«Поэзия – адамзаттын эң керемет табылгасы»

Акын Тайир АШИРБАЙ:

– Тайир, ыр дүйнөсүнө кантип келдиң?

– Мен бала чакта сүрөтчү болууну эңсечүмүн. Айтор, сүрөт тартып жүрүп, поэзиянын ааламына терең сүңгүп киргенимди өзүм да билбей калдым…

– Поэзия сен үчүн эмне?

– Муну бир-эки сүйлөм менен айтуу кыйыныраак. Поэзия – тигил, же бул адамга Кудай тарабынан берилген баасы жок белек. Ыр дүйнөсү – адамзаттын эң улуу табылгасы. Адам баласынын эң алгач уккан ыры –Эненин алдейи. Акыркы сапарга аттанган кишиге кошок айтылат. Бул экөөсү тең ыр саптардан куралып жатпайбы?!

– Чыгармачылык өнөр канаңа баш багып көрсөк болобу?..

– Менин өнөрканам учуп жүрүүчү килемге окшош. Мен кайда барсам, өзүм менен кошо жашайт. Өзүм Лейлек районундагы Ак-Суу айылында жашаймын. Мектепте иштеймин. Окуучуларга кыргыз тили жана адабият сабактарын окутам. Мектепте жүрсөм, китепкана чыгармачылык бөлмөмө айланат. Үйгө келсем, бала-чакам олтурган жерди ыр жаза турган чакан мамлекетке айландырам. Мына ушундай.

– Учурдагы кыргыз адабиятына кандай баа бересиң?

– Кыргыз адабияты дүйнөлүк адабият дарагынын бир бутагы болуп саналат. Дүйнөлүк адабий майданда болуп жаткан жаңылануулар, өзгөрүүлөр, ар түрдүү изденүүлөр бизге өз таасирин тийгизбей койбойт. Илгери союз мезгилинде орус тилине которулган чыгармалар аркылуу кеңири аудиторияга, бөтөн элдерге жетүү оңоюраак болоор эле. Азыр андай жок. Бирок, кол куушуруп олтурганга болбойт. Адабий процесс жандуу болушу керек. Мезгилден артта калуунун кимге кереги бар? Казакстан мамлекети «Улуу талаанын жети кыры» аттуу өтө чоң долбоорду кыймылга келтирип, анын негизинде боордош казак элинин көрүнүктүү акын жазуучуларынын чыгармалары дүйнөлүк тилдерге которулуп жатат. Парижде, Каирде, Москвада казак калемгерлеринин антологиялары жарык көрдү. А түгүл, ошол орошон китептердин бет ачарлары өткөрүлдү. Өзбекстандык акын жана котормочу Аъзам Абидов өз мекенине Нобель сыйлыгынын эки үч лауреатын чакырып, өткөн жылда эң сонун жолугушууларды уюштурду. Биз коңшулардан үлгү, өрнөк алсак болчудай.

– Канткенде улуттук поэзиябызды дүйнөлүк деңгээлге көтөрөбүз?

– Кан-жаныбызга терең сиңген көрө албастык, кайдыгерлик, жалкоолук деген терс көрүнүштөрдөн арылып, бири-бирибизди колдоп турсак, алга сүрөсөк гана өсөбүз. Өсөөр эл өзүн сыйлайт. Жандооч кийик аттырат. Жылдызы жанып келаткан жаштарды сүйөп-таяп, такшалтып туруу зарыл! Бир кездерде Чыңгыз Айтматовду Мухтар Ауэзов менен Луи Арагон кандай колдошсо, азыркы Нарсулуу Гургубай, Максат Жангазиев, Улукбек Омокеев, Садырбек Турдубек уулу сыяктуу дүңгүрөгөн дүбүрттүү, жалындуу жаш акындарга улуу муундагы дөө-шааларыбыз ак батасын беришсин! Бизде Токтогул сыйлыгына чейин гана өсүү бар. Кыймылдаган кыр ашат. Изденсек, илгерилейбиз!

– Кыргыз адабий сынына кандай баа бересиң?

– Бизде күчтүү сынчылар, адабият таануучулар бар. Бирок, күч-кубаттуу адабий сыныбыз жок. Айтор, азыркы акындар, жазуучулар чыныгы сынды көтөрө албай калышты. Бирөө катуураак сындап койсо, таарынышат. Андан көрө чийки чыгармасын кайра-кайра оңдоп түзөбөйбү?!

– Өзүңдүн табитиңе жаккан, жүрөгүңдөн түнөк тапкан китептер тууралуу кеп козгобойсуңбу?

– Испан акыны Федерика Гарсиа Лорканын «Эң кайгылуу шаттык» деген китеби мага сары майдай жагат. Дагы бир испан жазуучусу Сервантестин «Дон Кихот» романын тээ окуучу кезимде окуган элем. Мигель де Сааведра Сервантес — менин эң жакшы көргөн жазуучум! Латыш, француз, япон, кытай, орус жана өзбек поэзиясы менен жашыл жаштык курагымда кеңири тааныштым.

– Кыргыз калемгерлеринен кимдерди туу тутасың?!

– Албетте, Ала-Тоонун кулуну болгондон кийин, жалпы кыргыз адабиятын сыйлаймын, урматтаймын. Мукай Элебаевдин «Узак жол» романындагы стилдик чеберчиликти жогору баалаймын. Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» романында кыргыз тилинин сулуулугу, жылуулугу, улуулугу жарык чачып жаркырайт. Ал эми Кубатбек Жусубалиев көөнө Чыгыштын ойчулдарындай ой жүгүртөт. Кубат акенин ой-толгоолору коргошундай салмактуу. Мурза Гапаровдун прозасында өрүктүкүндөй ширин даам бар. Сагын Акматбекованын поэзиясы – дүйнөнүн сегизинчи керемети! Рамис Рыскуловдун ырлары – түндө, ооба, түнкү асманда жаркыраган күн!

– Устаттарың кимдер ?

– Менин пир туткан устатым– лейлектик акын Атакул Жакыпов. Абдилаат Дооров деген айга, күнгө алмашкыс устатым бар. Ошондой эле Гапыр Мадаминов, Аскар Ражабали, Мурзапар Үсөн, Абдинави Даабеков, Кочкорбай Казакбаев, Курсаналы Пакыров аттуу чыгармачыл агаларым бар. Өрүкзарлуу өрөөндөгү өзбек тилдүү Авлияхон Эшон, Илаш Тойчу деген акындар менен баарлашып турамын. Куш ысымдуу Лейлек жергем – ырдын, поэзиянын мекени. Жыл сайын залкаракын Курбаналы Сабыровдун туулган күнүндө – он жетинчи апрелде Лейлекте «Поэзия күнү» белгиленет. 1991-жылдан бери ушул майрамды өткөрүп келебиз. Быйыл ошол мааракенин отуз жылдыгын белгилейбиз. Лейлек райондук мамлекеттик администрациясы бул иш-чаранын башында туруп, демөөрчүлүк көрсөтүп жатат. Бул майрамдын эң башкы негиздөөчүсү, уюштуруучусу кумурскадай эмгекчил калемгер Абдилаат Дооров.

–Лейлекте жакшы адабий, маданий салт бар турбайбы?!

– Ооба, Исхак Раззаковдун кичи мекенинде акын-жазуучуларга өзгөчө көңүл бурушат. Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлык уюш-турулган, учурда отуз беш лауреаты бар. Биздин поэзия майрамыбыз эл аралык деңгээлге көтөрүлдү. Кыргыз, өзбек жана тажик акындары, жазуучулары чогулуп, кечке чейин ыр окуйбуз, жаңы китептердин бет ачарын өткөрөбүз. Дасторкон четинде адабият маселелерин козгойбуз.

Тайир АШИРБАЙ:

 ТАҢ АТТЫ

Боорума жакын таң атты,

Боз дөбө жакта жаңы атты.

Боз торгой таза үн менен

Бозоргон таңды агартты.

Талпынта кагып канатты,

Таң жаркын жашоо жаратты.

Талдагы күкүк таң калсын:

Табийгат — миң бир канаттуу!

Күн түркүн шоола таратты,

Күү черткен суулар шар акты.

Күүлөнүп жатып өзүнчө,

Күтүүсүз жерден таң атты!

КӨЧМӨНДӨР ЫРЫ

Эске түшөт эскирген ыр. Көчмөнбүз,

Эмнегедир толук жанбай өчкөнбүз.

Ак таңдарга камыр-жумур жуурулуп,

Асман, жерде эриш-аркак өскөнбүз.

Элден мурун ачылганбыз, ачылдык,

Эрте жазда кеңдиктерге чачылдык.

Көз тийдиби, сөз тийдиби, ким билет,

Колубузда турган кушту качырдык.

Бизден калган бөксө тоолор, адырлар,

Боздоп-сыздап жетимсирейт азыр да.

Артыбызда дүбүрт сымал дүңгүрөйт,

Атка минген уламыштар, аңыздар.

Кайра атабы ошол улуу таңыбыз,

Качан кайнайт козголоңчул каныбыз?

Бүркүттөрдөн бизге кайтып келеби,

Бийиктикти кучактаган чагыбыз?

ЖУКА

Кичүүлөр улууларды укпай койду,

Күйгөндөн тилим кыска, тилим жука.

Оо, азыр гүлдөр эркин чыкпай койду,

Ооруган дилим куса, дилим жука.

Ата Журт, ыза кылган сени кимдер,

Аптабыңжалын эмес, табыңжука.

Кайдасың, бычакка сап эр жигиттер,

Катарым калыңэмес, сабым жука.

Тоолорго сөзүм качан айбат кылат,

Тону жок ыйманымдын сүрү жука.

Чоңдордон чогулушта жардам сурап,

Чыгарган китебимдин түрү жука.

Кабылан Манас үчүн жанды сууруп,

Какшаймын! Эгемендик доорум жука.

Кумтөрдү сактап келген калкым туруп,

Ким билет, неге менин колум жука!?!

КӨРӨ АЛБАСТЫК

Биз, кыргыздар, аз эмес, көп адаштык,

Бийик жердин төрүндө өр талаштык.

Шолоктойбуз бармакты жара тиштеп,

Шордуу журттун илдети –көрө албастык.

Уюткубуз кур окшойт. Сүйүнбөдүк,

Улут үчүн күйбөдүк, күйүнбөдүк.

Манкурт болуп, баарыбыз манкурт болуп,

Манас менен Чыңгызды түшүнбөдүк.

Тазбайматты тамшанткан сууну жуттук,

Таза сууну какшаткан ууну жуттук.

Бирибизден миңибиз кыйынсынып,

Билинбестен кыйрадык, сынып бүттүк.

Караңгыда жарыкты көрбөс болдук,

Калкыбызга көңүлдү бөлбөс болдук.

Элибиздин эртеңи ойлондурат,

Эмнеликтен Абыке, Көбөш болдук?

КОЛУМДАН КЕЛГЕН ИШ

Бакырат, өкүрөт башкарма,

Багыттар тосулган. Жол жабык.

Кошулам башы маңжаштарга,

Колумдан келгени — Кол чабуу.

Жадатат жасалма күлкүлөр,

Тажатат жеңилүү, багынуу.

Тукуруп, кутуруп түлкүлөр,

Туурумда көргөнүм — Жагынуу.

Чокморлуу чок көсөйт чогулуш,

Чоңдордун чойгону — кош оомат.

Коёндон коркконго догуруп,

Колумдан келген иш — Кошомат!!!

КУРУ НАМЫС

Өзүбүздү өзүбүз курутабыз,

Өрөпкүткөн сөзүбүз — куру намыс.

Алай-дүлөй заманда ааламдашып,

Ала-Тоону атайын унутабыз.

Баш көтөргөн немени жемелейбиз,

Бей-бечара пендени тебелейбиз.

Бизден көрө «бак» эткен бака жакшы,

Бешенебиз шор экен эбегейсиз.

Эркиндикти тескери терилейбиз,

Эр Манастын эгемен жерин жейбиз.

Алда кандай дилдеги кылды чайнап,

Айды жейбиз, жылдыздын көрүн жейбиз.

Колу-буту тушалган кул болобуз,

Күл ташыган күйүттүү күңболобуз.

Ушул тагдыр таш капсын! Мындан ары

Улуу Таңды чакырган Күн болобуз!

АППАК КӨМҮР

Биз — саткынбыз. Калкыбызды сатабыз,

Биз — качкынбыз, элден безип качабыз.

Зардалыдан атсын биздин заманды

Замбирекчен Асан Кайгы атабыз

Үйдө баатыр, жоодо жокпуз баарыбыз,

Үркүп жашайт жашыбыз да, карыбыз.

Ичибизде чөгүп жаткан кербенге

Ит сыяктуу үрөт намыс, арыбыз.

Журт көзүнчө кейип-кепчип жашыйбыз,

Жутту төргө, кутту көргө ташыйбыз.

Кожогаттуу, карагаттуу мекенде

Койду жуткан карышкырды кажыйбыз.

Арманыбыз Айды кыркат араалап,

Асманыбыз ыйлай албай карарат.

Аппак дейбиз абдан кара көмүрдү,

Ал күйгөн соң, күл болгон соң агарат.

Болотбек Таштаналиев «Кыргыз Туусу».