«Кыздарыбызды Сириядан Кыргызстанга кайтарып беришсе…»

2013-жылдардан бери согуш аракеттери жүрүп жаткан Сирия мамлекетинин аймагына тагдырдын тайгүлүк ташы менен алданып барып калып, кайра өз мекенине кайта албай, Сириядагы лагерлерде күн кечирип жаткан кыргызстандык кыз-келиндер бар. Алардын ата-энелери бир топ жылдардан бери кыргыз бийлигине кайрылып, кыздарын Кыргызстанга кайтарууну суранып келишет.

Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын тургуну Нурийла Дөөлөтжанованын кызы Дөөлөтжанова Кундуз 2013-жылдын 27-декабрында Түркияга иштегени кеткен. Эч кандай таанышы жок эле, телевизордон кетип жаткан жүгүртмө рекламаны окуп калып, “Апа, барып иштеп келейин. Баламдын келечегин мен ойлобосом, ким ойлойт” деп апасына кайрылат. Бул убакта Кундуз ажырашып, ата-энесинин колунда жүргөн экен, кызынын абалын көргөн апа “үй алсам” деген илгери тилегине ынап, “барсаң, барып кел” деп, жол киресине миң сом таап берет. Азыр ойлосо, апасы кызынын кайсы фирма аркылуу Түркияга иштегени кеткенин деле сурабаптыр. Ортомчунун ысымы Үмүт экенин, кийин Унида болуп алганын кызынан угат. Кызынын жаралуу жүрөгүн оорутуп албайын деп, калганын териштирип сурабайт.

Ошентип, Түркияга акча иштеп табууга кеткен Кундуз үч айга чейин акча салбайт. Үч айдан кийин Үмүт аркылуу 50 доллар салат. Анкарада үй тазалоочу болуп ишке орношконун айтып: “Банкка баралбайм. Акчаны Үмүт салат. Алып алыңыз” дейт кызы апасына. Эне менен кызы алгач ай башында бир жолу телефон менен сүйлөшүп турушчу экен. Эки ай өткөрүп, миң доллар жөнөтөт Үмүт аркылуу. Күз келип, кызы ата-энесине чөп сатып алганга акча салмай болот, бирок салбайт. Кызы акчаны кечиктиргенден улам, апасы кызына өзү чалат. Телефонду казак кыз алып: “Кызыңыз Кыргызстанда” дейт. Эне үн-сөзү жок шалдырап отуруп калат. “Кожоюнуң менен сүйлөшчү, кызыма билетти качан сатып бериптир” дейт эне. Казак кыз Кундуз Кыргызстанга кеткенине үч күн болгонун айтып, “Кызыңыз үйдө болуш керек эле” дейт. Бул 2014-жылы күздө болгон окуя.

“Алласы” оозунан түшкөн ата-эне күч органдарына кайрылат. Аңгыча 2014-жылы октябрда Кундуз өзү “Сириядамын” деп байланышка чыгат, бирок кандайча ал жакка барып калганын, эмне кылганын айтпайт. Ошону менен кайрадан кабары жок кетип, тогуз айдан кийин, 2015-жылы байланышка чыгат, анан кайра кабарсыз кетип, жети-сегиз ай өтүп кабарлашат. Ара-чолодо Кундуз энесине телефондон аят, сүрөөлөрдү эле жөнөткөн болот. “Азыр ойлосом, ал өзүнүн аман-эсендигин ошентип билдирчү экен” дейт көзүнөн жашы он салаа кеткен Нурийла Дөөлөтжанова. Кундуз Сириянын Эль-Хасака шаарынын түштүк-чыгышында, 38 чакырым алыстыкта жайгашкан Аль-Холь качкындар лагерине келгенден бери энеси менен туруктуу байланышка чыга баштаган. Лагерь 11 миң гана кишиге эсептелсе да, анда 73 миң качкын жашагандыктан, лагерде жашагандар жарым ачка – гуманитардык ачкачылыкта жашашат экен. 2013-жылы октябрь айында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып келбеген Асанова Мээримдин апасы Гүлсара Асанованын да көзүнүн жашы он салаа. Эненин жүрөгүндөй жүрөк барбы, жети жылдан бери күн сайын ыйлайт. Кызы Мээримди төрт күндөн кийин турмушка узатмак болуп, кыз узатуу тоюнун бардык камылгалары жүрүп жаткан. Анан эле кызы сыртка жумуштап чыгып кеткен бойдон кайрылбады. Байкуш ата-эне эмне кылсын? Издөө жарыялашты. Мээрим жарым жылдан кийин өзү кабарлашты. “Көрсө аны алдаганбы, же коркутканбы, айтор белгисиз бирөөлөр аны түз эле Сирияга алып кетишиптир. Кандайча кеткенинин себебин айткан жок. Ал анда болгону 20 жашта эле. Туризм академиясын бүтүп, буюрса эми иштейм, турмушка чыгам деген илгери үмүттө жүргөн. Анан бир жылдан кийин кабарлашты. Былтыртан бери Аль-Холь лагеринде экенин айтып, туруктуу байланышып келет” дейт энеси. Кайгыга жүрөгү ууланган Гүлсара Асанова да ошол күндөн ушул күн мамлекеттик бийлик органдарына кайрылып, кызымды Кыргызстанга кайтарып беришсе деген жалгыз жана акыркы үмүт менен жашап келет.

Редакцияга телефон аркылуу байланышка чыккан Хамида Якубованын кызы Якубова Мариям да 2014-жылы Сирияга кеткен. 2019-жылдан бери Аль-Холдогу лагерде. Ал да кызымды Кыргызстанга апкелип беришсе деген тилегин айтат. Кундуз, Мээрим, Мариямдын энелеринин айтымында, Кыргызстанда кыздары Аль-Холь лагеринде жашаган 150дөй ата-эне бар. Алар 2014-жылдан бери ар кандай деңгээлдеги бийлик органдарына кайрылышып, кыздарын Сириядан Кыргызстанга кайтарып апкелип берүүсүн суранышып келишет.

Бул маселенин тегерегинде көптөгөн тегерек үстөлдөр да өткөн. “Бирок, эмнегедир кыргызстандыктарды Сириядан апкелүү маселеси кечигип жатат. Кошуна Өзбекстан, Казакстан атайы самолет жиберип, өз жарандарын Сириянын лагерлеринен алып келүүдө. Биз кыргыз бийлигинен кыздарыбызды Сириянын лагерлеринен Кыргызстанга апкелүүнү тездетүүсүн көптөн көп суранат элек. «Алар адам чыдагыс абалда, жарым ачка жашап жатышат» дейт көз жаштарын көлдөткөн энелер.

Маалымат үчүн айтсак, Кыргызстандын күч органдарынын расмий маалыматтарына караганда, Сирия мамлекетинин аймагында согуш аракеттери жүргөндөн бери, ал жакка баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кетип, алардын 200дөн ашууну курман болгон. Бүгүнкү күндө Сириянын Аль-Холь лагеринде 400-500дүн тегерегинде кыргызстандык кыз-келиндер, балдар бар. 2019-жылдагы маалымат боюнча, лагерде 73 миң качкын жашайт. Анын 94%ы аялдар жана балдар. Акыркы жылдарда Сириянын аймагындагы лагерлерден коңшулаш Казакстандын бийлиги 357, Өзбекстан 156 жаранын кайтарса, Тажикстан Ирактан 84 баланы алып келген.

Кыргызстанда вице-премьер-министрдин деңгээлинде Ирактын пенитенциардык мекемелериндеги жана Сириянын аймагындагы кыргыз жарандарына байланыштуу кеңешме өткөнү белгилүү. Өлкөнүн тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын жарандары Сириянын расмий бийлигинин көзөмөлүнө кирбеген аймактарда кармалып жаткандыктан, расмий мекемелердин аларды мекенине кайтаруу аракетине кыйынчылык туудуруп жатканын билдиргени белгилүү. Кыздары Сириядагы лагерлерде жашаган ата-энелер баарын түшүнүү менен кабыл алуу менен, Кыргызстандын расмий бийлиги кыргызстандык жарандарды Сириянын лагерлеринен апкелүүнү тездетишет деген үмүттө.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”