Валентина ШЕВЧЕНКО: «Силердин сүйүүңөр мага дем берип турат»

Кыргыз элинде туулган жерди кастарлап Мекен, киндик кан тамган жер, Ата журт деп ар кандай айтып келебиз. Дегенибиз, учурда улуту кыргыз болбосо да Кыргызстанды жанындай сүйүп, аны жүрөгүнүн тереңинде аздектеп, Мекеним деп сыймыктанып жүргөн, кандай бийиктикке жетишпесин аны туулган жеринин ийгилиги катары санаган атуулдарыбыз арбын. Ошондой сыймыктуу инсандарыбыздын алдыңкы катарында турган, дүйнө чемпиону Валентина Шевченконун өмүр бейнесин ачып берели дедик.

Көзгө атар Валентина

Валентина Шевченко1988-жылы 7-мартта Кыргызстанда жарык дүйнөгө келген. 5 жашынан таэквондо секциясына барган кызды тажрыйбалуу устат Павел Федотов машыктырган. “Менин ийгиликтеримдин баары машыктыруучумдун эмгеги” деп Валентина азыр да көп жерде айтып келет. Мушкердин айтымында, Федотов эжеси Антонина экөөнөн дасыккан мушкерлерди эле эмес, күчтүү, өзүнө ишенимдүү адамдарды тарбиялап чыгарган. Валентина Россияда азыраак жашап, кийин Перуга атайын чакыруу менен кеткен. 2008-жылы анын үй-бүлөсү Перунун Лима шаарына көчүп барган. Азыр ал Перуну экинчи мекеним деп эсептейт. Кикбоксинг, муай-тай, мушкердик искусстволор боюнча дүйнөлүк чемпионаттарда 17 жолу жеңишке жетишкен Валентина күчтүү мушкер эле эмес, дзюдо боюнча кара курдун ээси, көзгө атар мерген жана таланттуу бийчи. Тапанчадан таамай атканды мыкты өздөштүрүп, октой тез кыймылдагандыктан мушкерге кезинде машыктыруучусу «Ок» деген каймана ат ыйгарган. 2013-жылы ал Перуда өткөн ок атуу мелдешинде экинчи болгон. Кийин өлкө чемпионатында карабин, винчестер, тапанча менен чеберчилигин көрсөтүп, коло медалга да ээ болот. Бул мелдеште ал эркектер менен күч сынашкан. Мушкер азыр да бош убактысында мылтык атканды жакшы көрөт.

Жеңиштен кийин бий

Кыргызстандын Тай бокс федерациясын жетектеп, тхеквондо боюнча кара курдун ээси болгон Валентинанын апасы Елена Шевченко кызынын назигирээк болушун каалап аны бий секциясына жиберип турган. Учурда Шевченко сиңдиси Антонина экөө фламенко, лезгинка жана цыган бийлерин абдан жакшы бийлеп, бий боюнча да сабак беришет. Азыр “Кыргызстандын баатыр кызы” ар бир жеңишинен соң рингде бийлеп койгонду адат кылып алган. 2018-жылы 9-декабрда Йоанна Енджейчикти жеңип алганда лезгинка бийлеп көрүүчүлөрдү шаңга бөлөгөн. Бул беттештен соң ал күйөрмандарына англисче, испанча, орусча жана кыргызча ыраазычылыгын билдиргени бар. Анын “Урматтуу достор силердин беттешүү алдындагы колдооңорго, жылуу пикирлериңерге рахмат. Боордош Кыргызстанымдагы күйөрмандарыма салам. Чоң рахмат, Кыргызстан алга!” дегени миңдеген кыргызстандыктардын жүрөгүн жылытканы талашсыз. Ошол жеңиштен кийин ал UFCнин алдыңкы 15 спортчусунун катарына кирген.

Спорттон режиссёрлукка

Валентина Кыргыз искусство институтунда режиссерлук адистикке окуп, “Отко” жана UFC (Абсолюттук мушкердик чемпионат) тууралуу документалдык фильмдерге да тартылган. Алсак, “Басмырланган кыз” аттуу тасмага Шевченко менен бирге башка тажрыйбалуу мушкерлер – джиу-джитсу эл аралык федерациясынын мүчөсү бразилиялык Габриэль Гарсия, UFCнин жеңил салмактагы биринчи аял чемпиону Аманда Нуньес, америкалык актриса Хелли Берри тартылган. Быйыл 9-февралда Хьюстондо өткөн беттештен соң Хелли Берринин Валентина Шевченкону куттуктап, “муну менин кызым жасады” деп жар салганы мекендешибиздин жеңишине актрисанын кайдыгер эмес экенин көрсөттү. Баса, Шевченконун качандыр бир кезде режиссёрлук менен алектенем деген максаты бар.

“Кыргызстан бардык жеңиштериме негиз болду”

Валентина кайда болбосун кыргыз эли, кыргызстандыктар тууралуу өзүнүн жылуу пикирин айтып келет. Өткөн жылдын 8-апрелинде Бишкекте болгон маалымат жыйында ал «Кыргызстан бардык жеңиштериме негиз жана дем берди. Бул жакта машыгып жүргөндө мага жана эжеме атаандаш табуу кыйын болду. Машыктыруучум Павел Федотов өсүү керек экенин сезип, Россияга бардык. Бирок ал жерде да ушундай болду. Андан кийин Перуга көчүп бардык. Бизге жакшы база түзүп беришти. Ал жердеги адамдарга мастер-класстарды өткөрдүк. Перуда машыгуу, жашоо жакшы болгондуктан биз ал жакта биротоло калып калдык», – деген. Чынында, Валентина Кыргызстандан сыртка чыкпаса азыркы деңгээлге жетет беле, жетпейт беле, ким билет?

Валентинанын бала чагы

2019-жылы ал Бишкекке келип, андан соң Ош шаарына барган. Эл менен жолугушуу учурунда ал “Мен сегиз жылдан соң өз үйүмө – Бишкекке, Кыргызстанга келип отурам. Силердин сүйүүңөр, колдооңор үчүн ырахмат. Ар бир беттешке чыкканда силер менин жүрөгүмдөсүңөр. Силердин сүйүүңөр мага дем берип, утушума шарт түзүп турат” деген. Кэтлин Чукагян менен беттешер алдында да журналисттерге жооп берип жатып Шевченко Кыргызстан жарандары чынчыл экенин билдирип, АКШнын визалык чектөөсү боюнча оюн билдирди. “Бул чектөө кыргыз жарандарына эмес, технологияга байланыштуу го. Кыргыз эли абдан айкөл жана жакшы эл” деп дагы бир ирет мекендештерине болгон урматын билдирди. Ушундай жылуу пикирлерин Валентина ар бир беттеш алдында жана башка учурларда да айтып келет.

“Мушташ өнөрү – менин жашоом»

“Чемпион болуш үчүн бардык жактан өзүңдүн мыкты экениңди көрсөтүшүң керек. Ал үчүн сен болоттой курч мушкер болушуң кажет. Буттарга келсек, чемпион муай-тай боюнча дасыккан мушкер болуусу зарыл. Башкача айтканда, ал универсал болушу керек. Мен дайыма каршылашымдын ар бир майда-барат нерсесине чейин билгенге аракет кылам. Мушташуу искусствосу мен үчүн жөн гана акча таба турган жумуш эмес. Мушташ өнөрү – менин диним, жашоо образым, менин философиям, менин бардык нерсем», — дейт кыргыз желегин жеңиштеринде желбиретип келе жаткан дүйнө чемпиону Валентина Шевченко. Баарынан кызыгы, Валентина Кыргызстанга келгенде аны салатанатуу тосууга мамлекеттик кызматтагылар, спортчулар, күйөрмандар жана карапайым эле адамдар да толтура барышты. Валентина отурган машинаны мотоциклчилер менен Lexus LX570 жол тандабастары колонна болуп коштоп жүрүштү. Президент Сооронбай Жээнбеков ага “Даңк” медалын тапшырып жатканда да карапайым адамдар барып катышышкан. Бул салтанатка Валентинаны көрүп, колун кысып коюш үчүн Нарын шаарынын троллейбус айдоочусу атайын келгени да кызык. Мунун өзү мекендеш чемпионубузга болгон чоң сый, урмат. Валентинанын айтымында, ага ар күн сайын жүздөгөн кыргызстандыктар интернет аркылуу салам айтып, каалоо-тилектерин айтып турушат.

Валентина тууралуу кызыктар:

  • Валентина 12 жашында 17 жаштагы атаандашы менен беттешкен. 14 жашка чыкканда 25 жаштагы казак мушкерине каршы чыгып утуп алган.
  • Чемпион кыз инстаграммдагы баракчасына күн алыс жакшы жаңылыктарын, видеолорун, сүрөттөрүн жайгаштырып турат.
  • Анын инстаграмм аккаунтунда 700 миңден ашык катталуучусу бар.
  • Бий, спорттон сырткары Валентина сүрөт тартып, гитарада ойнойт.
  • 2006-жылы ал кыргыз улуттук оймолору менен шөкөттөлгөн Тай бокс федерациясынын эки илбирс түрүндөгү эмблемасын ийинине чектирген. Бул татиуровканы азыркыга чейин ал колдоочу тумары катары эсептейт.
  • Валентина Кыргызстанда жүргөндө каратэ, кикбоксинг, таэквондо, ушу-саньда, дзюдо, эркин күрөш, улуттук кулатуу боюнча мелдештерге катышкан.
  • Мекендешибиз UFCнин эң күчтүү 15 мушкеринин катарында.
  • Ал муай-тай боюнча дүйнөнүн 17 жолку чемпиону.
  • UFC 247 турниринде төртүнчү тизмеде туруп, айлыгы 270 миң доллар болду.
  • Валентина модага да кызыгат. Эжеси экөө интернет баракчаларына ар түрдүү кийимдерди кийип, кээде сууда түшүүчү кийим менен да суй- кайып чыгып калат.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”