде курган объектини 30 жылга чейин иштете алат. Долбоор ийгиликтүү ишке ашырылып, инвестордун иштөөчү мөөнөтү аяктагандан кийин ал жердеги мүлктүн баары мамлекетке өткөрүлүп берилет. Чет элдик инвестор эч нерсени менчиктештирип албайт. Айтып койчу жагдай, инвестор ири аэропортко чоң, чакан аэропортко аз көлөмдө каражат салышына жараша келишимде көрсөтүлгөн өз-өзүнчө иштөө жылдары болот. «Манас» эл аралык аэропортунун инфратүзүмү жана акциялары чет элдик инвесторго же болбосо үчүнчү тарапка берилип кетпешин так кесе айтып коёлу. Жаңыртылган жабдуулары, бардык мүлкү менен Кыргызстандын карамагында калат. Дегеле, бул корпорация жетекчиликке алган бир дагы чет элдик долбоор өз ара түшүнбөстүккө учурап, үзгүлтүк болгон окуяны уга элекпиз.

– Кыргызстан эл аралык статустагы аэропортторун жакшыртпаса региондогу атаандаштыкка туруштук бере албай калуу кооптуулугу барбы?

– Аэропорт – мамлекеттин визиттик карточкасы деп бекеринен айтылбайт. Бишкекте президенттердин катышуусундагы саммиттер, жогорку деңгээлдеги эл аралык ар кыл расмий иш-чаралар өтүп турат. Чет элдик туристтер да адегенде “Манас” аэропорту аркылуу келишет. “Эшигин көрүп төрүнө өт…” дегендей, өлкөнүн абалы аэропорттогу көрүнүштөрдөн байкала баштайт. Бүгүнкү күндө “Манас” аэропортуна бир учурда төрт эле самолёт кыйынчылык менен конуп жатат. Ал жактагы учуп-конуучу аянтты кеңейтүү зарылдыгы небактан берки келе жаткан көйгөй. Эгерде “Манас” аэропортун эл аралык стандартка ылайык келтирбесек, кошуна республикалардын аэропорттору жыл сайын жакшырып, а биздин аэропорттор өнүкпөй кала берет. Ошондуктан регионалдык атаандаштыкка туруштук берүүсү үчүн кечиктирбей аракет көрүшүбүз керек.

2018–2040-жылдарга КРны өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында өлкөбүздүн географиялык шартын эске алып, аэропортторду жакшыртуу милдети тагылган. Андан тышкары, “Манас” аэропорту Түштүк-Чыгыш Азия менен Европаны байланыштырып, логистикалык кызмат көрсөткөн авиациялык хаб, транзиттик карго борборуна айланышы керек. Бул милдеттер Өкмөттүн “Биримдик, ишеним жана жаратмандык” программасында камтылган. 2018-2022-жылдар аралыгында “Манас”, “Ош”, “Тамчы” аэропорттору модернизациялоодон өткөрүлүп бүтүшү керек. Ушул максаттар ишке ашырылса өлкөнүн тышкы да, ички да аба каттамдарынын саны өсүп, сапаты жакшырат. “Манас” аэропортун модернизациялоону кечиктирбешибиз керек. Анткени, өлкөбүздүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жоктугу аз келгенсип, “Манас” аэропортунун инфратүзүмү эскирип, кызмат көрсөтүүсү начар бойдон калып келүүдө.

– Маегиңизге рахмат.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу