«Өз бала» – «өгөй бала» деген качан калат?

Мыйзам алдында баары бирдей болууга тийиш. Бирок, бул аксиома биздин өлкөдө дайыма эле иштей бербейт. Тактап айтканда айрым укук коргоочулар жана чиновниктер үчүн бирөөлөр “өз бала” болуп, калкалоого алынып турса, экинчилери “өгөй бала” болуп, жок жерден кодулоого алынат. Мисалыбы? Мисалы…

“Өз бала” Досаевдер

Алар – Досаевдер – “Аква Сервис”, “Аква Фонд. К” жана “Аква Фонд. К плюс” жоопкерчилиги чектелген коомдорунун уюштуруучулары жана жетекчилери. “Аллер Польша” ЖЧКсынын ээси ишкер Валерий Кудряшов аталган үч ЖЧКга таандык эки балык чарбасынын мыйзамсыз курулгандыгы, алар мыйзамсыз ишке киргизилгендиги, аталган фирмалар тарабынан Бишкек ЖЭБинин четтетүүчү каналынан суу мыйзамсыз пайдаланылгандыгы, Чоң Чүй каналын (ЧЧК) балык чарбасынын калдыктары менен булгагандыгы, аны менен экологияга зыян келтирилгендиги, ошондой эле алардын салыктан качышкандыгы боюнча тиешелүү органдарга ондогон жолу кайрылган. Натыйжасы кандай? Эч кандай!

А чынында ал кайрылууларда камтылган фактылар прокуратура, финансы полициясы жана салык органдары тарабынан тыкан иликтенүүгө жатат. Мисалы Өкмөткө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Аламүдүн жана Ысык-Ата райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын начальниги Э.Жамангараевдин ишкер В.Кудряшовго 16.07.19-ж. берген жообунда: “Текшерүү учурунда төмөнкү фактылар аныкталды:

  1. Экологиялык коопсуздук боюнча уруксат берүүчү документтер берилбеген;
  1. Долбоорлоочу уруксат берүүчү, архитектуралык курулуш көзөмөлү боюнча документтер толук берилген эмес;
  1. Электр менен жабдууга долбоорлоочу уруксат берүүчү документтер берилбеген;
  1. Суу көзөмөлү боюнча скважинада суу өлчөөчү эсептегичтер жок, андыктан, суунун пайдаланылуучу көлөмүнүн эсеби жүргүзүлбөйт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндөгү эскертүү берилди. Эскертүүнүн мөөнөтү аяктаган соң контролдук текшерүү жүргүзүлмөкчү.

Мындан тышкары, суунун химикаттар менен уулануу фактысын аныктоо үчүн Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамагенттиктин лабораториясы тартылган. Аталган лаборатория тарабынан балык чарбасына суу кирген жана чыккан төрт жерден суунун үлгүсү алынган, алардын натыйжалары азырынча келе элек. Анализдердин жана контролдук текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү чаралар көрүлмөкчү, алардын натыйжалары боюнча кошумча билдиребиз”.

Анан эмне болду? Эч нерсе! Болгону Мамэко-техинспекциянын региондор аралык башкармалыгы тарабынан жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн “Аква Сервис” ЖЧКсына 28 миң сом айыппул салынган. Бул деген миллиондогон сомдорду жүгүртүп жаткан фирма үчүн төөнү чиркей чаккандай эле эмеспи! Баса, эң башкысы – ЖЭБдин четтетүүчү каналынан сууну пайдаланууга тыюу салынган. Бул тыюуга да “Аква Сервис”, “Аква Фонд. К” жана “Аква Фонд. К плюс” ЖЧКларынын жетекчилери кулак кагып коюшкан жок! Четтетүүчү каналдан суу азыркыга чейин аталган фирмалар тарабынан пайдаланылып жатат. Алардын айтуусу боюнча агынды сууга фильтр коюлган имиш.

Мыйзам ченемдүү суроо жаралат: аталган ЖЧКлардын жетекчилери жогорудагы бузуулар аныкталгандан кийин эмне үчүн мыйзам чектеринде жоопкерчиликке тартылбайт? Бул эмне, укук коргоо органдарынын алсыздыгыбы? Дагы бир суроо: кимдер, качан мыйзамдарды бузуу менен эки суу каналынын ортосуна балык чарбасын курууга уруксат берген? Алар жана курулуштарды эксплуатацияга киргизүүнү ишке ашырган тиешелүү комиссия мүчөлөрү эмне үчүн жоопко тартылбайт? В.Кудряшовдун Чүй облустук прокуратурасына ушул жоопту тиркөө менен 23.07.2019-ж. кайталап кайрылуусуна ал арыз КРнын Кылмыш кодексинин 233-бер. каралган (Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу) кылмыштын белгилери боюнча КЖБРдин автоматтык маалымат системасына катталганы жөнүндө 29.07.2019-ж. жооп берген. Анан эмне натыйжа болду? Эч нерсе! В.Кудряшовдун Башкы прокурорго, Финполициянын, Мамлекеттик салык кызматынынын, Свердлов району боюнча салык кызматынын жетекчилерине “Аква Сервис”, “Аква Фонд. К” жана “Аква Фонд. Кплюс” ЖЧКлары тарабынан салыктар толук төлөнбөй, салыктан качуу схемалары пайдаланылгандыгы, “Аква Сервис” ЖЧКсынын жетекчилиги балык жемин сатууда Салык кодексинде көрсөтүлгөндөй, эсеп-фактураларды жазуунун ордуна ЖЧКнын менеджери Милена Ефимованын наамына жазылган ыктыярдуу патенттерди пайдаланып жатышкандыгы жөнүндө кайрылуулары боюнча жооп көркөмдөп айтканда, мен сага “төө” десем, сен мага “бээ” дейсиң дегендей эле болууда. Айталы, ал боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу боюнча финполициянын Бишкек шаары боюнча экономикалык кылмыштарды иликтөө боюнча тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Б.Ураев 14.10. 2019-ж. кылмыш иши боюнча сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жөнүндө токтом чыгарган. Ал токтомдогу эки гана нерсеге токтолсок, абсурд экени окурмандарга анык болот.

Биринчиси – “Тергөөнүн жүрүшүндө “Аква Сервис” ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнүн негизги түрү балык кармоо (алдын сызган мен – М.Т.) болуп саналары аныкталды…” деп жазганы. Аны менен бул фирманы айыл чарба өндүрүшчүсү кылып коюп жатпайбы! Мындан келип чыккан тыянак: же Б.Ураев мыйзамды билбейт, же ал текшерүүнү тапшырган салык инспекциясынын кызматкерлери анын башын айландырышкан. Экинчи абсурд – Б.Ураев 14.10.2019-ж. кабыл алган токтомун В.Кудряшовго 31.01.2020-ж. гана жөнөтүп жатат. Мындай создуктуруунун кандай себеби бар?

В.Кудряшовго бул иш боюнча дагы бир токтом 28.01.2020-ж. кабыл алынганын финполициянын башка бир тергөөчүсү С.Токтомбаев өз жообунда билдирген. Анда да С.Токтомбаев Ветреринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциянын ветеринардык-санитардык корутундусу, Жайыттар, мал чарбасы жана балык чарбасы департаменинин корутундусу бар дейт да, ал корутундулар качан чыгарылганын көрсөткөн эмес. Анан ушул дагы юридикалык документ болуп саналабы? Албетте, жок! Болгону же өзүнүн кызматтык милдеттенмелерин аткарууга көңүл коштук мамиленин натыйжасы же Досаевдерди калкалоо аракети гана болушу мүмкүн.

Чындап келгенде, мыйзамга ылайык, финполициянын жана салык кызматынын М.Ефимова жана башка кызматкерлердин “кара схеманы” пайдаланганы боюнча текшерүү жүргүзүү үчүн алты жыл алдыдагы патенттерин талап кылып алууга толук укугу бар! Ага карабастан, Мамсалык кызматынын төрагасынын орун басары И.Асылкулов 30.09.2019-ж. жообунда кайра В.Кудряшовго: “Аны менен, сизден көчмө салык текшерүүсүн жүргүзүүдө пайдалануу үчүн салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелерин аткарбоосу менен байланышкан документалдуу тастыкталган маалыматтарды берүүнү өтүнөбүз” деп жазып анын оозун ачырууда!

В.Кудряшов Польшадан ташылып келип жаткан балык жеминин көлөмү аталган фирмалардын өздөрүнүн керектөөсүнөн алда канча чоң, демек, ал башка чарбаларга сатылып, тиешелүү салыктары төлөнбөй жатат деп тастыктап жаткандыктан, бул да тиешелүү органдар тарабынан тыкан текшерилүүгө жатат. В.Кудряшов 2018-жылы “Аква Сервис” Казакстандын “Аква Альянс” фирмасынан 105 тонна, ал эми “Аква Фонд. Кплюс” 2019-жылы ошол эле фирмадан 88,5 тонна балык жемин сатып алганын айтат. Бирок, эмнегедир салык органдарында ал боюнча маалымат жоктугуна таң калат. Анын айтымында, аталган фирмалар тарабынан салык органына жана соцфондго чарбада иштеп жаткандар жөнүндө да анык маалымат берилбей жатат.

“Өгөй бала” В.Кудряшов

Ошол эле учурда “Балык чарбалары ассоциациясынын” (иш жүзүндө жогоруда айтылгандай, Досаевдердин) өкүлү М.Ефимованын В.Кудряшовго карата Кыргызстандын территориясына балыктын жемин ташып кирүүдө салык жана бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы боюнча арызы 31.05.2019-ж. КЖБРнын автоматташтырылган маалыматтык системасына катталып, финполициянын Чүй облусу боюнча тергөө башкармалыгынын ага тергөөчүсү Р.Кудайбердыев тарабынан сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлгөн. Анткени, арыз боюнча Адамүдүн району боюнча мамсалык башкармалыгы В.Кудряшовдун 01.03.2017-ж. 31.03.2018-ж. чейинки мезгил аралыгындагы ишмердүүлүгү боюнча эки жолу мыйзамсыз камералдык текшерүү жүргүзгөн жана биринчисинде аны 1 712 770 сом суммада КНС жана 800 423,76 сом туум төлөтүүгө, экинчисинде туумун кошкондо, 2,5 миллион сомго жакын сумманы төлөтүүгө чечим чыгара койгон. Дагы жакшы, В.Кудряшовдун арызы менен Мамлекеттик салык кызматы райондук башкармалыкка мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгарып, жаңы чечим кабыл алууну тапшырган. Натыйжада райондук салык башкармалыгы бул жолу В.Кудряшовдун салык боюнча милдеттенмеси (карызы) жок экендиги жөнүндө 02.10.2019-ж. чечимин чыгарган. Анда кайсы кара теке сүзүп, жогорудагы мыйзамсыз чечимдер чыгарылып, В.Кудряшов жок жерден актыгын далилдеп убара тартып жүрөт?

Бирок, ошол мыйзамсыз чечимдерди чыгарышкан райондун салык башкармалыгынын башчысы И.Имамбетов, кызматкерлери А.Ормонов, Н.Чекиров, Т.Кубаталиев В.Кудряшовдун конституциялык укугун бузушса да, жабырлануучунун арыздарына карабастан, прокуратура органдары тарабынан кылмыш жазасына тартылбастан, тайраңдап жүрүшөт. Мына ушундан кийин тергөөчү Р.Кудайбердыев 04.10.2019-ж. токтому менен сотко чейинки өндүрүштү токтоткон. Ал ортодо Аламүдүн РИИБсынын тергөө кызматынын тергөөчүсү Т.Жыргалбеков О.Досаевдин арызы боюнча ишти кароодо В.Кудряшовго кысым көрсөтүү аракетин жасаган. Ошондуктан анын арызынын негизинде Аламүдүн райондук соту (судья Б.Касымалиев) 27.01.2020-ж. токтому менен тергөөчү Т.Жыргалбековдун аракетсиздигин мыйзамсыз деп тапкан.

Ушул эле райондук соттун (судья А.Зикиров) 31.01.1010-ж. токтому менен тергөөчү Т.Жыргалбековдун аракетсиздиги мыйзамсыз деп табылып, мыйзамдын нормаларын бузууга жол бергендиги үчүн жеке аныктама чыгарылган.

Мындан ары эмне болмокчу?

Мына ушундай бир тараптуу аракеттеден кийин, ишкер В.Кудряшов биздин редакцияга жана КРнын Президентине кайрылууга аргасыз болуп отурат. Анын мындай кадамга баруусу Президент Сооронбай Жээнбековдун быйыл 24-январда КРнын Коопсуздук кеңешинин отурумунда укук коргоо жана сот органдарынын дарегине айткан кескин сынын тастыктап тургансыйт. Баса, КРнын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы мурдагы кайрылууну Башкы прокуратурага жөнөтсө, анын башкармалыгынын начальнигинин орун басары Ж.Исмаилов Бишкек шаары менен Чүй облусунун прокурорлоруна жолдоп, анан айланып келип Аламүдүн районунун прокуроруна тапшырылыптыр. Бишкектин прокурору Т.Бекмаматов өзү эмнеге контролго албай жатат? Ошондуктан КРнын Башкы прокурору Ө.Жамшитов, Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (финполициянын), Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилери бул ишти өздөрүнүн жеке көзөмөлүнө алышып, мыйзам чегинде аракеттерди көрүшпөсө, майнап чыкчудай эмес…

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”