Улуубританиянын премьеринин атасы Англиянын туристтик компанияларын Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө салым кошууга чакырды

2020-жылдын 25-февралында  Лондондогу  королдун геграфиялык коомунда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча иш чаранын  бет ачары болуп өттү. Бул тууралуу Улуубританиядагы КР элчилигинен билдиришти.

 

Иш-чарага Кыргызстандан  — 15, британия тарабынан — 40 туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты. Улуубританиянын премьер –министри Борис Жонсондун атасы Станли Жонсон айлана-чөйрөнү коргоочу катары белгилүү. Ал 2018-жылы ак илбирсти коргоо компаниясынын алкагында Кыргызстанда болгондугун жана  NABU видеокапканын орнотууга катышкандыгын айтып берди.

 

“ Улуубританиянын премьер министринин 80 жаштагы атасы кыргыз элинин жан дүйнөсүнүн тазалыгына жана жаратылышынын ченемсиз кооздугуна суктангандыгын айтып, англиянын  туристтик компанияларын бул багытта активдүү катышууга чакырып кетти” деп айтылат элчиликтин маалыматында.

 

Иш чара Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы  Туризм департаментинин демилгеси жана Улуубританиядагы КР элчилигинин колдоосу алдында, Лондон, Манчестер, Эдинбург шаарларында өтүүчү  туристтик роудшоунун алкагында өттү.

 

Сүйөркул кызы Асел “Кыргыз Туусу”