Окуучулар үчүн техникалык кружоктор ачылат  

Ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү

Жакында Бишкекте алгачкы жолу ойлоп табуучу балдардын эл аралык күнү өткөрүлүп, ага мектеп окуучуларынын колунан чыгарылган түрдүү техникалар көргөзмөгө коюлду. Аны КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы — Кыргызпатент уюштурду. Адамзат XXl кылымда өз жашоосун роботтоштуруусуз элестете албайт. Өнүккөнөлкөлөрдө окуучулардын ойлоп табуучулук жөндөмүн мамлекетөзү көңүл борборуна алып, жардам бериши шартталган. Көргөзмөгө 100дөн ашык окуучу катышып, жалпысынан 20 эмгек кароого коюлду. Бирок, уюштуруучулар бир да окуучуну сыйлыксыз калтырышкан жок. Өнөктөштөрдүн атынан Түркияны Премьер-министринин аппаратынын кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча координатору катышып сөз сүйлөдү. Бул жердеги балдар ойлоп тапкан роботтордун түрдүү макеттери иш-чаранын катышуучуларынын кызыгуусун туудурду. Кара-Балта шаарынан келген 12 жаштагы ойлоп табуучу АланАбдыжапаров өзүнүн роботун “Лу-Ма-Вен –1” деп атаптыр. Аланды өлкө аймагында болуп келе жаткан табигый кырсыктар абдан түйшөлтөт. Ал адам баласы жер титирөөнүн алдын-ала билип, алааматтан сактанып калуусу керек деп эсептейт. “Марс планетасында жашоого шарт бар экендигин окумуштуулар айтып жатышат. Жер шарында зилзала болуп турганда адамдар Марска барып коргонуусу керек деп кыялданам. Ал үчүн менин макетимде адамдардын Марста жашоо тиричилигине керектүү инфраструк  туралар түзүлгөн. Менин кыялым дагы идеяны атам колдоп, керектүү материалдарды сатып берип турат. Интернет желесинен өзүмдүн роботума окшоштуктарды таап, кызыгуу менен отуруп иштейм” – дейт окуучу. Анын бул макети мектептер арасындагы конкурстарда бир катар сыйлыктарга татыптыр. “Кыргызпатент” жыл сайын балдарга арналган конкурстарды, интеллектуалдык менчик боюнча олимпиадаларды, телевикториналарды өткөрүп турат. Быйылкы жы-лы да республикалык олимпиаданы өткөрүү пландалып жатыптыр. Андан жеңген балдар Евразиялык олимпиадага жолдомо алышат. КРнын Президенти С.Жээнбеков 2020-жылды “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүүжана балдарды колдоо жылы” деген жарлыгын чыгарды. Ушуга байланыштуу аймактарда балдарү чүн техникалык кружоктор ачылып, облустарга жайылтылмакчы. Ошондой эле Кыргызпатенттин алдындагы мамлекеттик-патенттик техникалык китепкананын базасында чоң инновациялык борборду ачуу жагы каралып жатат. Ал жерде инновациялык долбоорлор үчүн заманбап конференц зал пайда болот. Илимпоз окутуучулар интернет аркылуу бизнес жүргүзүүнүн жаңыча шарттарын, тиричилик техникаларын жасоо ж.б. боюнча сабак өткөрүшү тууралуу “Кыргызпатенттин” төрайымы Динара Молдошева айтып берди. Иш-чаранын максаты – окуучулардын техникалык илимдерге тартылуусуна, өз алдынча чыгармачылык ой-жүгүртүүсүн калыптандырууга шарт түзүп, колдоо көрсөтүү

“Кыргыз Туусунун” практиканты  Асел СҮЙӨРКУЛ кызы.