Көңүл чордонунда:»Келечектин мектеби» кандай болот?

Билим берүү жана илим министрлиги «Келечектин мектеби» долбоорун иштеп чыкты. Эми ата-энелер баласынын мектепке келип-кетип, кайсы сабакты окуп, кандай ийгиликтерге жетишкенин, ал тургай эмне тамак жегенин дагы онлайн түрүндө көрүп турат. Электрондук система быйыл сынамык иретинде өлкөдөгү 10 мектепке киргизилет жана Megacom улуттук компаниясынын колдоосу менен ишке ашырылмакчы. Атайын чип, электрондук билерик жана жүздү таануу системасы аркылуу окуучулар менен мугалимдердин мектепке кирип-чыкканы катталып турат.

Балдарынын мектепте канча убакыт жүргөнү тууралуу ата-энесине SMS билдирүү жөнөтүлөт жана электрондук журнал жана күндөлүктөрдүн жардамы менен окуучулардын алган бааларын, калтырган сабактарынын санын көрүүгө болот. Ошондой эле электрондук китепкана — китеп фондунун бирдиктүү базасы түзүлүп, окуу куралдарынын кимге, канча мөөнөткө берилгени автоматтык түрдө базага түшөт. Эгер окуучу китепти убагында алып келбесе ата-энесине билдирүү келет.

Мындан сырткары, электрондук китептерди көчүрүп алып окууга шарт түзүлөт. Бул үчүн ата-энелерге өздүк кабинет ачылып, алар маалыматтык базага кошулат. Ар бир ата-эне өзүнүн гана баласынын аракеттерине байкоо жүргүзө алат. Өздүк кабинет ачуу үчүн ата-энесинин телефон номери, электрондук почтасынын дареги жана баласынын сүрөтү талап кылынат. Андань соң ата-эне телефон же компьютер аркылуу баласын онлайн көзөмөлдөй алат. Бул система иштеп баштаса кошумча штат керектелбейт, мектептерде маалыматтык камсыздоо адистери бар. Ошондой эле пилоттук 10 мектепти тийиштүү жабдык менен камсыздоо жана орнотууну Megacom компаниясы мойнуна алууда. Бюджеттен каражат талап кылынбайт. «Чоң бизнестин акчанын артынан куубай, социалдык жоопкерчилиги да болушу керек. Муну биз социалдык дол боор катары колдоп жатабыз.

Өзүбүздүн ички ресурстар — программист, IT-адистери, менеджерлик жана техникалык курам жетиштүү. Кээ бир сервер, турникет, видеокамераларды гана сатып алабыз. Азырынча канча каражат жумшалары белгисиз. Техникалык экономикалык негиздемеси чыккандан кийин айта алабыз», — дейт компаниянын директору Акылбек Жамангулов. Ал эми окуу чулардын жеке маалыматтарынын корголушуна Билим берүү министрлиги жооптуу болот.

 

Аида НАДЫРБЕКОВА,

“Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *