Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Жан биринчи жолу Кызмончоктун эркине каршы чыкты. Келбе дегенине карабай, айылга түшүп келатты. Өздөрүнө жолукпаса дагы, акыркы ирет болсо да үчөөнү алыстан акмалап, үндөрүн угуп, сагынычын таратып кетүүнү ойлоду. Ушул маанай менен тоо этектей түшүп, аңызга жаңы эле тумшугу салынган маалда Сайранын жанагы ачуу чаңырыгы аны да селт эттирди. Андан көп  деле алыс эмес, тээ аңыздын ортосунда эшегин минип, он чакты койду алдыга салып алып тепеңдеп кетип бараткан Ишенбай да артына имерилип, айыл тарапты карап турду да, эшегинин башын буруп, жорголоткон боюнча кайра айылга түшүп кетти.

Тээ тигинде сууга келаткан кыз-келиндер да челектерин жерге коё коюп, кыйкырык угулган тарапка карап калышты. Баятан бери Кызмончоктон кабар алгысы келип, бирок батынбай келаткан жылан да жүрүшүн тездетти.

* * *

Жан түз эле Асылбектин үйүн карай бет алды.

Улам жакындаган сайын өз үйүнө, эң жакын адамдарына болгон кусалыгы көкүрөк-көөдөнүнө сыйбай, кудум адам баласына окшоп шашкалактап,  аптыгуудан какап-чакап келатты.

Ал азыр бардыгына кайыл өндөндү. Иши кылып эле үчөөнүн көзүн көрүп, үнүн угуп,  алыстан болсо да жытын искеп алса болду! Бул жашоодо ага андан ашкан бакыт, андан ашкан жыргал, кубаныч жок эле азыр!

Бирок Асылбектин үйү аны таптакыр башкача тосуп алды. Баягыдай гүл бакча болуп кулпурбай, коко тикенек басып кеткен короонун ичине саамга көз жүгүртүп, эч нерсе түшүнө албай турду Жан. Эшиктин алдына чейин жыбылжып жай  келип, ичкери жакка умсуна кулак түрдү.

Жымылдаган жымжырттыктан башка эч нерсе угулган жок. Ичи эңшериле түштү. Кыңайып ачык турган каалгадан башын салып, үйдүн ичин карады. Аңгырап бош! Жылан бир шумдукту сезгендей денесин жыйрып алды да, оор тулкусу үйдүн ичине агылып кирип келатып, бир убакта ары да, бери да кетпей токтоп калды..! Ээн үйдүн бурчунда алаканын жаагына жаздап алып, кичинекей кыз уктап жаткан болчу… Жан тирмийе тиктеп калды. Кыздын мойнундагы кыпкызыл мончокту тааныды…

Кызмончок так ушул кыздай кезинде, ата-энеси аны айылга келген соодагерден сатып алышкан. Мончок кичинекей жыланга да жаккан. Мөлтүрөгөн туптунук, барсайган кызыл мончокту тагынып алып, Кызмончок кубангандан айланкөчөк тегеренип, башы айланып жыгылган сайын кыткылыктап күлүп, улам кайра тура калып, жылан да аны тегеренип ойноп, айтор, баары катуу кубанышкан.

Жан кичинекей кызды чочутуп албайын деп, үйдүн аркы бурчуна барып, оролуп жатты. Ал кыздын ойгонушун күттү. Анын ким экенин, бул үйдөгүлөрдүн кайда кетишкенин, баарын ушул кыздан угуп, билчүдөй үмүттөндү.

Көп өтпөй эле кыз быйтыйган колдору менен көзүн ушулап тура калды да, кудум Кызмончоктун кичинекей кезиндегидей, мойнундагы шуруну кармалап, сонуркап карап отуруп, жыланга көзү уруна түштү. Же корккону, же таң калганы белгисиз, кирпик какпай катты да калды. Жылан да баланы чочутуп албаш үчүн демин ичине катып, былк этпей жата берди. Болгону гана, ал да кызд ы көрүп, билип жатканын билдириш үчүн куйругунун учун ары-бери акырын кыймылдатып койду. Кыз ошону түшүнгөн сымал, «жымың» этип күлүп жиберип, жыланды карай ашыкты…

* * *

Таң калыштуусу, Бүбү эне Бектемирдин да түшүнө кирди. Тирүү кезиндегидей эңкейбей, таягын колтугуна кысып алып, кадимкидей эле кайкайып, тээ бейиттер тараптан калдаңдап шашып келатыптыр…

– Эне? Бүбү эне?.. – Бектемир анын сумсайган суз, сүрдүү карашынан жалтактай түштү. Денесин «дирт» этип, көзгө көрүнбөс өрт-жалын каптап, денеси ысып-күйүп кетти.

Колтугуна кыстарган таягын кош колдой кармап, ошого бар күчүн сала таянып, бат эле анан маңдайында турду эне. Бир убакта ошол таякка жан кирип, «бүлк-бүлк» этип барып, заматта жыланга айланып кетти!

Бектемир ыргып-секирип, коркуп кетти. Бүбү эне болсо колунда тыбырчылап, туйлаган таяк-жыланды так кекиртектен муунта кармап турду да, Бектемирге: «Бул эмне кылганың?» – дегендей карады. Бектемир анын Кызмончок тууралуу сурап жатканын түшүнө коюп, башын жерге салды. Эне жигиттин оюн түшүнгөндөй, жумшара түшкөн сыяктанды. Кайра бат эле артына бурулуп, келген жагына кетип баратып, Бектемирге дагы бир карады. Бу саам анын көздөрүнөн Бектемир: «Кызмончокту кор кылбай, аярлап күтүп ал», – деген өтүнүчтү байкады. Аңгыча эле аял кишинин ачуу чаңырыгы чыгып, Бектемирди оор дене келип басып жыгылып, Бектемир эмне болуп кеткенине түшүнбөй, тыбырчылоого да алы келбей калды.

– О, кокуй! Баламды жеди, эл-жу-урт?! – деп жатты үн. Үн кулагына тааныш сыяктанып, бирок кимдики экенин ажырата албай, бир аз ирмемдердин ичинде Бүбү энеден башка эч кимди эстей албай жатты жигит. Жакын эле жерден, так эле кулак түбүнөн эми апасынын үнү угула баштады:

– Билгем, кокуй! Ушинтерин  билгем! Заматта чактырып ийдим коку-уй!!!

Уйку соонун арасында: «Мен өлсөм керек. Өлүп калыш ушунчалык оңой, анан тез экен го?» – деп ойлоду жигит. Байкуш апасын аяп кетти. Ага удаа эле атасынын:

– Турчу ары! Бошотчу баланы?! – деген үнү угулду. Үстүндөгү жүктү атасы алып ыргыткандай болду. Дене бою жеңилдеп, эс ала түштү.

– Бектемир?! Бектемир?! – атасы аны эки ийнинен жулкулдатып, башын өйдө кылды. – Аччы көзүңдү, кулунум?!

Дагы башка кобур-собрулар угулуп жатты:

– Эмне болуп кетти, Сайра жеңе? Тынччылыкпы?

– Сайра жеңе, көзүңдү ач, кокуй!

Ушунун баарын үзүл-кесил угуп жаткан Бектемир ойгонууга жакшы эле аракет кылып, бирок кирпигин көтөрүүгө дарамети келбей, колун өйдө кылууга шайы жок, денеси жанчылып «сулк» жатты.

– Э, Жараткан?! Э, айланайын Кудай! Эмне болуп кетти экен? – деп эки жерде үймөлөктөгөн эл эне-баланын абалын жыланга жоруп жатышты.

– Апа? – деди бир убакта ойгонгон жигит. Бетине суу бүркүлүп жаткан Сайра баласынын үнүн угуп, дартынын дабасы ушул өңдүү көзүн ачты.

Бектемир өзүн тиктеп, үрпөйүп турган ата-энесин, чогулган элди көрүп, эсине келе түштү:

– Эмне болду?

– Тирүүсүңбү, балам? – ыйламсырады Сайра.

– Апа, Кызмончок кайда? – жигиттин биринчи эле сураганы ушул болду.

– Кызмончок болбой, кымыран калсын! Ошол бир балакет кылды сени! Чаламандык чак түшүндө эс-учуң ду билбей жатып калыпсың!

– Уктап калыпмын. Сасык тумоонуку, апа.

Бектемир Кызмончокту издегендей, эки жагын айландыра карады.

– Ботом, келиниңер көрүнбөйт го? – аялдардын бири аны коштоп кетти.

– Кызмончок жеңем жана тиги үйүнө кирип бараткан, – деди босогодо эдирейип турган чыт курсак бала мурдун шуу тартып.

– Тиги үйүндө эмне, суутуп коюптуру ага?! Же күтүп алар бирөө-жарымы бар бекен?! Отургула, айланайындар? Жогору өтсөңөр, – деди Сайра жарданган элге. Келгендер отуруп, кужулдап кепке киришти. Бектемир эртеден берки окуяны, Кызмончок экөө нүн мамилесин, түшүн эстеп, көз алдынан өткөрүп отурду да, ордунан турду.

– Каякка?! – деди ортого дасторконун жайып жаткан Сайра анын кайда бара жатканын болжоп, жактырбагандай карап.

– Эч жакка.

– Койчу, балам, аны кубалаган киши жок. Кайда бармак эле, бир убакта келер. Келбей, жоголуп кетсе, андан бетер жакшы! Кетип калган катындын артынан чуркап, баа-баркыңды кетирбе, балам.

– Ооба. Энеңди ук, кагылайын, – деди улуураак кемпирлердин бири. – Кайда барар дейсиң? Ачуусу тараганда келет…

– Эмне, уруштуңар беле? – деди Асанбү адатынча жоолугун калдайган кулагынын артына кыстара коюп.

– Абышкамдын тизесине ысык чайды жаба куюп ийип жатпайбы, жарыбагыр!

– Апе-ей, атайылаппы? Ал эмнеси, кокуй?!

Баары бурулуп, Абылайды карап калышты.

Абылай ошондо гана дамбалчан отурганын эстей коюп, аркы үйгө кире качты эле, бир-эки келин «бырс» этип күлүп жиберди.

– Атасын күйгүзүп атса,  анан эркектана болгондон кийин: “Абайлабайсыңбы!” – дейт да, ботом. Мен да жөн турамбы. «Капырай, эси-дартың кайда?! Эмне болуп атасың?!» – деймби, же: «Ырас эле кылбадыңбы, айлананайын», – дешим керекпи?

Бектемир туруп, сыртка чыгып кетти.

Сайра артынан аңкайып карап калды эле:

– Тиги үйүндө киши жок болсо, аякка эмнеге барат? – деди аялдардын бири шектенгендей.

– Ырас айтат, эмнеси болсо да барып көрбөйлүбү.

Бири-бирин карашты. Чындап эле Асылбектин үйүн жыландар мекендеп алгандай элестеп, кээ бири денелерин жыйрып, ичиркенип да кетти.

– Барса, баралычы, – деди Сайра. – Э, абышка, басчы! Тигинде барып келели. Жанагы балаң да ошондой басты окшойт…

Абылайдыкынан чыккан бир топ аял-эркек Асылбектин үйүн карай жөнөштү.