«Экономикалык өнүгүү болмоюнча социалдык чөйрөдө оңдуу жылыштар болбойт»

Экономикалык өнүгүү болмоюнча социалдык чөйрөдө оңдуу жылыштар болбойт. Бул тууралуу Премьерөминистр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясында билдирди.

Жалал-Абад облусу – өнөр жай, энергетика жана туризм чөйрөсүндө олуттуу потенциалы бар аймак. Муну менен катар ушул жана башка тармактардын өнүгүүсүнө тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай жатат. Мисалы, өз каражаттарын салып, жеринде өндүрүш ишканаларын жана жумуш орундарын түзүп жаткан инвесторлордун иштөөсүнө айрым жарандар мүмкүнчүлүк бербей жатат. Ошол эле учурда буга жергиликтүү бийлик аракет көрбөй жатат. Аймак айыл чарбасындагы түшүмдүн жана кирешенин көрсөткүчү боюнча Чүй облусунан кийин эле экинчи орунда болуш керек болчу. Облустун жери түшүмдүү келип, климаттык шарты өтө жакшы. Бул артыкчылыктарды да колдоно билүү керек. Туризм боюнча да Жалал Абад облусу өтө жай өнүгүүдө. Биз бир гана Ысык-Көл менен чектелбешибиз керек, анткени биздин өлкө –бул туристтик бейиш. Туризмге күч жумшаса эле, ал акырындык менен өнүгөт. Бул багытта жергиликтүү бийликтин жасап жаткан кадамдарын көрбөй жатам,  деди М.Абылгазиев. Өкмөт башчы аймактагы өндүрүштүк ишөаракеттерге, анын ичинен Майлуу-Суу лампа заводун колдоонун зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Мухаммедкалый Абылгазиев аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында элеттеги ишкерликти өнүктүрүүгө кошумча 4 млрд. сом бөлүнгөнүн белгиледи.

— Эгерде ар бир аймакта 2-3төн ишкана ачылса, бул жергиликтүү калк үчүн мааниси чоң. Биз ар бир айылда ийгиликтүү ишкердин болушуна жетишүүбүз керек. Ошондо жаштар билим алганга жана ийгиликке жетишкенге аракет кылат,  деп белгилеген Премьер-министр бийик натыйжаларга жетүү ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерге, ар бир жаранга байланыштуу экенин айтты.

 Билим берүү тармагына 38 млрд. сом бөлүндү

 Учурдагы экономикалык реформалар биздин балдардын жаркын келечеги үчүн жасалууда, — деп билдирди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош облусундагы Өзгөн районунун Бостон айылындагы орто мектептиначылыш аземинде.

-Биздин бардык саясатыбыз билим берүүнүн деңгээлин жана сапатын көтөрүүгө багытталган, анткени келечек билимдүү адамдын колунда. Акыркы эки жылда 200дөн ашык мектеп жана 30га жакын бала бакча курулду. Мунун баары финансылык саясатты тура жүргүзгөндүн натыйжасы. Мына ошондой мектептердин бирин бүгүн ачып жатабыз. Мен окуучулардын гана эмес, алардын ата-энелеринин дагы бактылуу жүзүн көрүп кубанып турам. Бул мектептен акылдуу жана татыктуу жарандар тарбияланып чыгарына ишенем, — деди М.Абылгазиев. Өкмөт башчы 2020-жылы билим берүү тармагына 38 млрд. сом бөлүнгөнүн белгиледи.

-Биздин балдардын билим деңгээли мугалимдерге көз каранды экенин билебиз. Ошондуктан 2019-жылдын 1-октябрынан тарта мугалимдердин эмгек акысын 30%га жогорулатуу чечими кабыл алынган. Аларды шыктандыруу үчүн биз кимдин окуучусу республикалык жана эл аралык олимпиадаларда байгелүү орун алса, ошого сыйлык берүүнү сунуштап жатабыз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын алкагында үй алууга мүмкүнчүлүктүн түзүлүшү маанилүү турмуштук стимул болду. Эң алгачкылардан болуп мугалимдер «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК аркылуу турак жай алды. Мындан тышкары эми мугалимдердин өздөрүнүн Ысык-Көлдүн жээгинде пансионаты бар. Бул социалдык маселелердин баары мугалимдер балдарга билим берүүдө санааркабай,тынч иштөөсү үчүн чечилүүдө, — деп белгиледи Өкмөт башчы. Муну менен катар Мухаммедкалый Абылгазиев өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо жана билим берүүдө ата-энелердин ролунун маанилүүлүгүнө токтолду.

-Азыр ар бирибиз балдарыбызга татыктуу билим бергибиз келет. Эгерде сиздер балдарыңарга туура багыт көрсөтсөңүздөр, анда ал жакшы билим алууга жана келечекте өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга далалат кылат, — деп Премьер-министр сөзүн жыйынтыктады.

Маалымдама: Ош облусундагы Өзгөн районунун Бостон айылындагы орто мектеп 275 окуучуга ылайыкталган. Анын курулушу 2014-жылы башталган. Курулуштун жалпы сметалык наркы 88,5 млн. сомду түзгөн.

С.Орозобеков