Франция желим буюмдардан баш тартат

Парижде тор баштыктарды сатып алуу талабы басымдуу көрүнүш. Эгерде желим бөтөлкөдө суу ичип жүргөндөрдү көрүшсө терс көз караштарын билдиришет.

Француз өкмөтү 2040-жылга чейин бардык желимден жасалган буюмдарды жок кылуу максатын койду. Буга алгачкы аракеттер башталды.

 Ушул жылдын 1-январында жергиликтүүлөр үч желим буюмдарды колдонуудан баш тартышты. Алар: Желим табак, желим чөйчөк жана пахта таякчасы.

Ал эми 2021-жылы желимден жасалган идиш-аяктарды, капкактарды, суусундуктарга арналган желим таңгактарды, контейнерлерди колдонууга тыюу салышат. Ошондой эле желим буюмдардын ордуна жеткирүүчүлөр кардарларга өздөрүнүн контейнерлерин сунуш кылышат.

 

Асел Раманкул кызы