Аскар СЫДЫКОВ: «Инвестор аэропортторубузду менчиктештирбейт, «басып албайт», сатып албайт»

Кыргызстандын эл аралык макамдагы чоң жана алыскы региондордогу чакан аэропортторунун инфратүзүмдөрүн жакшыртуу, модернизациялоо боюнча ишти жылдыруу максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Ал комиссиянын максаты — ири капиталы бар чет элдик инвесторду тартып келүүчү уюмду тандоо болчу. Мындан бир аз мурда комиссия аэропорттор боюнча дүйнөдөгү эң көп тажрыйбасы бар Эл аралык финансы корпорациясын – ЭФКны тандап берип, өз ишин аяктады. Аталган комиссиянын мүчөсү болгон Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков менен кабарчыбыздын маегин сунуш кылабыз.

– Аскар Куттубекович, азыркы күндө айрым саясатчылар “Аэропортторду модернизациялоочу инвестор келип, башкарууга алса биротоло өзүнө менчиктеп алат экен”, – деген сыяктуу пикирлерди таратып жатышат. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

– Бүткүл дүйнөлүк банктын беш мүчөсүнүн бири болгон Эл аралык финансы корпорациясы – ЭФК мамлекеттик-жеке өнөктөштүк багытында инвесторду табууда Өкмөткө жардам берет. Бирок, аэропортторубуздун бирөөсүн да сатып албайт, «басып албайт» жана эч нерсени менчиктештире албайт. Ушуну туура түшүнбөй эле кээ бир жарандар уу-дуу түшүрүп жатышат. ЭФК инвесторду чакырып, “Кыргызстанда аэропорт багытында долбоор бар. Келгиле, чогуу кызматташалы”, – деп инвесторду капиталы менен кошо тартып келүү аракетин көрөт. Ал эми мамлекеттин тарта турган тобокелчилиги инвесторго жүктөлөт. Мисалы, Өкмөт өзү инвестиция таап, аэропорттун учуучу аянтын кеңейтип, инфратүзүмүнүн баарын модернизациялады дейли. Бирок, кайсы бир себептер менен чет элдик авиакомпаниялар келбей калса же ал жердеги соода-сатык, тейлөө тармагына кардар аз тартылып, иши чабал жүргөн болсо долбоор өз максатына жетпей калышы ыктымал. Ал эми ЭФК таап келген инвестор бардык жоопкерчиликти өзүнө алат. Бул долбоор үчүн инвестор кредит алган болсо, аны кайтаруу милдети да анын өзүнүн мойнунда болот. Мамлекеттик – жеке өнөктөштүк механизмдеринин дүйнөлүк практикасы ушундай.

– Аталган тармактагы долбоорлорго сөзсүз эле чет элдик инвестордун келиши шартпы?

– Андай шарт коюлбайт. Бирок, аэропортторду куруу, модернизациялоо жаатында ири капиталы бар, тажрыйбасы жетик инвестор өлкө ичинде жокко эсе. Ал эми дүйнөдө чоң капиталга ээ инвесторлор көп. Ошондуктан ЭФКнын ушул ишке тартылышы абдан туура деп ойлойм. Ал өлкө аймагындагы 11 аэропорттун учурдагы абалын иликтеп, аналитикалык жыйынтык чыгарат. Анын үстүнө долбоорду иштеп чыгууга да олуттуу көлөмдөгү акча сарптайт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин колдонуп иш жүргүзбөсө, олуттуу көлөмдөгү каражатты табуу Өкмөт үчүн оңойго турбайт.

Ал эми ЭФК болсо чет элдик инвестор кайсы мамлекетке аэропорт курган болсо, ошол долбоордун турмушка ашырылганын жеринен барып көрүп, тыкыр иликтеп туруп, ошол инвесторду көндүрүп ээрчитип келүүгө тийиш. Долбоор ишке ашырылса республикалык бюджетке салыктар түшөт, жумушчу орундар пайда болот. Инвестор тапкан пайдасын мамлекет менен бөлүшөт. Маселен, тапкан пайданын көлөмүнөн мамлекет менен инвестор 50:50 же 40:60 өлчөмүндө болобу аны эки тарап өз ара чечишип алып, макулдашууга кол коюшат. Өз учуру келгенде инвестор салган каражатын актап, киреше тапкан соң, башкарууну Өкмөткө өткөрүп бериши керек.

– Бул мамлекет үчүн абдан оптималдуу вариант турбайбы?

– Ооба, абдан оптималдуу вариант. ЭФК аэропорттор жаатындагы инвесторлор менен кызматташуу боюнча тажрыйбасы жетик уюм. Биз – Кыргызстандын бизнес коомчулугу ЭФКнын ийгиликтерин, тобокелчиликтерин карап туруп, ведомстволор аралык комиссиянын чечимин колдоп бердик. Эми булар Мамлекеттик мүлк фонду, Транспорт жана жол министрлиги жана “Манас” АККнын жетекчилиги менен чогуу иш алып барышат. Бүгүнкү күндө “Манас” аэропортунун ичинде жасала турган иштер абдан арбын. Бир учурда бир нече каттамдар келип конгондо жүргүнчүлөрдүн жүктөрүн бере турган терминал тарыраак болуп, ыңгайсыздык туулуп жатат. Аба ырайынын өзгөрүлүшүнө карата маалымат берүүчү жабдуулары да улам жаңыртылып кынтыксыз иштесе самолёттордун каттамды аткаруусуна кыйла жеңил болот. Андан тышкары, самолёттордун учуп-конуучу аянтын кеңейтип, кошумча аянт куруу замандын талабы экенин адистер айтышууда. Андан тышкары, аймактардагы чакан аэропортторду жандантып, кайрадан ишке киргизүү жагдайын ЭФК менен “Манас” аэропортунун жетекчилиги биргелешип иликтеп, талдап, талкууга коюшат.

Назира АЛИЕВА

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *