Бизнеске шарт түзүлөт, бирок алар да жоопкерчилигин унутпасын

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук Кеңештин өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитетинин экинчи жыйынында бизнеске болгон мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү зарылдыгын бардык мамлекеттик органдардан талап кылды. Ошол эле учурда бизнестин элдин алдындагы жоопкерчилигин да эске салды. Ал эми ишин жылдыра албай жаткан жетекчилерди “бизди да кыйнабай, өзүңөрдү да кыйнабай кетпейсиңерби” деди. Бул сөзүн ал Мамкурулуш башчысы Бактыбек Абдиевге багыштады. “2017-жылдан бери иштегениң менен жыйынтык жок. Кыргызча айтканда чөнтөгүм толсун деп коюп отура бересиңерби?”,- деп катуу айтты.

Орто жана чакан бизнести өнүктүрүү үчүн — өндүрүш зоналарын түзүү керек

Жыйындын жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков өндүрүш зоналарын түзүү –орто жана чакан бизнести, өндүрүштү өнүктүрүүнүн негизги инструменти болуп санааларын, тилекке каршы бул тууралуу көп айтылгандыгына карабастан, Өкмөт, жергиликтүү бийлик бул багытта алгылыктуу иш алып баралбай жаткандыгын белгиледи: «Эркин экономикалык зоналардын концепциясын толугу менен карап чыгып, эркин индустриалдык зоналар боюнча жаңы мыйзам базасын тез арада сунуштоону күтөбүз».

Айталы, туризм кластерин колдоо максатында туристтик зоналар түшүнүгүн мыйзам түрүндө киргизип, толук преференцияларды жана стимулдарды камтыган инструменттерди сунуштоо зарылдыгын көрсөттү. Ошондой эле соода-өндүрүш палатасынын иштөө принциптери толук реформалоого муктаждыгын жана бул институт өзүнүн вазийпасын аткара албай жатканын белгилеп, мындай деди: «Иш жүзүндө бул палата — бизнес биримдиктердин жалпы кызыкчылыктарын ар кайсы аренада коргой ала турган, улуттук экономиканы алга сүрөгөн күчтүү уюм боло алган жок».

Курулуш, экспертиза боюнча Бирдиктүү терезе быйыл киргизилет

Мамлекет башчы 2020-жылы курулушка уруксат берүү жана экспертиза чөйрөсүндө бирдиктүү терезе принцибин толук кандуу ишке киргизүү, салык процедураларын жөнөкөйлөтүү, салыктык процедураларды фискалдаштыруу, электрондук счет-фактураларды жана онлайн контролдук кассалык машиналарды киргизүү талабын койду. «Электрондук кол тамганы колдонууга кеңири киргизүү маселесин тез арада бизнес менен биргеликте чечүү талап кылынат. Мындан тышкары, лицензия жана уруксат берүү багытындагы реформаларды улантып, аларды автоматташтыруу тапшырмасы коюлат»,- деди Президент.

Ошондой эле бул иш аткарылбагандыктан, курулуш тармагындагы тоскоолдуктардан улам, курулушка уруксат алуу боюнча Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга, 70 позицияга ылдыйлап кеткенин айтып, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин сынга алды.

Экономикалык кылмыштар үчүн сөзсүз эле камап койбош керек

Укук коргоо жана сот органдары менен бизнестин ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн төмөнкү реформаларды ишке ашыруунун зарылдыгын белгилеген Мамлекет башчы, Башкы прокуратурага тиешелүү мыйзамдык өзгөрүүлөрдү киргизип, кылмыштуулукту алдын алуу механизмдерин өнүктүрүү тапшырмасы берилерин, экономикага байланыштуу кылмыш иштери үчүн сөзсүз эле камап койбой, экономикалык механизмдерди колдонуп, чыгымдарды калыбына келтирүү менен жоопкерчиликке тартуу жолдорун колдонуу зарылдыгын айтты.

«Мындан мамлекет да, жаран дагы зыян көрбөйт. Жогорудагыларды эске алып, Башкы прокуратура тарабынан текшерүүнү жүргүзүүнүн негизги принциптери, текшерүүлөрдү жүргүзгөн учурдагы чектөөлөр жана тартиптер так бекитилиши керек. Ишкерлер менен текшерүүчү органдардын ортосунда фильтр болуп, прокуратура органдары негизсиз текшерүүлөргө жол бербөөсү талап кылынат. Сот системасында каралып жаткан инвестициялык чыр-чатактарды жөнгө салуу механизмдери жакшыртууну талап кылат. Соттук реформанын алкагында адистештирилген соттордун жана сотко чейинки өндүрүш практикасын киргизүүгө мезгил жетти. Соттордун адилет чечим чыгаруусун камсыздоо жана айрым экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруу абзел», — деди Президент.

Андан ары Жогорку соттун пленуму тарабынан соттук тажрыйбаны жалпылаштыруу жана мыйзамдарды колдонуунун бирдейлигин камсыз кылуу талап кылынаарын, жүрүп жаткан соттук-укуктук реформалардын негизги максаты — бул мыйзамдуулуктун жана акыйкаттулуктун үстөмдүгүн орнотуу экенин эске салды.

117-орун – мактанарлык позиция эмес

Учурдагы макулдашуу процедураларынын өтө эле узакка созулуп жана татаалдашып кетиши — ишкерлерди жана инвесторлорду кошумча чыгашаларга кириптер кылганы аз келгенсип, инвестициялык долбоорду ишке киргизүүнүн мөөнөтү, орточо 3-4 жылды түзүп жатыптыр. Муну белгилеген Президент, салыктагы эсептешүүлөрдүн татаалдыгына жана салык чырларынын соттордо созулуп кетишине байланыштуу Кыргызстан 2017-жылы Дуинг бизнес рейтингинде 138-орунда болгондугун, бирок акыркы эки жылдын ичинде санарип технологияларды киргизүүнүн натыйжасында көрсөткүч жакшырып – бул рейтингде 117-орунга көтөрүлгөнүн айтып, бирок, 117-орун мактанарлык позиция эместигин көңүлгө салып өттү.

Бир үйдүн долбоорун макулдашууга бир жыл кетет экен

Курулуш тармагындагы тоскоолдуктар бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын баса көрсөткөн Президент, 100 батирлүү үйдү салыш үчүн курулуш компаниясы орто эсеп менен 50гө жакын макулдашууларды түзүүгө аргасыз болуп жатканын мисал катары келтирди. «12 ар кандай экспертизадан өтүп, 100гө жакын кол чогултуу талап кылынууда. Жыйынтыгында долбоорлоо стадиясына гана бир жылдан ашуун убакыт кетүүдө», — деди ал.

Ушул көрүнүштөрдөн улам курулушка уруксат алуу боюнча Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга, башкача айтканда төрт эле жылда 70 позицияга ылдыйлап кеткендигин кошумчалаган Президент: «Бюрократияны жана коррупцияны жокко чыгаруу үчүн санариптик технологияларды тездетип киргизүү керек. Мамлекеттик органдар менен адамдын байланышын максималдуу жокко чыгаруу зарыл», — деген талабын койду.

Бизнес-ассоциациялардан жана ишкерлерден келип түшкөн арыздар

Президент бизнес-ассоциациялары жана ишкерлер укук коргоо жана мамлекеттик текшерүүчү органдар тарабынан жасалган басымдын азайбаганына, коррупцияга каршы күрөшүүнү шылтоологон укук коргоо органдары кээде аша чаап, бизнестин иштөөсүнө негизсиз тоскоолдуктарды жаратып, айрым учурда оор чараларды колдонуп, ишкерлерди камакка алып жаткандыгы тууралуу кооптонуулар, кайрылуулар түшүп жаткандыгын айтты.

«Көмүскөдө иштеп жаткан бизнести легалдаштыруунун ордуна — фискалдык органдар ак ниет иштеп жаткан ишкерлерди негизсиз текшерип, айып пулдарды салып, аванс төлөмдөрүн талап кылууда деген да даттануулар бар», — деди Сооронбай Жээнбеков. Президент соттук процесстерде ишкерлердин жана инвесторлордун укугу толук кандуу корголбой жаткандыгынын себептерине да токтолуп, ишкерлер “бул көйгөйлөр ар кандай аянтчаларда айтылганы менен бизнестин үнү мамлекеттик органдарга жетпей, маселе ошол бойдон калууда” деп жатышканын, ошондуктан бардык тараптын — Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын жана бизнестин катышуусу менен Комитеттин ушул жыйынын өткөрүп, көйгөйлөрдү чогуу талкуулоо зарылдыгы келип чыккандыгын белгилеп кетти.

Элеттеги ишкердикти колдоо үчүн салыктык жеңилдиктер

Сооронбай Жээнбеков 2021-жылдын январь айына чейин ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылга убактылуу тыюу салынганын эскертип өттү. «Айылчарба продукциясын кайра иштеткен иш-каналар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды. Айыл чарба кооперативдери, соода-логистикалык борборлору, машина-трактордук станциялары үчүн мүлк салыгы 50 пайызга азайтылды. Пайдага болгон салыктан булар таптакыр бошотулду. Айылдарда ачылган жаңы өндүрүш ишканалары 5 жылга кирешеге, пайдага, жерге, мүлккө болгон салыктардан бошотулду», — деди ал.

Мындан тышкары, Президент кошумчалагандай, жеңил өнөр жай тармагындагы 50дөн ашык кызматкерлери бар ишканалар үчүн киреше салыгы азайтылган. Ар бир кызматкер мурда орточо эсеп менен 1500 сом төлөсө, эми орточо алганда 400 сомдон төлөшөт. Ушул эле ишканалар үчүн социалдык төлөмдөр 27 пайыздан 12 пайызга чейин азайтылды. Ошол эле учурда мамлекет тарабынан жасалып жаткан арбын аракеттерге карабастан, региондорго инвестиция тартуу иши талаптагыдай болбой, бизнестин активдүүлүгү да байкалбай жатыптыр. «Ишкерлер мунун негизги себеби катары – инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоонун чабалдыгын айтышууда», — деп белгиледи Президент.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”,

Сүрөт С.Досалиевдики

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *