Майданга катышкан маданият ишмерлери

“Жеңиш–75” салтанаты быйыл 9-майда өзгөчө белгиленмекчи. Адамзат тарыхында 60 млн. Киши өмүрүн жалмаган согушта СССР элдери өз мекенин эле эмес, Европаны да гитлердик фашизмдин кара туманынан сактап калганы майдандагы каармандык менен ооруктагы күжүрмөн эмгектин эриш-аркактыгы, улуттар достугу жана алардын башын бириктирген большевиктик компартиянын уюштуруучулугу экендиги мезгил өткөн сайын даана тастыктоодо.

Мына ушул улуу казатка катышкан кыргыз акын-жазуучулары, басма сөз өкүлдөрү жана маданият менен искусствонун ишмерлери жөнүндө атайын иликтөө, алар боюнча кандайдыр бир эмгектерди жарыялоо, чыгармалары менен каттарынын атайын жыйнактарын китеп түрүндө чыгаруу, кино тартуу жана эскерткич такталарын же эстеликтерин орнотуу сыяктуу олуттуу иш-аракеттер 75 жыл ичинде дегеле эске алынбаганы кашкайган чындык.

Ушундан улам “Маданият майданда” чакырыгы алдында алгачкы кадам ташталып, кырктан ашык акын-жазуучу, он алты художник, тогуз киночу, он чакты журналист кан майданда салгылашып, он экиси курман болгону божомол түрүндө такталды. Божомол дегенибиз, бул иштер дагы тереңдетип изилдөөгө муктаж.

Ал эми фронтту атайын концерттик программа менен тейлөөгө барган таланттар негизинен кыргыз филармониясы менен опера балет театрынын кыркка жакын өкүлдөрү. Жалпы эл башына түшкөн кандуу мүшкүлдө кыргыз журналисттери, анын ичинде “Кызыл Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) редакциясынын кызматкерлери да жоо бетине аттанышкан.

Тилекке каршы, каарман эрдиктери менен эсте калган “КТ” журналисттеринен азырынча экөөнүн гана дайыны даана билинүүдө. Анын бири Дөөлөт Сулайманов согушка чейин “Кызыл Кыргызстанда” редактор орун басары катары эмгектенсе, 1941-жылдын июль айында армияга чакырылып, 1945-жылы Вершен шаарын бошотууда 35 жашында курман болгон.

Ал эми Махмудбек Гафаров аксакал согушту герман жергесинде аяктап, ал жердеги кайсы бир шаарды калыбына келтирүү иштерин жетектеген коменданттык милдетти аткарган. Тынчтык мээнети үчүн ошол шаардын ардактуу атуулу катары урмат-сыйды өмүрүнүн акырына чейин көрүп жүргөнүн редакцияда чогуу иштешкендер эскерип жүрүшөт.

Досой Кадыров, Абузар Хусаинов, Садыбакас Ералиев, Шаршеке Сматов сыяктуу журналисттерден бөлөк калемдештердин таржымалын тактап, толук-тоо зарыл. Ал эми курман болгондоруна, дегеле согушка катышкан адабият, басма сөз жана маданият өкүлдөрүнүн жаркын элесине арналган эстелик такталарды иштеген мекемелерине тагуу жана жалпы эстеликти Бишкек шаарында орнотуу колго алынышы абзел.

Бул жагынан “Советская Киргизия (“Слово Кыргызстана”) редакциясынын өрнөгү үлгү (фото).

 

Памирбек КАЗЫБАЕВ, Улуттук маданий борбордун басма сектор башчысы.