Инвестор иренжидиби? Каршыбыз деп эле жаалай берсек, инвестициялык жагымдуулугубузду кантип арттырабыз?

Кытай — дүйнөдөгү өтө тездик менен өнүгүп жаткан өлкө. Жакынкы жылдары АКШдан да алдыга чыгаарын алдыңкы экономисттер, серепчилер айтып келишет. Бүгүн Кытай менен ымала түзүүгө, кызматташууга кызыкпаган бир дагы өлкө жок болсо керек. АКШнын өзүнөн тартып Европа, Африка, Америка континенттерине чейинки мамлекеттер Кытайдын миллиарддаган долларлык инвестициялары менен жакшынакай эле өлкөсүн өнүктүрүп жатышат.

Дүркүрөп өнүгүп жаткан дал ошол Кытайдын жанында турган Кыргызстан мындай мүмкүнчүлүктөрдү толук колдоно албай, ири кирешеден куру жалак калганы турат. Кыргыз-кытай чек арасына жакын курулмакчы болуп жаткан Ат-Башы индустриалдык-логистикалык борбор Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттырган, экономикалык өсүүбүзгө өзгºчө дем берген мыкты долбоор болчу. Бирок элдин башын айландырып, бүтпөгөн баягы эле митинг-пикет, каралоо менен алек болгондор кытайлык инвесторду качырмай болду.

Акыркы кабарларга ишенсек, Ат-Башы индустриалдык-логистикалык борборунун негизги инвестору болгон кытайлык “One Lead One Trading Limited” компаниясы бул долбоордогу ишин токтотоорун айтыптыр. Жергиликтүү элдин каршылык акцияларына көз салып турган инвестор мындай кыйчалыш кырдаалда жумшай турган 280 миллион доллардын тобокелдигин ойлоно баштаган экен. Албетте, 280 миллион доллар оңой акча эмес. Жөндөн жөн эле эч ким мынча акчасын асманга чачкысы келбейт. Тообузду томкоруп, кенибизди казабыз дебей, какыраган ээн-талаага жаркыраган өзүнчө жаңы шаарды курабыз деп жаткан мындай инвестордун этегине эрмешип, жакасына жармашып алышыбыз керек эле.

ЖМКларга жарыяланган маалыматтарга ишенсек, кытайлык инвестор “One Lead One Trading Limited” компаниясы жергиликтүү элдин каршылыгынан айныкейи кармай баштаганбы, долбоордогу айрым кемчиликтерди да айта баштаптыр. Борбор курулуучу аймактын гидрогеологиялык шарттары жакшы изилденбей, логистикалык борборго техникалык жана ичүүчү сууну тартып келүү жагы оор болоорун, электр энергиясы менен камсыздоо дагы кыйынчылык жаратаарын айтышкан экен. Бул долбоордун келечеги күндөн күнгө туманданып, жогорудагы маселелер эртерээк чечилбесе, инвестор бул долбоордон баш тартаарын жакынкы арада расмий түрдө жар салат имиш.

Эгер окуя дал ошондой өңүттө өнүксө өлкөбүз көп нерседен куру калат. Кытай менен эле эмес, төгөрөктүн төрт бурчундагы ири инвесторлорго жол ачмакчы болгон бул индустриалдык – логистикалык борбор кыргыз экономикасын алдыга сүрөмөк. Кытайлык инвестор Лю Ин: “мен эч качан кредит албайм, эч кимден сурабайм. 280 миллион доллар өзүмдүн акчам. Маселе анда эмес. 280 миллион долларга инфраструктураны түзүп, салып коюш оңой эле иш. Негизги жумуш ал жакка салынуучу завод, фабрикалар. Менин башкы максатым, дүйнөлүк ири бизнес-форумдарга барып, жогорку технологиялык өндүрүштөрдү тартып келүү. Бул миллиарддаган доллар менен ченелген долбоор” – деген. Кыргызстандын географиялык уникалдуу шартына кызыккан европалык, түркиялык, россиялык ири компаниялар Кытайга терезе ачкан бул логистикалык долбоордун келечегин түшүнүп, астыртан баам салып турушкан. 15 миңге чейин жаңы жумушчу орундары түзүлөөрүн уккан жүздөгөн адамдар жаз алды менен ишке чыгабыз деп райондук акимчиликке жазылып да коюшкан. Курулуш компаниялары, азык-түлүк ташыган ишканалар даярдыгын көрүп, жүк ташуучу унаасы барлар техникасын даярдап, логистикалык борбордун курулушун өтө чоң үмүт, тилек менен күтүп атышты эле. Чынында ойлончу маселе. 280 миллион доллары менен каалаган жерине барып, каалаган бизнесин жасай берет. Ошол эле Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан аларды кучак жайып тосуп алат. Албетте, инвестор эң ириде өзүнүн кызыкчылыгын ойлойт, жумшаган 280 миллионун миллиардка айландыргысы келет. Бир тыйын коротпой Кыргызстан дагы ири утушка ээ болмок. Муну экономикалык билими жок жөнөкөй адам деле эң сонун түшүнүп турат. Бирок саясаттын сасык оюнуна айландырып, инвесторду кетирип ийсек, эбегейсиз эмгек жумшаган Өкмөттүн иши текке кетет, өлкөбүзгө мындан кийин инвестор ишенбей калат.

Тиленбек Азык

PS: Материал басылып жатканда, аталган борборду куруу долбоору токтотулгандыгы белгилүү болду.