Соода түйүндөрүндө ата мекендик товарларга жол ачылат

Кыргызстанда Ата Мекендик өндүрүштү колдоо максатында, өлкөдөгү бардык соода түйүндөрүндө жергиликтүү өндүрүштөн чыккан товарларга атайын текчелерди бөлүүлөрү керек. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, 2020-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын аймагында соода ишин тартипке келтирүү менен жергиликтүү өндүрүшчүлөргө шарт түзүү жана колдоо максатында Өкмөт тарабынан өзгөртүүлөр киргизилген.Бул үчүн  ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган товарларга  “Кыргызстанда жасалган” (Made in Kyrgyzstan)  деген аталыштагы белгилер коюлушу  керек. Мындай белгидеги товарларды  соода түйүнүнүн аянтына жараша жайгаштыруу  талаптары бар.

50 чарчы метрден жогору аянты бар соода түйүндөрүндө ата мекендик товарлар үчүн  өзүнчө текче бөлүнөт. Ал эми   100, 200 чарчы метрден жогору аянты бар соода түйүндөрүндө  ар бир товарлар ага таандык   жарнамалардын  алдында жайгаштырылат.

Бул механизм  импорттук товарларды үлүшүн төмөндөтөт жана  соода  түйүндөрүндө  ата мекендик товарлардын  катышын  жогорулатат  шарттайт. Бирок бул иш чаралар  Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-сентябрындагы №560 токтомуна  ылайык, соода түйүндөрү тарабынан  товарларды жеткирүүчүлөрдөн алынуучу сый акынын өлчөмүнүн өсүп кетишине жол берилбеши  керек. Андыктан алар  сатылып алынган  тамак-аш азыктарынын баасынан  10 пайыздан жогору кыла албайт.

 

 

 Сүйөркул кызы Асел, “Кыргыз Туусу”, практикант