Тайырбек Сарпашев кызматтан алынды
Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинен бошотулду. Бул тууралуу өз булактарына шилтеме жасап, “Акипресс” жазып чыкты.
Эскерте кетсек, 31-мартта Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге Кылмыш кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козгогон. Ал 2013-жылы вице-премьер-министр маалында Мамкаттоо кызматындагы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деп айыпталууда.
Тайырбек Сарпашев Мамлекеттик катоо кызматынын жетекчиси болуп 2015-жылдын наябрында дайындалган.