Коби Брайант командасынын жеңиши үчүн курмандыктарга да бара алган…

Аты дүйнөгө таанымал белгилүү америкалык баскетбол падышасы Коби Брайант күтүүсүз кырсыктан улам көз жумганы миңдеген күйөрмандары үчүн орду толгус жоготуу болду. Андан да эң эле өкүнүчтүүсү, Брайанттын 13 жаштагы Жианна аттуу кызы да бул кырсыкта мезгилсиз дүйнө салды. Бул тарых саптарындагы эң эле аянычтуу, жүрөк ооруткан кайгылуу окуя болуп калды.

Темирдей күчтүү Брайант да көз жаш төккөн

Баскетбол дүйнөсүндө Коби Бин Брайанттын ысымы өзгөчө сыймык менен айтылат. Ал башка баскетболисттерден өзүнүн өтө шамдагай жана таң калаарлык сырдуу тактикасы менен айырмаланган. Ал өз кесибин жанындай сүйгөн жана ага карата чоң берилгендик менен мамиле жасаган. Коби Брайант баскетбол боюнча АКШ курама командасынын жана Улуттук баскетбол ассоциациясында “Лос-Анжелес Лэйкерс” баскетбол клубунун оюнчусу катары белгилүү болгон. Ал бирдиктүү командасы менен биргеликте ар бир матч убагында күчтүү чеберчилиги менен эсте калаарлык оюн көрсөтүп, эки жолку Олимпиада чемпиону, беш ирет УБАнын чемпиону болууга жетишкен. Коби Брайант америкалык баскетбол командасынын жүгүн ишенимдүүлүк менен көтөргөн эң алдыңкы, күчтүү, тайманбас оюнчулардын сап башында турган. Бул үчүн ал маңдай терин агызып, күнү-түнү тынымсыз машыгып, оюндарда эң көп упай топтоого умтулган. Албетте, спортто атаандашуусуз чоң ийгиликтерди багынтуу мүмкүн эмес. Бирок, кара ниеттик, эки жүздүүлүк менен эмес, жакшы жагынан алганда, бири-биринен ашып түшкөн курч жана ишенимдүү багыт– спорттогу ири өсүштөрдү камсыздайт эмеспи. Кантсе да, адам мүнөзүндөгү оң-терс кыялдардын орун алышындай эле дүйнөнү дүңгүрөткөн спортчулардын деле спорттук жүрүштөрүндө өйдө-төмөн, чабал-күчтүү ж.б. жактарын байкоого болот. Эксперттер же бекерчилер албетте, отуруп алып, оңой-олтоң сын-пикирлерин жаадырып, түрдүү өңүттө ар кандай кеп-сөздөрдү, имиштерди айткан менен дүйнөлүк аренада күч сынашкан спорт жылдыздарынын ар биринин орду татыктуу жана кайталангыс. Ар биринин машыгуу залындагы тыныгуусуз эмгеги, аракети, дарамети өзүнчө чоң сөз. Бири жараткан рекорддук тепкичти экинчиси мүмкүн бир нече жылдан кийин кайталайт же бири багындырган ийгиликке башкасы өз маалында жетише албай калышы ыктымал. Бул – спорт мыйзамы. Каарманыбыздын да өзүнө тиешелүү, эч ким кайталай алгыс артыкчылыктары болгон. Коби Брайанттын кыймылы ушунчалык шайдоот жана ар бир беттеш убагындагы профессионалдуулук менен байланышкан ыкчам ыкмасы кайраттуулукту жана майтарылгыс чоң күч-кубатты, ташкындаган энергияны көрсөтүп турган. (Коби Брайанттын архивдеги оюндарын көрүп отуруп, таң калуубуз чексиз болду). Ал атайын баскетбол спорту үчүн жаралгандай таасир калтырат. Брайанттын дене түзүлүшүнөн баскетболчуга таандык бардык артыкчылыкты байкоого болот. Ал бул жетишкендигин эң сонун башкара да, пайдалана да алган. Анын шадылуу колдору башка оюнчулардан кескин айырмаланган жана бир нече алыстыктагы аралыктан да эң эле татаал болгонуна карабастан, баскетбол торуна топту таамай сала алган. Анын ар бир чабуулу коргоочуларды кооптондуруп турчу. Жеңил секириги, кыймыл-аракетиндеги бий сыяктуу өзгөчөлүү топ берүүсү менен мелдештерде бүйүр кызытаарлык, суктанаарлык оюндарын көрсөткөн. Брайант катышкан ар бир матч күйөрмандарын таң калтырып турган. Ал машыгуудан жана уюштурулган беттештерден ырахат алып, командасы үчүн улам бир жеңишти, улам бир гармонияны камсыздап, болоттой курчуй берген. Чебер баскетболчу өз командасы үчүн жан аябас эмгек жумшаган жана курмандыктарга да бара билген. Ал өз атын, өз атагын чыгарууну эмес, биринчи кезекте, өз клубунун ишенимин актап, жан дили менен бүтүндөй потенциалын көрсөтүүгө ашыккан. Ал келишимдүүлүк менен кыраатын келтире таза ойногон. Айрым каршылаштары оюн учурундагы анын стилинин башкача, дасыккан, жетишээрлик уникалдууэкендигин жакшы билген жана бул үчүн баскетбол падышасынжек көрүүгө чейин барышкан… Тыным билбеген машыгуу, өз кесибин артыкча баалоо – Коби Брайанттын аруу кыялынын, бийик максатынын ишке ашуусуна түрткү берген. Анын сыймыктуу жолунда тоскоолдуктар менен катар күтүүсүз кырсык да орун алган. 2013-жылдын апрель айында “Лос-Анжелес Лэйкерс” клубу менен “Голден Стэйт” мелдеши өтүп жаткан маалда Брайант кандайдыр бир көз ирмемдик жаздым кыймылынан улам бутунан жаракат алат. Операция ийгиликтүү өткөнүнө карабай, Коби ошол маалда өтө сынып, чөгүп: “Канча деген машыгууларым, мээнетим төгүлөбү?! Бирок, мен кайрадан күчтүүлүк менен турам!” – деп абдан бушайман болуп, кайгырган экен. Ал дал ошол күтүүсүз кырсыкта темирдей бекемдигине карабастан, көз жашын төгүп, абдан мүңкүрөп, катуу кейишке батканы айтылат. Аны жөлөп таяп алып кетип бара жатышканда өткүр көздөрү муңга батып, ыйын токтото алган эмес. Бул анын өз кесибине карата чексиз берилүүсү, бийик тилегинин, талантынын баа жеткис күчү эле. Ал өжөр, эрктүү, тайманбас мүнөзү менен кайрадан кайраттанган, алдыга бет алган. Чоң атакка, болуп көрбөгөндөй урмат-сыйга ээ болгон легендарлуу оюнчу адамгерчиликтүү сапаттары менен айланасындагыларга жылуулук, жакшылык, кубаныч, теңдешсиз бакыт тартуулай алган. Ал туруктуу, үлгүлүү жолдош, камкор ата, эң ишенимдүү дос катары жакын санаалаштарынын кадырлоосуна ээ болот. К.Брайант “Лос-Анжелес Лэйкерс” клубундагы эң алдыңкы лидер, эң көп упай алган салмактуу, ишенимдүү, кадыр-барктуу жана эң башкысы, күчтүү оюнчу катары тарыхта өз ордун ээлейт. Ал бала кезиндеги өзүнүн кумири Майкл Жордан жеткен бийик атка эгедер экени айныксыз. Легендарлуу бул инсан 38 жаш курагында профессионалдык карьерасына чекит коюуну чечкен. Кайсы гана матч болбосун, ал анда кандай сергек жана билгичтик менен оюн көрсөтсө, демек өзү абдан баалаган жана баарынан кымбат койгон бул майдандан так ошондой татыктуу ат менен кетүүнү туура көргөн. Ал өз атасы – белгилүү баскетболчу, таланттуу машыктыруучу Жо Брайанттын татыктуу уулу боло алды. Анын көксөгөн тилеги ушул эле. Ал дал ушундай сыймыктуу, бийик

Нурзада САГЫНБАЕВА, “Кыргыз Туусу”