Сахна ханышасы «Кыргыз Туусунун» галереясында

Таттыбүбү Турсунбаева — 1944-жылдын 12-июлунда Нарын облусунун Чаек кыштагында төрөлгөн. Жумгал районунун Чаек айылында орус орто мектепте окуган.
1960-жылы 16 жашында «Салиманын ыры» аттуу кыска метраждуу тасмада биринчи жолу тартылган.
17 жашында Ташкенттеги А.Н.Островсөрү институтунун «Драма жана кино актеру» факультетине тапшырган.
1966-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын группасына кирген.

Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30 дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта («Ромео жана Жульетта»), Амелия («Бернарда Альбанын үйү»), Фелисьяна («Бий мугалими»), Асел («Делбирим»), Анвар («Фудзиямадагы кадыр түн») жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан киноматографисттер союзунун мүчөсү.

Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эң атактуу актрисасы болгон. Аны «сахнанын ханышасы» деп айтышчу. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал «Ак Мөөр», ролунда башкы каармандардын, ал эми «Кызыл алма» фильминде бейтааныш сулуунун ролун ойногон. «Ак Мөөр» фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар «Соң-Көл чүрөгү» деп аташкан.Театрда ойногон негизги ролдору

Асел — («Кызыл жоолук жалжалым», авт. Ч.Айтматов, 1964-ж.)

Кар ханышасы — («Кар ханышасы», авт.Е.Щварц, 1966-ж.)

Бьянка — («Азоого чалма», авт.У.Шекспир, 1966-ж.)

Нази — («Эрөөл», авт.М.Байжиев)

Бүбү- («Осмонкул», авт.К.Маликов, 1969-ж.)

Төрөкан — («Өлбөстүн үрөнү», авт.А.Токомбаев, 1969-ж.)

Гүлмайра — («Жыгылган оогонго күлөт», авт.Т.Абдумомунов, 1969-ж.)

Лайлум — («Ак боз ат», авт.Ш.Садыбакасов, 1972-ж.)

Эркеайым — («Ак боз ат», авт.Ш.Садыбакасов)

Жульетта — («Ромео менен Жульетта», авт.У.Шекспир, 1972-ж.)

Надя — («Трибунал», авт.А.Макаенок, 1971-ж.)

Чолпон — («Бийик жерде», авт.К.Маликов, 1972-ж.)

Мария — («Мария», авт.А.Салынский, 1974-ж.)

Малика — («Малика», авт.Т.Абдумомунов, 1976-ж.)

Шафак — («Ай тутулган түндө», авт. М.Карим, 1973-ж.)

Зулайка — («Байыркы жомок», авт.М.Байжиев, 1975-ж.)

Анвар — «Фудзиямадагы кадыр түн», авт. К.Мухаммеджанов, Ч.Айтматов, 1976-ж.)

Дездемона — («Отелло», авт.У.Шекспир)

Амелия — («Бернарда Альбанын үйү», авт.Г.Лорка, 1977-ж.)

Эльпи — («Омар Хаямдын махабаты», авт.К.Мамбетакунов, 1981-ж.)

Мадина — («Ар бир үйдө майрам», авт.М.Байжиев, 1977-ж.)

Батма — («Танабай» спектакли, 1978-ж.)

Зулайда — («Машырбек үйлөнөт», авт.Т.Абдумомунов, 1979-ж.)

Фелисьяна — («Бий мугалими», авт.Лопе де Вега, 1981-ж.)

«Ак-Мөөр фильми
«Кызыл Алма» фильми
«Кызыл Алма» фильми
«Отко таазим» фильми
«Кызыл Алма» фильминдеги Анара менен
«Ак-Мөөр» фильми

Фильмография

1960-жыл — «Салиманын ыры»- Салима

1965-жыл — «Эң тил алчаак» — Айзада

1967-жыл — «Саманчынын жолу» — Жаш Толгонай

1968-жыл — «Ак-Мөөр» — Ак Мөөр

1971-жыл — «Отко таазим» — Уркуя

1973-жыл — «Ак куулар конгон айдың көл» — Зейнеп

1973-жыл — «Атадан калган туяк» — Жээнгүл

1974-жыл — «Сүйүү жаңырыгы» — Асия

1975-жыл — «Кызыл алма» — Бейтааныш сулуу

1977-жыл — «Арман» телефильминде эпизоддук роль

1978-жыл — «Июлдагы үч күн» тасмасында эпизоддук роль

1980-жыл — «Коңур күз» тасмасында эпизоддук роль

1979-жыл — «Процесс» — Зулайка

«Саманчынын жолу» фильми
Кино тартуу учуру
Сахнада
Кызы Асель Эшимбекова «Сүйүү мунарыгы» фильминде

Таттыбүбү Турсунбаева -37 жашында бул дүйнөдөн кайткан. Ал көз жумганда, курсташы Жумабек Козукеев мүрзөсүнүн башында:»Токтолуп сокпой жүрөгү, Соң-Көлдүн кетти чүрөгү» — деген ыр саптарын окуган. Кыргызстанда Таттыбүбүнү «ак куу» деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Ак куунун мойуну узун жана Таттыбүбүнүн дагы мойуну узун болгон. Буга байланыштуу мындай ыр бар: «Адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу».

Асель Раманкул кызы «Кыргыз Туусу»