Майып балдар дагы коомго аралашкысы келет, бирок…

Өткөн айда Жогорку Кеңеште майыптыгы бар балдарды жалпы бала бакчаларда жана мектептерде окутууну сунуштаган мыйзам долбоорун депутат Дастан Бекешев жалпы жыйынга алып чыгып, биринчи окууда жактырылды. Бул мыйзамдын максаты майыптыгы бар адамдарды коомго аралаштыруу. Майыптыгы бар адамдар чынында эле көп учурларда элден бөлүнүп жашоо-турмуш Өткөргөндүктөн коомго аралашуусу татаалдыктарды жаратары барына белгилүү. Ошондой эле дени сак адамдар тарабынан алар басынтууларга туш болгон учурлары дагы кездешет. Учурда өлкө боюнча 30 000ге чукул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Алардын 2000ден ашыгы 14 атайын мектеп-интернатында окуйт. 300 тегерегиндеги балдарга мугалимдер үйүнө барып сабак берет. Бирок бул боюнча адистер кандай пикирде жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын Өздөрү коомго аралашууга даярбы? Мына ушул суроонун тегерегинде биз дагы жооп издөөгө аракет кылып көрдүк. Бул үчүн бизге “Эне тынччылык” коомдук фонду көмөктөштү.

Майып кыздын энеси Марипа БЕЙШЕНАЛИЕВА: “Кызымды бастырып, окутайын деп тилеп келем”

– Биз “Калыс-Ордо” жаңы конушунда жашайбыз. Бир кызым майып. Төрөлгөндөн эле ден соолугу начар болуп төрөлгөн. Көптөгөн кыйынчылыктарды баштан өткөрдүк. Кызымдын тагдырын ойлосом, заманам тарып кетет. Аны бастырып, сүйлөтүп, окутсам дегенде көзүм төрт. Мындай болуп калат деп эч качант оюма келген эмес. Тагдырдын сыноосу качан болсо да адамды сынайт тура. Кызыма окшогон оорулуу балдарды көргөндө, булар деле биздей жашоону баштан өткөрүп жатышат деп сооронуп калам. Энелик мээримди канча төксөң дагы бала чоңойгон сайын көп нерсеге умтула баштайт экен. Ошондуктан мектептерге барып окуса, тамга таанып, бир нерсеге үйрөнсө дейм.

Махмурат айым: “Эки кызыбыз тең майып болуп калды”

– Биздин төрт балабыз бар. Эки кыз, эки уул. Эки кызым Жаркынбек кызы Айзирек менен Жаркынбек кызы Хадича төрөлгөндөн эле оорукчан, баса алышпайт. Көрсөтөпгөн жерим да калбады. Өзүм эки кызды карап үйдөмүн. Мурда бала бакчага барышчу эле, эми бала бакчага да бара албай калдык. Жакында Ак-Сууга барып дарыланып келдик. Ошол жактан келгенден бери кичинекей кызымда бир аз жылыш бар. Кичине таканчыктап басып, аракет кылып жатат. Улуу кызым мурдагыдай эле. Өзүн кармап тура албайт. Дайыма бир кишинин жетеги менен болушат. Коляска менен жүрүшөт.

Кыздардын атасы Жаркынбек:

– Майып балдарды окутуш керек экен. Мына менин башымдан өтүп жатат. Албетте, жанагы таптакыр аң-сезими начар балдар үчүн кыйын. Ал эми акыл-эси ордунда болгон балдар башка балдар сыяктуу бир нерселерди үйрөнсөм дейт экен. “Эне тынччылык” фондуна сиздер аркылуу рахмат айткым келет. Ар дайым кол сунуп жардамын аябай келет. Бизге моралдык да, материалдык да колдоо көрсөтүп келет. Ушундай кайрымдуу уюмдардын аркасында балдар коомго аралашып, кичине эки жакка чыгып, концерт көрүп, кубанып калышат. Тилегеним эле ушул кыйынчылыктар артта калса, кыздарыма кыйналбагандай шарт түзүп берсем дейм. Кыз балдар үчүн жуунуп-тарануу үчүн шарт сөзсүз болушу керек экен. Айла канча пешенебизге жазганга моюн сунбай кое албайт экенсиң.

Баатыр эне Гүлсат САЙНИЛОВА: “Майыптар кайраттуу, иштерман болушат”

– Ушул “Калыс-Ордо” жаңы конушунда эле бир топ майып балдар бар. Президент балдарды коргоо жылы деп жарыялаганы балдарга карата мамилелер дагы жолго салына баштады. Мен өзүм көп балалуумун. Бирок, ушул жетим балдарды көргөндө абдан жүрөгүм чыдабай кетет. Өзүмдүн ата-энем мугалим болуп иштеп, бизди билим алууга абдан үйрөткөндүктөн, ушул балдар дагы билим алса деген тилекте “Эне тынччылык” фондуна жардам берип, аларды экскурцияларга алып чыгып, оюн-зоокторго алып барганда колумдан келишинче жардам берип келем. Анткени, балдарга кандай болгон күндө дагы колдоо керек болот. Алардын коомдон четке сүрүлүп калбай, жашап кетиши үчүн кимибиз болсок да жардамга келишибиз зарыл. Мен мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине кайрылар элем: балдарыңарды сүйгүлө, колдогула, кайгырбагыла, сабырдуу болгула, коомго аралаштырып өстүргүлө деп. Сүйүү балага чоң ишеним берет. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайраттуу, иштерман болушат. Аларга кичине эле таяныч болсо, алар канаттарын жайып, турмуштун азап-тозокторун жеңип кетишет.

“Эне тынччылык” коомдук фондунун төрайымы Жылдыз ШАМЕНОВА: “Баланы коомго аралаштырууда ата-эненин орду чоң”

– Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар ар кандай да. Кээси коомчулукка аралашууну жакшы көрүшөт. Кээси коркушат. Мындай балдарды мектептерге алып баруу дагы оор. Ден соолугу абдан эле начар болгону менен акыл-эси ордундагы балдар үчүн коомчулукта болуу жагымдуураак. Биз майыптар менен иштегенде көп эле күбө болуп жүрөбүз, баланын Өзүнүн же болбосо ата-энесинин аракети жок болсо, жыйынтык чыкпайт. Айрым үйлөргө барганда такылдап, оюн толук түшүндүргөн балдарды кезиктиресиң. Аларга эне-атасы жакшы көңүл бөлгөнү билинип турат. Балага тамакты өз убагында берип, колдон келишинче жашоого үйрөтүү ата-эненин милдети, биринчи кезекте эненики. Ошондуктан, биз сөз кылып жаткан мыйзам долбоору керек. Бардыгы болбосо да, окууга дилгир болгон, аракети күчтүү балдар үчүн керек. Окусам деген балдар азыр абдан кӨп.

Эне жана баланы коргоо борборунун Патология бөлүмүнүн неврологу Н.БАБАЖАНОВ: “Эч нерседен кем болбой окуп, иштеп жүргөндөр бар”

– Бардык эле ата-эне баланын ден-соолугун калыбына келтирүүгө аракеттенет. Бирок, беш кол тең эмес. Бир келин күйөөсүнүн таштап кеткенин, күйөөсү шал оорусу менен жабыркаган баласын «жакшы болоруна ишенбейм» дегенин айтты. Мындан улам ата-энелерди бекем болсо дейсиң. Бала ооруганда эне көбүнчө бардык нерсени жыйыштырып, баласына эле үйрүлүп түшүп калат. Ошонун айынан дагы үй-бүлө бузулат. Кичинекей кезинде баланын оорулуу экени билинбейт. Ал эми чоңойгондо түйшүгү көбөйөт. Өз баласына чыдабагандар да бар. Мага келген бейтаптардын ичинен деле эч нерседен кем болбой, окуп, иштеп жүргөндөр бар.

Аида НАДЫРБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”