Жаңы конуштардагы жан кейиткен көйгөй

Бишкек шаарынын айланасында азыр 50гө жакын жаңы конуш бар. Алардын дээрлик бардыгында он жылдан ашык жашаса да жер участогун мыйзамдаштыра албай жүргөндөр арбын. Үй ээлеринин көпчүлүгүндө райондук администрациялардын жер тилкесин бөлүп берүү токтомдорунун көчүрмөлөрү бар. Кезинде бул жер участокторун ошол кезде штаттык негизде иштеген маала башчылары 1000 доллардан 4000 долларга чейин сатышкан. Жер участогуна болгон жеке менчик укуктарын бекемдеген документтер кийин чыгат дешкен маала башчыларына ишенген эл ал жерлерге там, короо, складдарын салып алышкан. Баарынан кызыгы, жаңы конуш жашоочулары өзүнө берилген участоктун дареги боюнча шаардык каттоого турушуп, өздөрүнө, балдарына паспорт, күбөлүк алышып, свет, суу, таштандыга акча төлөп келишет. Ал тургай ушул дарек менен ооруканаларга көрүнүп, ишке орношуп, декретке, эмгек өргүүсүнө чыгып, чет өлкөлөргө виза ачтырып келишет. Мындан сырткары президенттик, парламенттик шайлоолордо да ошол дарек менен добуш беришет. Бирок, ушул кезге чейин бул жарандарга “кызыл китеп” (Жер участогуна болгон жеке менчик укук тууралуу мамлекеттик акт) ар кандай шылтоолор менен берилбей келет. Документ үчүн көп жыл акчасын, убактысын, нервин коротуп, айласы кеткенде адвокат жалдаган адамдар да бар. Бүгүн биз алардын бирин мисал катары тартууну туура көрдүк

 Мирлан ЭСЕНГЕЛДИЕВ, «Калыс-Ордо» жаңы конушунун тургуну: “Жерибиз мыйзамсыз болсо эмнеге мамлекет суу, светке акча алып жатат?”

– Бул жер участогун 2007-жылы ошол кездеги “Калыс-Ордо” жаңы конушунун (ал кезде Калыс-Ордо жаңы конушу №16 Мамлекеттик аймактык башкармалыгы болчу) башчысы Сабырбек Өмүралиевден мыйзамдуу түрдө 1500 долларга сатып алганбыз. Ал бизге калган документтер кийин чыгат деп Биринчи май районунун акими Тилек Акамбаевдин колу, мөөрү басылган токтомду берген. Токтомдо “745 К” жер участогу Мирлан Эсенгелдиевге бекитилсин деп жазылып турат. Ал кезде биз мамлекеттин мыйзамдуу өкүлү Сабырбек Өмүралиевге ишенип, “К” деген эмне экенине деле маани берген эмеспиз. Ошентип 2009-жылы тамды бүтүрүп кирип, үйдүн документин бүтүрөлү десек “К” ларга документ берилбейт дешти. Ошондон бери эле мамлекеттик акт ала албай келатабыз. Бирок, 12 жылдан бери сууга, светке, таштандыга акча төлөйбүз. Бир аз кечиктирсек суу, светибизди кыркып кетишет. 2019-жылга чейин “Калыс-Ордо 745 К” дарегине берилген үй китепчеси менен өзүбүзгө, балдарыбызга паспорт алып, ооруканаларга көрүнүп келдик. Эки балам “Калыс-Ордо 745 К” дареги менен виза ачтырып, чет өлкөлөргө чыгып келишти. Эми “кызыл китеп” (Жер  участогуна болгон жеке менчик укук тууралуу мамлекеттик акт) жок болсо паспорт, күбөлүк ала албай, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөрдү да каттата албайт экенбиз. Документти бүтүрөлү деп биз алгач “Бишкек башкы архитектурасына”, Бишкек шаардык Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына кайрылсак генпланда, картада да участогуңар жок экен дешти. Анан биз Бишкек шаарынын Жеке турак жай курулуш департаментине (азыркы Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы) барып каратсак биздин участок картада бар экен. 2013-жылы бул департамент “745 К” жер тилкеси мага «Бишкек башкы архитектурасынын» генпланына ылайык бөлүнүп берилгенин тастыктаган Накталай жер тилкени бөлүп берүү актысын берген. Актыда жердин чектери белгиленген карта да тиркелүү. Ошол документ менен “Бишкек башкы архитектурага”, Бишкек шаардык Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына эки-үч жолу барсак “кызыл китеп” берилбейт дешти. Айлабыз кетип былтыр Ильичбек кызы Салтанат деген адвокатты жалдаганбыз. Ал азыр бардык жерге барып кайрылып жатат. Адвокаттын айтымында, тиешелүү органдар башында бул жер өзгөчө кырдаалдар министрлигине карагандыктан документ берилбейт дептир. Кийин мэриянын тиешелүү кызматтары “ал участок шаардык таштандыга жакын болгондуктан Саламаттыкты сактоо министрлиги уруксат бербей жатат” деген шылтоону айтышыптыр. Андай болсо мамлекет биздин жаныбыздагы кошуналарыбызга эмнеге “кызыл китеп” берген? Же аларга шаардык таштандынын түтүнү таасир этпейби? Түтүн “К” ларды эле каптап, ошолорго эле зыян болобу? Ушул жагы түшүнүксүз болуп жатат. Эртең биз келин алсак “кызыл китеп” жок аны кантип каттатабыз? Же кокус бирөөбүздүн паспортубуз жоголуп кетсе кайра кантип документ алабыз? Кичине кызыбызга туулгандыгы тууралуу күбөлүктү Биринчи май райондук администрациядан ызылдашып жатып араң алдык. Биздикиндей эле токтом менен бир кошунабыз он жыл мурун “кызыл китепти” 65 эле сомго алыптыр. Аларга эмнеге берилет дагы, бизге неге документ берилбейт? Эгер биздин участок там салганга тыюу салынган жер болсо эмнеге акимиат менен ДИЖС (Жеке турак жай курулуш департаменти) жер тилкесин бөлүп берүү токтомун, актысын берип жатат? Эгер биздин жер мыйзамсыз болсо токтом менен актыны мамлекет бербеши керек эле да. Бизден кийин түптөлгөн Ала-Тоо – 3 жаңы конушундагылар «кызыл китеп» алышыптыр. Эгер биздин жер участогубуз мыйзамсыз болсо мамлекет эмнеге свет, суу тартып берип бизден сууга, электр энергиясына акча алып жатат? Жер мыйзамсыз сатылса жер саткан маала башчы, аким, мэриядагы тиешелүү адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартышсын.

 Салтанат ИЛЬИЧБЕК кызы, Мирлан Эсенгелдиевдин адвокаты: “Бишкек мэриясынын чечими аткарылышы керек”

– 2019- ж ы л ы б и з г е Мирлан Эсенгелдиев жер участогу боюнча кайрылган. 8 айдан бери бул боюнча иштеп келе жатабыз. Буга чейин эки жолу соттук отурум болду, үчүнчү жолку отурум 16-мартка белгиленди. Мыйзам боюнча сотко чейинки өндүрүш жана соттук өндүрүш деген болот. Ошол тартип боюнча биз алгач “Бишкек башкы архитектурасы” муниципиалдык ишканасы менен Бишкек шаардык Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мыйзамсыз аракеттери боюнча Бишкек мэриясына административдик кайрылуу жолдогонбуз. Анткени, бизге бул эки ведомство “Мирлан Эсенгелдиевдин жер участогу картада жок болгондуктан тиешелүү документтерди бере албайбыз” деп жооп кайтарышкан. Мэрия болсо биздин арызды 2019-жылы 31-октябрда комиссиялык түрдө карап чыгып вице-мэр Уланбек Азыгалиевдин атынан Мирлан Эсенгелдиевдин арызы жарым-жартылай канааттандырылсын, “Бишкек башкы архитектурасы” тиешелүү тартипте бардык документтерди мыйзамга ылайык келтирсин деген чечим чыгарып берген. Бул чечимди чыгарган комиссиянын отурумуна мен өзүм да катышкам. Мэриянын бул чечиминде Мирлан Эсенгелдиевге 2007-жылы Биринчи май райондук администрациясы тарабынан “Калыс-Ордо” жаңы конушунан 400 квадрат метр жер участогу (№745 К) берилгени жана Бишкек шаарынын Жеке турак жай курулуш департаменти (азыркы Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы) 2013-жылы 26-апрелдеги актысы менен Жаңы конуштар генералдык планында “Калыс- Ордо №745 К” деген жер участогу бар экенин тастыктаганы жазылган. Биз ушул чечимдин негизинде кайра “Бишкек башкы архитектурасына” кайрылсак ведомство схемада “Калыс-Ордо 745 К” жер участогу бар экенин, бирок бул жер шаардык таштандынын санитардык- коргоо зонасына кирерин жана учурда такталып бүткөн схемалар райондук администрацияларга инвентаризациялоо үчүн жиберилгендиктен маселени чечүүгө азыр эрте экенин билдиришти. Ошондуктан биз кийинки сот отурумуна Саламаттыкты сактоо министрлигин, Бишкек шаардык Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгын жана Биринчи май райондук администрациясын чакырып жатабыз. Бишкек мэриясынын документтер берилсин деген чечими тургандыктан бул маселени М.Эсенгелдиевдин пайдасына чечүүгө аракет кылып жатабыз, — дейт адвокат Ильичбек кызы Салтанат.

 Эсти эки кылган эки ача маалымат

Бишкек шаарынын административдик арыз боюнча чыгарган чечиминде көрүнүп тургандай Мирлан Эсенгелдиевдин жер участогу боюнча Бишкек мэриясына караштуу ведомстволордо эки башка маалымат чыгып жатат. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы 2019-жылдын 14-августунда “Калыс-Ордо» жаңы конушунун генералдык планында (курулуш схемасында) “К” литерлүү участоктор жок экенин билдирсе, ушул эле жылы 16-октябрда “Бишкек башкы архитектурасы” муниципалдык ишканасы “Калыс-Ордо» жаңы конушунун курулуш схемасында №745 К жер участогу бар экенин билдирген. А Жеке турак жай курулуш департаменти болсо (азыркы Бишкек мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы) 2013-жылы 26-апрелде эле “Бишкек башкы архитектурасы” иштеп чыккан Генералдык планда М.Эсенгелдиевдин жер участогу бар экенин тастыктап жатат. Мындан Бишкек мэриясына караштуу жер тилкелерин мыйзамдаштыруу органдарынын иши башаламан экенин байкасак болот.

  Мэриянын “меткий” жообу

Он жылдан ашык жашаган жарандардын жер участоктору эмне себептен мыйзамдаштырылбай жатканы тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматына, тиешелүү бөлүмдөрүнө суроо салдык. Бир бөлүмү экинчи бөлүмүнө шылтап отуруп, акыры бизге мэриянын басма сөз кызматынан бул жооп келди. Эч кандай өзгөртүүсүз берүүнү туура көрдүк: “Биринчи май акимиатынын жообу: Себеби мамлекеттик каттоодо (Госрегистр) «К» индекси менен жер тилкелеринин генералдык планы берилген эмес, азыркы убакта «Бишкекбашкыархитектура» тарабынан генералдык план корректировка болуп жатат. Документ толугу менен иштелип чыгып, макулдашылып, кабыл алынгандан кийин гана документтерди алууга болот. («Калыс-Ордо», «Мурас-Ордо» жаңы конуштарында)”.

Р.S. Эске сала кетсек, Бишкек мэриясы үй салынган жер участок-торунун схемасын инвентаризациялап жатабыз дегенине он жылдын жүзү болду. Демек, бул корректировкалоо дагы канчага созулары белгисиз.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу»