Премьер-министр М. Абылгазиев: «Чүй облусу бардык багытта лидер болуш керек»

Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасын түзүү тууралуу маселе 1994-жылдан бери айтылып келет, анткени ошол учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда насыя берүү тууралуу келишимге кол коюлган. 2002-жылы имараттардын жана курулмалардын өндүрүш комплекси эксплуатацияга берилип, ошондо түзүлгөн «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы» ААКтын менчигине берилген. 2006-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду күрөө тууралуу түзүлгөн келишимдин негизинде «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы» ААКтын камсыз кылуучу кредитору болуп саналат. 2011-жылдын октябрь айында ар кандай себептер менен фабриканын өндүрүш иши толугу менен токтогон. 2014-жылы Чүй облусунун Райондор аралык сотунун чечими менен «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы» ААК кудуретсиз деп табылган. Фабриканын курулуш ишине Кытайдын кредитинен 110 160,0 млн. юань (18,3 млн. доллар) акча каражаты кеткен, аны республикалык бюджеттин каражатынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төгүүдө. Ушул кезге чейин бюджеттик карызды кайтаруу максатында «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы» ААКтын мүлктүк комплексин ишке киргизүү үчүн ачык сынактар бир нече жолу өткөрүлдү. Бирок арыз түшпөгөндүгүнө байланыштуу бардык сынактар жараксыз деп табылган. 

«Текстиль Транс» компаниясы 2008-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө компаниянын тобуна Бишкек шаарындагы байпак токуу фабрикасы, Токмоктогу трикотаж фабрикасы жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын территориясындагы тигүү фабрикасы кирет. Фабрикадан өндүрүлгөн продукция ички дагы, Евразия экономикалык бирлигинин аймагында дагы атаандаштыкка туруштук бере алат. Өндүрүлгөн товардын 90%ы экспорттолот. 2018-жылы компаниядагы фабрикалардын жылдык жүгүртүүсү 10 миллиондон ашык долларды түздү.

2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-2021-жылдарга карата пахта тармагын өнүктүрүү концепциясын бекиткен, ал эми «Текстиль Транс» компаниясы дал ушул пахта өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча класстердик долбоордун катышуучуларынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген концепциянын максаты төмөнкүлөр:

— 10 миң гектар жерге пахта өстүрүү, 10-12 миң адамды жумуш орундары менен камсыз кылуу;

— 300 жумушчу орунун түзүү менен 6 миллион долларга пахтаны кайра иштетүүчү завод куруу. Заводдун кубаттуулугу: жылына 12 миң тонна буланы иштетет;

— 400 жумушчу орунун түзүү менен жылына 10 тоннага чейин жип чыгарган пахта ийрүүчү фабриканы 10 млн. долларга куруу. Бул чет өлкөнүн сырьёсуна болгон көз карандылыкты жоёт жана пахтаны кайра иштетүүнүн бардык этабын көзөмөлдөөнүн эсебинен тышкы рыноктогу атаандаштык жөндөмдүүлүктү жогорулатат;

— 6 миң киши иштей турган кошумча тигүү фабрикасын ишке киргизүү, ал эми инвестициянын көлөмү болжол менен 7 млн. долларды түзөт. Натыйжада даяр продукциянын 90%ы ЕАЭБ жана Европа өлкөлөрүнө сатыкка чыгат, ал эми жылдык товар жүгүртүүнүн көлөмү 100 млн. долларды түзүп, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот.

«Текстиль Транс» тууралуу маа лымдама : Кыргыз-Кыта й кагаз фабрикасы тууралуу маалымдама :

Чүй облусунда ири инвестициялык, туристтик жана социалдык-экономикалык долбоорлор жүзөгө ашырылышы керек. Бул тууралуу Премьер-министр М. Абылгазиев Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдагы ишмердиктин жыйынтыгын чыгарып, 2020-жылдын планын караган коллегиясында билдирди.

Өкмөт башчы жакшы жетишкендиктер дагы, кемчиликтер дагы бар, негизинен облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчү орто экенин белгиледи.

-Чүй облусунун социалдык-экономикалык чөйрөдөгү, маданият жана туризм багытындагы долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн бардык мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн климаттык шарты, инфраструктурасы жана географиялык жактан жайгашкан жери өтө ыңгайлуу. Менин оюм боюнча, Чүй облусу үчүн айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана туризм артыкчылыктуу багыт. Туристтик ишмердүүлүктү колдоо боюнча насыялык линия ачуу пландалууда. Мындан тышкары асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү жана колдоого өзгөчө көңүл буруу керек. Чүй облусунун бардык багыт боюнча лидер болуу мүмкүнчүлүгү бар, бирок, тилекке каршы, аймактын дараметин өнүктүрүү үчүн аракет жетишсиз жасалууда, — деди Премьер-министр. Өкмөт башчынын айтымында, учурдагы дараметине карабастан, Чүй облусунда болгону туристтердин 5%ы гана эс алат.

-Жергиликтүү бийлик туристтик жана башка багыттагы ишмердүүлүккө инвестиция тартуу боюнча иштерди активдештирүүсү керек. Белгилей кетүүчү жагдай, ички мигранттардын негизги агымы дал ушул Чүй облусунда жашап жатат. Айрым мигранттардын балдары кандайдыр бир шартка байланыштуу документи жок. Бул аларды социалдык жөлөк пул алуу жана мамлекеттик кызматтарды пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратууда. Бул жыл балдарды колдоо жылы деп саналат. Ошондуктан документтештирүү жана мамлекеттик социалдык жардамга муктаж балдарды аныктоо боюнча бардык маселелер чечилиши шарт. Муну менен катар энелердин жана балдардын өлүмүн азайтууга көңүл бурулушу керек, — деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр М.Абылгазиев Чүй облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө «Текстильтранс» компаниясынын иши менен таанышты.

Ал ишканага барып, фабриканын өндүрүш цехин көрдү. Андан соң Премьер-министр Токмок шаарындагы кудуретсиз абалда турган «Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы» ААКтын аймагына барды. Өкмөт башчыга мүлктүк комплексти ишке киргизүүнүн эсебинен банкроттук абалдагы кагаз фабриканын бюджеттик карызын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат беришти. Кудуретсиз фабриканын өндүрүш имаратын ижарага алган «Текстиль Транс» компаниясы мүлктүк комплексти алууга ниеттенип жатат жана текстиль өндүрүшүнүн толук циклин уюштурууну пландап жатат. Учурда «Текстиль Транс» компаниясынын жалпы аянты 25 000 кв.м. болгон үч фабрикасы бар, ал жакта 550дөн ашык адам иштейт. Ишкана кездеме, трикотаж жана токулган байпактарды өндүрүүгө адистешүүдө.

Өкмөт башчы бюджеттик карызды кайтаруу процессин тездетүү жана өлкөнүн, улуттук экономиканын экспорттук дараметин бекемдөөгө салым кошо турган, ата мекендик текстиль өнөр жайынын флагманынын бири болгон текстилдик тигүүчү «Текстиль Транс» ишканасын кеңейтүүнү колдоого жардам көрсөтүү керектигин белгиледи.

«Текстиль Транс» тууралуу маалымдама :

«Текстиль Транс» компаниясы 2008-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө компаниянын тобуна Бишкек шаарындагы байпак токуу фабрикасы, Токмоктогу трикотаж фабрикасы жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын территориясындагы тигүү фабрикасы кирет. Фабрикадан өндүрүлгөн продукция ички дагы, Евразия экономикалык бирлигинин аймагында дагы атаандаштыкка туруштук бере алат. Өндүрүлгөн товардын 90%ы экспорттолот. 2018-жылы компаниядагы фабрикалардын жылдык жүгүртүүсү 10 миллиондон ашык долларды түздү. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-2021-жылдарга карата пахта тармагын өнүктүрүү концепциясын бекиткен, ал эми «Текстиль Транс» компаниясы дал ушул пахта өстүрүү жана кайра иштетүү боюнча класстердик долбоордун катышуучуларынын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген концепциянын максаты төмөнкүлөр:

— 10 миң гектар жерге пахта өстүрүү, 10-12 миң адамды жумуш орундары менен камсыз кылуу;

— 300 жумушчу орунун түзүү менен 6 миллион долларга пахтаны кайра иштетүүчү завод куруу. Заводдун кубаттуулугу: жылына 12 миң тонна буланы иштетет;

— 400 жумушчу орунун түзүү менен жылына 10 тоннага чейин жип чыгарган пахта ийрүүчү фабриканы 10 млн. долларга куруу. Бул чет өлкөнүн сырьёсуна болгон көз карандылыкты жоёт жана пахтаны кайра иштетүүнүн бардык этабын көзөмөлдөөнүн эсебинен тышкы рыноктогу атаандаштык жөндөмдүүлүктү жогорулатат;

— 6 миң киши иштей турган кошумча тигүү фабрикасын ишке киргизүү, ал эми инвестициянын көлөмү болжол менен 7 млн. долларды түзөт. Натыйжада даяр продукциянын 90%ы ЕАЭБ жана Европа өлкөлөрүнө сатыкка чыгат, ал эми жылдык товар жүгүртүүнүн көлөмү 100 млн. долларды түзүп, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошот.

 Кыргыз-Кыта й кагаз фабрикасы тууралуу маалымдама :

С.ОРОЗОБЕКОВ