Саймага түшкөн салам кат

Улуу Ата Мекендик согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 150 миңдейи орден жана медалдар менен сыйланган. 29 адам Даңк орденин алса, 73 жоокер Советтер Союзунун Баатыры болгон. 90 миңден ашык кыргызстандыктар курман болгон. Дагы канчалары дайынсыз калган.

Мына ошондой кабары жок кеткен жоокерлердин бири – Асанбек Жунусалиев. Убагында анын кайсы шаарда, кайсы блокадада болгонун эч ким билген эмес. Кан майданга 1942-жылы кетип, ошо бойдон бир да кат-кабар жибербеген. Бирок,  үйдөгүлөргө  үч бүктөм кат жөнөтпөгөнү менен Асанбек ата айылдан аттанганы күндөлүк дептер ачып, ага күргүштөгөн ойлорун, эл-жерге, ага-тууганга, бала-бакырасына болгон сагыныч кусалыгын, мекенге жеңиш менен кайтсак деген изги тилектерин жазып жүргөн экен…

Арадан бир канча жыл өткөндөн кийин, баягы дептер балдарынын колуна тийген. Балдары демекчи, Асанбек ата согушка кеткен учурда 28 жашта болгон. Артында Алтын аттуу бир кызы, Назырбек, Совет аттуу эки уулу калган. Азыр  үч баласы тең тирүү.

Балдарынын улуусу Асанбеков Назырбек 84 жаштын чайын ичип, бактылуу карылыкты башынан кечирип жаткан чагы. “Азыр ойлосом, атам согушка кеткенде мен 6 жашта, иним Совет 4 жашта экен. Бала болуп, атамдын элес-булас эле билип калдык.  Өзү майдандан кайтпаса дагы, күндөлүк дептеринин колубузга тийгенине Кудайга шүгүр. Андагы жазылган маалыматтарды окусак, атамдар Атайдан (Тогуз-Торо району) чыкканы Жалал-Абад шаарына чейин жөө жүрүп, ашууну жөө ашышкан экен. Жалал-Абаддан поездге отуруп алып, Ленинградга жөнөгөндөр үн жазыптыр. Чамасы Ленинградда согушкан окшойт. Атамдан калган кол жазма бизге 1953-жылы тийди. Аны эжем Алтын 1956-жылы ак матага түрк үн түстүү жиптер менен саймага түшүргөн. Атабыз Асанбектин саймаланган салам дубайы 64 жылдан бери сандыкта жана ошондой эле, урпактарынын жүрөктөр үндө сакталуу”, – дейт ал.

Атайдан чыгып бөлүнүп,

Амандашып эл менен,

Ажырашып жөнөдүк.

Алланын салган ишине,

***

Калдама, даван мен аштым,

Карын бир кечип жөө бастым.

Кадыры сонун калкымдын,

Караанын көрбөй адаштым.

***

Көңүлүмдөн эч кетпейт,

Керимбү, Каухар, атамды.

Көрсөм деп зарлап турамын,

Көп сагындым апамды

Көңүлгө албай эч нерсе,

Калкалап карап тургула,

Назырбек, Совет баламды.

***

Калем алып колума,

Казалдын түштүм жолуна.

Кыдыр ата жар болсо,

Кайрылып кайра барарбыз.

Кайгырып калган биз  үч үн,

Карындаш, эже, ата-эне,

Капа болбой тургула.

***

Көрсөм бир жүрөк от болот,

Алты мүнөт токтобой,

Алдымда поезд октолот.

Азыраак, кыска жазайын,

Акыркы сөзүм токтолот.

Асанбек атанын сагыныч менен кусалыкка оронгон саптарын окуганда, анын ыңгайлуу мүнөт табылар замат койнундагы калем сабын ала коюп, ички сезимдерин кагазга т үш үр үп жатканы көзгө элестейт…

“Эсимде, ал кезекте почто кызматкерлери ак жана так иштечү. Бир дагы кат, бир дагы кагаз орто жолдо калчу эмес”,-деген Асанбеков Назырбек дептерди дарегине жеткирген ошондогу почточуларга ыраазы экенин айтат. Ошондой эле, фашисттик Германияга каршы согушка катышкан бардык жоокерлердин эрдигине таазим кылат. Назырбек аксакал учурда Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айылында жашайт. Байбичеси Сасыкулова Орозбү экөө 3 уул, 6 кызды тарбиялашты. Алардан 29 небере, 8 чөбөрө көрүштү.

 

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”