Электрондук башкаруу бейтаптарды тейлөөнү жеңилдетет

Саламаттык сактоо тармагындагы электрондук башкаруу ишке ашса, жарандардын дары-дармектерди
алуусунан тартып, тиешелүү медициналык маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн да бир топ жеңилдетет. Бул тууралуу  парламентте Саламаттык сактоо министрлигинин  дары-дармектердин улуттук базасын түзүү боюнча координатору Нургуль Аднаева “Электрондук кол тамга жөнүндө” жана “Электрондук  башкаруу тууралуу” мыйзам долбоорун талкулоо учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, ар бир дарыгердин да кайрылган пациенттер тууралуу маалыматтарды тактап алышына ыңгайлуу шарт түзүлөт

-Бүгүнкү күндө көп дарылар чет өлкөдөн алынып келинет. Айрымдарын издеп табуу да кыйынга турган учурлар бар. Эгерде электрондук база  — интернетке туташылса дарылардын иретин билип алуу ар бир кадар үчүн бир топ жеңил болот. Ошондой эле,  жаңы электрондук системанын дагы бир артыкчылыгы —    ооруканада иштеп жаткан дарыгерлердин ишин көзөмөлдөп, коррупцияга  бөгөт коёт.

Электрондук өкмөттүн толук ишке ашуусу кеминде 5 жылдык мөөнөттү талап кылат.  Анткени, айыл жергелерин   интернетке туташтыруу иштери бир топ убакытты алат. Себеби, мектептерде, айыл өкмөттөрүндө,  тоолуу, опурталдуу деп саналган  жерлердеги медициналык түйүндөрдүн бардыгында электрондук шарт ишке ашырылыш керек.