15-июнга карата аба ырайы

14-15-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүп, суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоосу ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 15-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн +14…+19, күндүз +23…+28,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +23…+28,

Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +27…+32,

Нарын жергесинде түнкүсүн +8…+13, күндүз +17…+22,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +9..+14, күндүз +18…+23,

Ал эми Бишкек шаарында 15-июнда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9дан 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +26…+28 жогорулайт.