…Бирок дагы жан дүйнөмдүн жарасын, Кара өлөңсүз кантип гана эмдейин?

…Жакынкы жылдардын аралыгында айрым орус классиктеринин, коңшу казак боордошторубуздун чыгаан акындарынын чыгармаларын которуптурмун. Айрымдары интернет айдыңында жүрөт окшойт. Колго тийгендерин топтоштуруп “Кыргыз Туусунун” окурмандарына сунуш кылып турганым.

Анна АХМАТОВА

Ырлар жүрөтназик дагы, шайкелең

Жакпайт мага өпкөсү чоң одалар,

Элегия кербездиги ашынган.

Ырды сүйөм келе калган капыстан,

Адам күтпөс бир жерлерде жашынган.

Акыр-чикир арасынан табасың,

Өсөт ырлар, уялбай да сестенбей,

Каакым гүлдөп эски короо түбүндө,

Алабата, кызыл куурай өскөндөй.

Жайларда анан орой үндөр угулган,

Дубалы ным, эбак кеткен жыттанып.

Ырлар жүрөт назик дагы, шайкелең,

Элге жаккан, а мен жазган шыктанып.

Михаил ЛЕРМОНТОВ

БАЛЛАДА

Деңиз жээги, колун артып эркелеп,

Жигитине сулуу айтат мындай кеп.

Укчу жаным, абайсыздан мен бүгүн,

Суу түбүнө мончогумду түшүрдүм.

Мени сүйсөң тээ тереңге барып кел,

Мончогумду мага таап алып кел!

Эс акылын сүйүү ээлеген ал жигит,

Эч ойлонбой кетти сууга секирип.

Ак жал толкун бирин-бири камчылап,

Жээкке урунуп, кайра артка тартылат.

Деми токтоп калган өңдүү дүйнөнүн,

Сулуу күтөт суу түбүнөн сүйгөнүн.

Кандай бакыт! Эптеп кармап асканы,

Суудан чыгып жигит бери басканы.

Кабак түйгөн, колдо мончок жалтырап,

Ийни ылдый мөлтүр суулар тамчылап.

“Сүйөсүңбү, сүйбөйсүңбү карабай,

Мончок үчүн өмүрдү да аябай…

Бир сөзүңдөн түштүм деңиз түбүнө,

Маржан таштар жаткан экен үйүлө.

Алгын мына! Кантип таптым билбедим».

Суна берип жал-жал тиктейт сүйгөнүн.

Жооп укту: “О, жаш жигит, садага,

Эгер сүйсөң маржанды алып бер мага!”

Кайран жигит, кайра сууга чөмүлдү,

Табыш үчүн маржанды же өлүмдү.

Ак жал толкун бирин-бири камчылап,

Жээкке урунуп, кайра артка тартылат.

Ал толкундар улам жээкке келгени,

А сүйгөнүн бирок кайрып бербеди…

Сергей ЕСЕНИН

Аябайсың, сүйбөйсүң…

Аябайсың, сүйбөгөн соң сен мени,

Жакпадыбы балким сага келбетим?

Көздү сүзүп, көксөп турдуң кумарды,

Артып колду моюнума берметим.

О, жаш сулуу, кербездигиң байкалат,

Мен да сага, орой-жумшак болбодум.

Эриндериң эриткендир далайды?

Эсиңдеби кармаганың колдорун?

Өттү баары көлөкөдөй көрүнбөй,

Өчүрө албай өзүңдөгү жалынды…

Суй жыккандай эчендерге эркелеп,

Суйсаласың сууручудай жанымды.

Кылгырасың, ачпа мейли көзүңдү,

Ким бирөөнү эстеп жатат окшодуң.

Өзүм деле сени сүйүп жыргатпайм,

Болгону эле узун жолдо токтодум.

Тагдыр дебе жолукканды экөөбүз,

Көңүл иши, болмок эле кимде айып —

Кандай болуп кокусунан кезиксек,

Бөлүнөбүз, дал ошондой жылмайып.

Жолуңду улап жөнөйсүң да сен дагы,

Күндөр күтөт кубанычсыз астыңда.

Өтүнөөрүм муңсуз жанга жолобо,

Кыз өбө элек жигит көрсөң азгырба.

Кең көчөдө жандап алып бирөөнү,

Айтып бүтпөй бир сүйүүнүн баянын.

Сен келатсаң, а мен чыгып алдыңан,

Мүмкүн кийин кезигээрбиз карагым.

Ынагыңдын ыктай берип ийнине,

Саал ийилип, сыр түйүнүн билдире.

«Кутмандуу кеч!” – деп айтасың акырын,

“Кеч жарык», – дейм аяңдатып басыгым

Кайдыгер бир жандай болуп узаарбыз,

Калтыраткан бойдо сезим калбастыр.

Сүйүшкөндөр, мурдагыдай сүйө албас,

Өрттөнгөндөр, кайра күйүп жанбастыр.

 

Үмүт ШАРИПОВА, казак акыны

Сүйдүң мени…

Сен сыяктуу сүйө албастыр мени эч ким…

Сүйдүң мени… Ай, жылдызга теңештим.

Сен болбосоң көктөм көркөм билинбес,

Сенсиз деги сүйүнө алаар эмесмин.

Махабатсыз күндөр өтүп… жабыктым,

Бир шооланы күтүп жылдар зарыктым.

Сенин сөзүң – сезимге нур, бойго күч,

Сенин көзүң – нур төгүлгөн жарык күн!

Менин ырым өзүң барда арыбайт,

Дастаныбыз кылым кечип арылайт.

Көөдөндөгү бир муштумдай жүрөгүм,

Сүйөм дештен көз өткөнчө талыбайт.

Ырыма эгиз жүрөгүң бар, аскарым,

Кереги жок башка жандын дастаны.

Төбөбүздөн элжиреп бир турса экен,

Бизге маалым махабаттын асманы.

Өзүң жокто өмүр сүрдүм дебесмин,

Унутулду махабатсыз элес күн…

Мен сыяктуу сүйө да албас сени эч ким,

Сен сыяктуу сүйгөн эмес мени эч ким…

Галым ЖАЙЛЫБАЙ, казак акыны

Кап көтөргөн кыз

Бар тилегин салып алган, тоюн да,

Ак билегин артып алган моюнга.

Кап көтөрүп бара жатат кыз бала,

Алматынын “Арбатынын” боюнда.

Көчөсү бул кайырчынын,

Мастын да,

Адамдар көп…

Айлангансыйт ташкынга.

Кайышып да, майышып да назиктик,

Араң барат ала каптын астында.

Көңүл болбос, көктөм күндү сүйбөгөн,

Кимге барып:

Көркөмдүккө тийбе , – дейм?

…Көк базарга бара жатат көркөм кыз,

Көөнө кемсел, эски этегин сүйрөгөн.

Гүлү ачылып…

Киер бекен кырмызы.

Жаркырап бир жанар бекен жылдызы?

Кап көтөрүп бара жатат көчөдө,

Азамат туур Алашымдын бир кызы.

Ажары да ашкере экен ак таңдай,

Базарына жетсе экен какталбай.

Оозун бууган кытай каптын ичинде,

Тагдырынын бар салмагы жаткандай.

Муңдуу кайгы,

Тайыз бакыт,

Күз,

Калаа.

Суук чыкылдайт – убакыт да муздак аа,

Кылымдардын жүгүн өзү алгандай,

Кап көтөрүп бара жатат кыз бала.

Алма ТҮСҮПБЕКОВА, казак акыны

ӨЛӨҢ СЕН…

Өзөгүмдө өзүң жүрдүң дайыма,

Чымын жанды күзгө таяп такалдым.

Өлүү түндө өзүмдү өзүм мүлжүдүм,

Өлөң сенде куну барбы атамдын?!

Өлөң сага бердим белем жанымды?

А мен өзүм абдан эле чарчадым,

Андай болсо сен коргочу арымды.

Поэзия падышадай төргө өтсүн,

Көрсө көрөөр жарыбаган жайымды.

Ушу өлөңдө деги эмнем бар эле?

Талаа болчу сырдашканым алгачкы.

Тирлик деле өткөн менен нугунда,

Тирүүлөй бир далай ирет жар басты.

Кайдан, кантип жакшы көрдүм өлөңдү?

Көрсөттү бейм, ойдун түбү тереңди.

Өлөң издеп касиеттүү талаамдан,

Бедиундей кезип жүрүп өлөмбү?

Бул үмүттү мойнума артып теңдейин,

Мен жөнүндө ыр жазарсың сен кийин.

…Бирок дагы жан дүйнөмдүн жарасын,

Кара өлөңсүз кантип гана эмдейин?

                                                                                                   

Которгон Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”

…Бирок дагы жан дүйнөмдүн жарасын, Кара өлөңсүз кантип гана эмдейин?: 1 комментарий

  • Февраль 28, 2020 в 12:10 пп
    Permalink

    Лермонтовдун «Балладасы» жакшы которулуптур. Алманын мурда которулган ырлары жакшы чыгып аткан. Бул жолкусу анча жакшы эмес.

Комментарии запрещены.