Кыргызстан курама командасынын эмгеги

Кыргызстан курама командасы  Нью-Дели шаарынан ийгилик менен кайтты.

Азия чемпионаты 18-23-февралда Индия өлкөсүнүн Нью-Дели шаарында өткөн. Кыргызстан курама командасы чөнтөгүнө 11 медаль сала келди, 2 алтын, 3 күмүш, 6 коло медаль.

Кыргызстандык эркин күрөшчү Арслан Будажапов спорттук күрөш боюнча Азия чемпиону болду. 79 килограммга чейинки салмакта финалда Индиялык балбан Балиян Гоуров менен күч сынашып, 7-5 эсебинде өлкөбүзгө алтын медалды алып берди.

Дагы бир алтын медалды өлкөбүзгө алып берген  эркин күрөшчү Улукбек Жолдошбеков, финалда тажикстандык балбанды жеңип алган. Жолдошбеков кыргыздын күрөш мектебинен тарбияланып, Азия чемпиону болгон алгачкы спортчу болуп калды. Бул мелдеште Жолдошбеков көзүнө жаракат алган. Бул тууралуу ал командасы менен Бишкек шаарына учуп келгенде массалык маалымат каражаттарына билдирген.  Ал эркин күрөштү аркалаган балбандардын сап башында болуп келет, былтыр 23 жашка чейинкилер арасында Азия жана дүйнө чемпионатын багындырган.

Жигиттерибизден кем калышпаган балбан кыздарыбыздын бири Айсулуу Тыныбекова да өз өлкөсүнө коло медалды тартуулады. Тыныбекова япониялык атаандашынан жеңилип калып бирок коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Чоңдор арасында жергиликүү спортчу менен беттешип 11-0 эсебинде жеңип алган.

Айпери Медет кызы курама командага кыздардын ичинен биринчи байгени алып келди. Ал килем бетинде 76 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып келет. Ошондой эле грек-рим күрөшү боюнча Азат Салидинов менен Жоламан Шаршенбеков күмүш алса, Руслан Царев, Роман Ким коло медаль алды.

 

Асел Сүйөркул кызы