Таластын улакчылары олжолуу кайтты

Ош шаарында Мекенди коргоо күнүнө карата көк бөрү боюнча ынтымак беттеши болуп өттү. Анда Талас районунун улакчылары биринчи орунду ээлеп, 300 миң сом менен сыйланды.

Эреже боюнча эки облустун төрт районунан сегиз команда түзүлүп, күч сынашкан. Жыйынтыгында Оштун командалары финалга чыга алган жок.

Ал эми Таластын Манас району төртүнчү, Бакай-Ата үчүнчү орунду ээледи. Талас району Кара-Бууранын командасын 1:0 эсеби менен жеңип, биринчи орунду алды.

Оюндардын байге фонду бир миллион сомду түзүп, баш байгени уткандарга 300 миң сом ыйгарылды.

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”