Улуу Эрдик түбөлүк жашайт…

Быйыл 9-майда Улуу Ата Мекендик согушта Советтер Союзу фашисттик Германияны жеңгендигинин 75 жылдыгы белгиленет. Бул датанын учурда дүйнөлүк саясий тарыхый зор мааниси бар. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өткөн жылы Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабад шаарында КМШ өлкөлөрүнүн башчылары жолуккан учурда, кийинки самиттерде да анын өзгөчө маанисин баса белгиледи.

– Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү да өз иш-чараларын иштеп чыгуунун үстүндө, – деп билдирди ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Ырсахун Кулушев.

Ал эми ыйгарым укуктуу өкүл Марат Мураталиев журналисттер менен пресс-конференцияда облуста Улуу Жеңиштин 75 жылдык салтанаты өзгөчө эсте калаарлык белгиленерин айтты. Ал согуш ардагерлеринин ар бирине «Нива» автоунаасын белекке тартуулоо максатында, «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтты. Согуштун жана эмгектин ардагерлеринин облустук кеңешинин төрагасы Мүнүр Мамбеталиевдин маалыматы боюнча, облус боюнча 9 гана ардагер арабызда жашап жатат.

Андан тышкары Советтер Союзунун Баатырлары, жердештерибиз Чолпонбай Түлөбердиевге жана Асанбек Оторбаевге Талас шаарынын көрүнүктүү жерине чыныгы искусствонун үлгүсүндө айкел тургузулаарын ыйгарым укуктуу өкүл кошумчалады. Ошондой эле согуш ардагерлеринин сүрөттөрү, кыскача өмүр баяндары камтылган китеп даярдалууда.  Китептин калем акысын жана басмакана чыгымдары үчүн 300 миң сомдон ашык акча каражат маселеси «Бакубат Талас» фондусу аркылуу чечилгенин да айтып өттү. Китепти ардагер журналист Мүнүр Мамбеталиев даярдоодо.

Күн жылып, жаз келээр менен жер-жерлерде обелисктерди, эстеликтерди, айкелдерди жаңылоо, көрккө келтирүү боюнча иш аракеттер күчөтүлөт. Албетте, иш-чаралардын алкагында жаш муундарды Мекенди сүйүүгө, патриоттук духта тарбиялоодон тартып, согуш ардагерлерине жана орукта эмгектенгендерге камкордук көрүү, идеялык көркөм-эстетикалык тарбия берүүгө чейинки иш-чаралар камтылат.

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»