Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүн кармады. Кармалган Кыргызстандын жараны 2014-жылдан бери түзүлгөн жамааттардын курамында экендиги аныкталды.

Ошондой эле, ал диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, Сирия аймагындагы согуш аракеттерине активдүү катышкан. Эл аралык террористтик уюмдун башчыларынын буйругу менен Кыргызстанда террористтик топту түзүүнү пландап жаткан. УКМКнын тергөө органдары Кылмыш кодексинин “Жалданмачылык” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган жаран УКМКнын тергөө изоляторуна киргизилди.

Кененирек: http://svodka.akipress.org/news:1388982?from=portal&place=top