Эл аралык алака: Максат – тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө

Казакстан Афганстандын катышуусунда Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешме, Шанхай кызматташтык уюму, Стамбул процесси, Борбор Азиялык регионалдык экономикалык кызматташуу форумдары жана RECCA (Афганстанда регионалдык экономикалык кызматташуу боюнча конференция) сыяктуу кадыр-барктуу уюмдардын аянтчаларында кызматташуунун натыйжалуу түрлөрүнө колдоо көрсөтөт.

Ошондой эле Казакстанда миңден ашык афгандык студенттер үчүн баасы 50 миллион доллардан ашкан билим берүү программасын ишке ашыруу улантылууда. Ушундай маселелерди жүзөгө ашырууну жакшыртуу максатында жакынкы убакытта Казакстан Республикасынын Афганстан боюнча Атайын өкүлү дайындалмакчы.

Казакстан Афганстандагы ички элдешүү процесстерине чоң ыкылас менен көңүл бурууда жана АКШ күч көрсөтпөй эде бул өлкөдөн жоопкерчилик менен чыгып кетет деген ишенимде. Афганстандын туруктуу өнүгүүсү анын Борбор Азия менен экономикалык карым-катнашын бекемдөө аркылуу күчтөндүрүлөт, Ошондо регион бул өлкөгө «туруктуулукту экспорттоого» мүмкүнчүлүк алат.

Казакстандын регионалдык жана глобалдык коопсуздукту камсыз кылуудагы ийгиликтүү ишмердиги жана салымы «Жусан» операциясы болуп калды. Америка Курама Штаттарынын материалдык-техникалык жардамы менен Казакстан Сириядан өзүнүн 500дөн ашуун жарандарын элине кайтарып алды, алардын көпчүлүгү аялдар жана балдар болчу. Эми өлкө алдында бул жарандарды реабилитациялоо боюнча татаал жана узак мөөнөттүү милдеттер турат. Казакстан бул багытта АКШ жана дүйнөлүк коомчулук менен кызматташмакчы.

Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине 2017–2018-жылдары мүчө болуп турган учурунда Борбор Азиянын жалпы кызыкчылыктарын коргоду, региондун ийгиликтүү жана коопсуз өнүгүүсү үчүн өзгөчө мааниге ээ маселелерди күн тартибине алып чыкты.

Алардын катарында терроризм жана экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана уюшкан кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү, ошондой эле чек аралардын коопсуздугун камсыз кылуу жана Борбор Азияда өзөктүк куралдан эркин аймакты түзүүгө жардамдашуу маселелери бар.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу»