Ашканадагы тагдыр

Студент күндөлүгүнөн

“Тез татым” кафелеринин бирине курбум экөөбүз барып калдык. “Дем алыш күндөрү иштегидей жумуш тапсак сонун болмок”-деп сүйлөшүп жатсак, биздин сөзүбүзгө кулак түрүп отурган эже:

– Студентсиңерби, жумуш керекпи?– деп калды.

– Ооба, жумуш керек эже, – дедик. “Анда эртең келгиле бул жакта официант болуп иштейсиңер”,– деди. Көктөн издегенибиз жерден табылып, кубануу менен макул болдук. Эртең менен саат жетиде жумушка жетип бардым. Официант болуп иштейсиңер деген эже, ашканага алып барып “идиш жуугуч болосуң”деп койду. Айла жок таң атпай туруп келгеним текке кетпесин деп ишке кириштим. Анын үстүнө үйдөгүлөргө да жумуш таптым деп койгом. Ашканада казан, манты табак, чара жана башка идиштерди жууп жаттым. Идиш эле жуубастан картошка, пияз арчыдым. Ичимден бул эмне деген адилетсиздик деп сүйлөнүп коем. Араң саат жебеси кечки жетини какты. Кетүүгө камынып жатсам, “полду жууп кет, болбосо 100 сом штраф” дешти. Буга да аргасыз макул болдум, анткени акча керек. Полду тазалап жууп, 450 сом алдым. Маңдай терим менен биринчи жолу акча тапканыма бир чети аябай сүйүндүм. Кафеден чыгарым менен “болду иштебейм” дедим өзүмө өзүм. Анткени аябай чарчадым, кыйналдым. Бүт денем бирөө тебелеп кеткендей ооруп жатты. Кайдагы иштебей коюш, алган 450 сомум беш күндө түгөндү. Алтынчы күнүь кайра ишке бардым. Ошентип дем алыш күндөрү дайыма иштемей болдум. Бир күнү оромо жасаган эже келбей калып, ордуна мен оромо жасап иштеп калдым. Күнүнө жетимиштен оромо чыгарам, сатыкка коюлган баа 35 сом.12 оромого 2 килограмм картошка, 4 килограмм ун, 3 баш жүсай, 1 килограмм пияз,татымына жараша туз, мурч салынат. Ашканада алты ашпозчу бар. Анын экөөсү студент, экөө журналистика факультетин аяктаган, дагы бирөөсүнүн жогорку билими жок. Кызыгы эч кимибиз кулинарияны бүткөн эмеспиз. Саат эртең мененки сегизден баштап тамактар чыгат. Эң биринчи беш порция каша чыгат. Андан кийин суюк тамактар чыга баштайт (борщ, солянка, шорпо ж.б). Биздин кардарлардын жаш курагы ар түрдүү-студенттер, карылар, орто муундагы адамдар. Студенттер көбүнчө самсы менен оромо алышат, себеби арзан. Ал эми карылар суюк тамактарды тандашат. Кээ бир улгайган адамдар келип: “Биздин убакта бөлкө нан менен эле чай ичип алчу элек, азыр тамактардын түрү көп, Кудайга шүгүр”–деп тамак саткан кыздарга айтып калышат экен. Кайсы тамактар калбай калганын таратууда кыз ашпозчуларга кабарлайт. Ашкана бат кыймылды талап кылат. Эртең менен жетиде башталган жумуш кечки жетиде араңаяктайт. 12 саат бою ашканадагыларга тыным жок. Дагы жакшы, студенттер үчүн ашкана бар, дем алыш күндөрү келип иштеп, жолуна,тамак-ашына акча таап кетишет. Зээнди кейиткени журналистиканы, Улуттук консерваторияны аяктап, ашканада жумуш кылган эжелердин тагдыры Журналистиканы бүткөн эки эжени тең жолдоштору  иштетпей коюптур. Үй-бүлө үчүн жолдошторунун сөзүн эки кылбай макул болушкан. Эң өкүнүчтүүсү, эки эженин тең турмушу жакшы болбой ажырашып кетишиптир. Мына ушундай ашканадан көптөгөн адамдарды жолуктурдум. Кыялы, мүнөзү ар башка адамдар бар экенин, акча оңой жол менен келбестигин ушул жерден түшүндүм.

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти Асель РАМАНКУЛ кызы.