Ветеринар-ишкер Аралбек АБДЫРАСУЛОВ: «Этти экспорттоо бизнесине биригели!»


Ветеринар-ишкер Аралбек Абдырасулов 15 сотых короосунда эт багытындагы 500 кой багып жатканын гезитибиз азын-оолак жазган эле. “Миң уккандан бир көргөн” демекчи, жакында анын мал чарба базасына барып, жеринен күбө болдум. Бишкектин түндүк тарабында жайгашкан Ак-Бата айылындагы фермага киргенде данды экструдирлөөдөн өткөргөн аппарат, жык-жыйма болуп даярдалып, бийиктете тизилген мүшөктөрдөгү жемдер дароо көзгө урунду. Аралбек адегенде койканасын, өз-өзүнчө бөлүнүп багылган уй-торпоктор менен эчкилерин көрсөттү. Бул жерде семиртилген койлорду кардарлар өздөрү келишип, дүңүнөн сатып алышат. Андан тышкары, чекене баада сатып алуучулардын унаалары үзүлбөйт. КРнын Кепилдик фонду Аралбектин алгылыктуу тажрыйбасын өлкөгө жайылтууну колдоого алып, жакында ага 4 млн. сомдук кредитке кепилдик берип, “КРда кой чарбачылыгын интенсивдүү өнүктүрүү “ программасын иштеп чыкты. Ал Президент С.Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүүгө артыкчылык берген жарлыктарын турмушка ашырууга өбөлгө түзүүчү программа болоруна Кепилдик фонду ишенип, аракеттерди көрө баштады. А.Абдырасуловдун гезитибизге берген маеги мал бизнеси жаатындагы ишкерлердин кызыгуусун ойготот деген ойдобуз.

– Аралбек ага, айтсаңыз, койду чакан короого массалык багуу тажрыйбасын кайдан алдыңыз?

– Бул бир нече өлкөнүн практикасында бар, мен Россиянын тажрыйбасын колдонуп жатам. Бирок, кандай бизнес болбосун аны кичинеден баштаганда жаңылып калуу аз болот. 2014-жылы Кочкор районундагы Шамшы айылымдан Ак-Батадагы короомо 20 арык койду алып келүүдөн ушул бизнести колго алгам. Ал жылдары койлорду күздөн баштап, төрт–беш ай кармап, жазындагы жалпы малдын арыктаган учурунда семиртип сатчубуз. Үй-бүлөмө тиешелүү 5 гектар жерим бар. Ал учурда ошол жердин чөбүн берчүмүн. Койлорум улам көбөйгөн сайын чөптүн тартыштыгы чыгып, арпа, буудай, жүгөрүнү кошуп, майдалап бергенимде бир аз тезирээк семире башташчу. Короону кеңейтип, эки жылда койдун санын 200гө жеткирдик. Койлорду семиртип интенсивдүү багуу боюнча китептерди окуп, интернетти карап отуруп, экструдирлөөдөн өткөрүлгөн жемди колдонуп көрүүнү чечкен болчумун. Бул жерден мен майдалаткычтан (дробилкадан) чыгарылган жем менен экструдирленген жемдин айырмасы эки башка болорун айтып койгонум оң. Россиянын Новосибирск шаарынан “Агро-инженеринг” аталыштагы жем чыгаруучу аппаратты сатып келип иштетип жатам. Анын нускамасы боюнча колдонууну үйрөнө электе жемдин өлчөмүн билбей салып, аппаратты “какатып” алып жүрдүк. “Агро-инженеринг” аппараты аркылуу 1 тонна бүкүлүү жемди экструдирлөөдөн өткөргөндөн кийин, жемдин аш болумдуулугу эки эсе жогорулап, сиңимдүүлүгү 95 пайызга жетип бизди абдан кубандырууда. Мурдагыга салыштырмалуу жем эки эсе үнөмдөлүп жатат. Башкача айтканда, 1 тонна жем иштетилип чыгарылса ал 2 тоннанын күчүндөй болууда. Биз алгачкы күндөрү тажрыйбасыздык кылып, экструдирленген жемди көп берип алып, койлордун ичи көөп, жегендерин сиңире албай кыйналышчу. Кийин жемдин көлөмүн эки эсе азайттык. Мурда суткесине 500 грамм жем берип келсек, азыр 250 грамм жем менен эле 10-15 кг. чейин салмак кошуп сатыкка семиртилүүдө.

– Сиз бул аппаратты иштетүү тууралуу кененирээк айтып беришиңиз керек экен?

– Эми жемди экструдирлөөчү “Агро-инженеринг” аппаратын колдонуунун сырларын ачайын. Бул абдан маанилүү. Аппараттан чыгарылуучу арпа, буудай, жүгөрү 14-16 пайыз нымдуулукта болушу зарыл. Аппарат сырьену камырдай жууруп жатканда нымдуулук жетиштүү болууга тийиш. Бирок, кыш күндөрү нымдалган жем тоңуп, анын музу аппараттын иштөөсүн начарлатышы ыктымал. Ошондуктан аны жылуу жерге орнотуп иштеткен оң. Чөп менен суудан башка эч нерсе көрбөгөн арык-торук койлорду сатып келебиз. Бир-эки жума майдалаткычтан өткөрүлгөн арпаны 100-200 граммдан берип, койлорду көндүрө баштайм. Бара-бара арпаны азайтып, экструдирленген жемди көбүрөөк кошуп жедирүүгө өтөм. Жем аппараттан өтүп жатканда 150-180 градуска чейинки температурада жуурулуп бышырылып, кайра кургатылып, гранул түрүндө чыгарылат. Экологиялык жактан да абдан таза. Ал арпа, буудай, жүгөрү кошулуп жасалгандыктан кыйла даамдуу. Малга сиңимдүүлүгү боюнча рекорд коюп жатат. Койго бир айга жакын 150 грамм майдаланган арпа, 150 грамм экструдирленген жем түрүндө берүүгө өтөбүз. Чөпкө абдан үнөмдүү. Мурда койлорум 1 суткада 90 грамм салмак кошуп келген болсо, азыркы күндө 130-140 граммга чейин салмак кошууда. Себеби, жемди сиңирүүгө күч коротпойт. Эми салыштырып көрөлү. Эч бир майдалатылбаган бүкүлүү жемдин сиңимдүүлүгү өтө төмөн болуп, мал аны дээрлик аш кыла албай кайра чыгарып таштайт. Ага көп убакыт, арбын каражат коройт. Ал эми майдалатылуудан өткөрүлүп берилген жемдин аш болумдуулугу 55 пайыз. Жогорудагы эки процесске салыштырмалуу экструдирленген жемдин сиңимдүүлүгү 95 пайызга жетип, мал өтө тездик менен салмак кошууда.

– Арык малды кайсы базардан сатып алып жатасыз?

– Ат-Башы, Кочкор, Токмок, Каракол жана Бишкектин тегерегиндеги мал базарлардан алып келем. Экструдирленген жемдин дагы бир артчыкчылыгы – малдын бардык түрүн бирдей эле семиртүүгө жарайт. Ошондуктан баасы ылайыктуу келсе торпокторду, эчкилерди да сатып алуудамын. Азыркы күндө бардык чыгымдарды чыгарып салганда, ар бир койдон 1000 сомдон ашык каражат табууга болот. Ай сайын 100-150гө чейин койду сатып жатабыз. Ар бир айдагы накталай киреше 100 000-150 000 сомго чейин жетет. Суткасына жемди бир жолу, чөптү да бир жолу берем. Айрыкча бул бизнес айыл жериндегилер үчүн абдан жакшы киреше.

– Кепилдик фонду сиздин алгылыктуу тажрыйбаңызды аймактарга жайылтуу максатында колдоого алып жатыптыр. Ушул жагдайга токтоло кетсеңиз.

– Новосибирск шаарынан “Агро-инженеринг” аппаратынын чоңураагынан экини алып келгени жатам. Мендеги аппарат саатына 50-60 кг. жемди экструдирлөөдөн өткөрөт. Алып келе турган эки чоң аппараттын ар бирөөсү саатына 400-500 кг. жем иштетет. Көрүнүп тургандай, өндүрүмдүүлүгү 10 эсе көп. Анын бирөөсүн жем чыгарып, малымды семиртүүгө колдоном. Экинчисин мал семирткен фермерлерге экструдирленген жемди сатып, бизнестин дагы бир багытын ачсам деген оюм бар. “Агро-инженеринг” аппаратынан экөөнү алып келсем, жыл бою жем чыгарууну токтотпойм. Ошондуктан “Айыл банктан” кредит алуудамын. Кепилдик фонддун кыз- маткерлери бизнес-план жазууга жардам беришти. Аталган ведомстводо алгылыктуу долбоорлорду дароо колдоого алган ынтызар кадрлар иштейт экен. “Айыл банк” үйүмдү жалпысынан 4 млн. сомго баалаган, анын жетпей жаткан 1 млн. сомун Кепилдик фонд берүүдө. Андан тышкары, алып келинген аппараттарды орноштурууга да Кепилдик фонддун колдоо көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Менин 2 млн. сомду тоют алууга, 2 млн. сомду аппараттарды сатып алууга жазган долбоорум бекиди. “Айыл банк” кредитти 5 жылга 8 пайыз менен берип жатат. Бүгүнкү күндө короодо 500 кой багылууда. Андан тышкары, быйылтан баштап эчкилерди да бага баштадык. Эчкинин эти кан басымы жогору адамдарга, кант диабетине чалдыккандарга жагымдуу. Эчкиде май аз болгондуктан мүнөздөп тамак жегендердин баарына пайдасы чоң. Торпокторду да байлап семиртүүгө өттүк. Айтор, азыркы күндүн рыногу талап кылып, кардар сураган малдын бардык түрүн кармоо керек.

– Сиздин койлорду Баткенден бери келип, дүңүнөн сатып алып жаткандарын уктук эле.

– Ооба, баткендик ишкерлер эки айдын ичинде 300 койду сатып алып кетишти. Алар дагы 100 койду семиртүүгө буйрутма беришкен. Ага февралдын ичинде келишет. Козуну 6000 сом, койду 7500 сом, чоң ирикти 8000 сомдон алып кетишүүдө. Койдун тирүү салмагы 55-60 кг, козунуку 40-45 кг болуп жатат. Ал эми ириктердики 70-75 кг чейин жетүүдө. Андан тышкары, Бишкектин чеке-белиндеги “Нарбото”, “Пригородный” мал базарларынан келгендер дүңүнөн сатып алышууда.

– Малды семиртип сатуу рыногунда сизге атаандаштар көбөйүп кетээринен коркпойсузбу?

– Коркпойм. Анткени, алты-жети жылдан бери 15 сотых короого 500дөн ашык кой, ал эми азыркы күндө башка малды кошуп багуу мен үчүн реалдуулукка айланып калды. Кыргызстандын эт экспортун азыркыдан алда канча жогорулатууга мүмкүнчүлүк толтура. Учурда экологиялык таза, даамдуу эттербизге чет элдиктердин кызыгуусу күч. Бириккен Араб Эмираттары, Катар, Кытай жана ЕАЭБдин рыногуна кыргыз эти экспорттолуп жатат. Мунун географиясын дагы кеңейтүүгө болот. Эт экспортун үзгүлтүккө учуратпоо үчүн түзүлгөн келишимдеги эттин көлөмүн туруктуу камсыздоо, эт продукциясын эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү керек. Койлорду интенсивдүү багуудан түшкөн киреше аймактарды көтөрүүгө абдан жакшы салым кошоруна ишеним чоң. Ошондуктан эт багытындагы фермерлер биригип, атамекендик эт экспортун бир кылка жолго койсок дейм. Анткени, биздин фермерлердин малы жайкысын жайлоодон эттүү түшүп, жазга чейин беш-алты ай бою кайра арыктаганча багыла берген адат бар. Тоюттун базасын жакшы түзүп алсаң, малдын бардык түрүнөн бирдей эле жакшы киреше табууга болот.

– Маегиңизге рахмат.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”