Эстүү улут эртеңин ойлойт

4февралда Бишкекте жаңы түзүлгөн “Экологиялык чечимдер институтунун” программасынын бет ачары болду. Бул иш-чарага институттун директору Наталья Слепченко, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов, “Мурас коомдук кыймылы” коомдук фондунун мобилизатору Гамал Сооронкулов, экологиялык активист Владимир Ушаков, “СоцЭкоИнициатива” коомдук фондусунун директору Темир Буржубаев катышышты.

Бул иш-чарада Г.Сооронкулов “Мурас коомдук кыймылынын” жасап жаткан иштери жана экология тармагындагы төмөнкү көйгөйлөрдү ортого салды.

Токойлорду калыбына келтирип жатабыз.

– Биз Аксы, Чаткал, Талас, Кетмен-Төбө жамааттары биригип “Тоо калкан” бирикмесин түзүп, Батыш Тянь-Шань тоо флора, фаунасын коргоо аракетин көрүп келатабыз. 2014-жылы Кара-Кулжа районунда «Орчун» коомдук бирикмеси түзүлгөн. 28 үй-бүлөдөн турган бул коом 2015-жылы 110 гектар жерди узак мөөнөткө ижарага алып, ал жерге ар кандай бак-шактарды тигип жатабыз. 2016-жылы деңиз деңгээлинен 1500 метр бийиктиктеги Бош- Тектир участогуна 800 түп кайналы отургуздук. Андан 50 метр жогору тоо бетине ачуу бадам (миндаль) менен жапайы алма тиктик. 3800 метр аралыкка түтүк менен булак суусун жеткирип, 30 гектар жерди калыбына келтирдик. Тегерете тосулган ал жерге мисте, ит мурун отургузуп, эмен, каштан көчөттөрүнүн питомниктерин жасадык. Буюрса, айылдарды көрктөндүрүү үчүн эмен, каштан көчөттөрүн айыл өкмөттөргө бекер таратабыз. Ачуу бадамдын уругун “Бадам-кыргыз сакурасы” долбоорунун негизинде дээрлик Кыргызстан боюнча бекер таратып бердик. Бадам сакурадай аябай кооз гүлдөйт. Жыты да адамга абдан жагымдуу келет. Кыргызстан өндүргөн бадамдын уругун үч жылдан бери Түркия сатып алып, фармацевтикага, косметологияга жана парфюмерияга колдонуп жатат. Мындан сырткары, тосула элек жерлерге да жылына көчөттөрдү отургузабыз. Бирок, жайылган мал талкалап кете берет экен.

Мамлекеттик мекеме уруксат бербеди

– Ошондой эле “Орчун” бирикмеси жапайы канаттуулар менен айбанаттарды реинтродукция (жапайы айбанаттар менен өсүмдүктөрдү бир жерден экинчи жерге көчүрүү) кылуу менен алектенет. Маралдарды реинтродукциялоо долбоору көп убакытта ишке ашты. 2018-жылы Нарын мамлекеттик коругунан Балдыркан коругуна маралдарды алып келгенбиз. Сүйүнчү деп коеюн, былтыр Датка аттуу бир маралыбыз тууду. Бул иште менин кесиптештеримдин эмгеги чоң. Жаныбарларды реинтродукциялоо долбоору Ди Каприо фондунун “Орто Азиядагы илбирстерди коргоо” биргелешкен программасына кирген. Тилекке каршы, долбоордун негизги бөлүгү болгон ишибизди аткара албай калдык. Тактап айтканда, маралдарды вертолет менен Ала-Тоонун адам бара албас жерине жеткиришибиз керек эле. Кыргызстандын мамлекеттик аскердик аба күчтөрү, “Ak-Sai TraveL” туристтик компаниясынын жетекчиси Елена Калашникова маралдарды бекер жеткирип берүүгө макул болушкан. Бул үчүн аларга ыраазычылык билдирем. Тилекке каршы, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттиги уруксат бербей Ди-Каприо, Кристенсен жана “Силикон өрөөнү” фонддору берген 30 миң доллардын 17 миңин иштетип 13 миң долларын кайтарып бердик. Азыр ал жакка жеткирилбей калган маралдар айылдарга түшүп кетип жатат. Бирок бул долбоорду буюрса Жалал-Абад облусунун Аксы районуна да өткөрөбүз. Быйыл Кара-Кулжа тоолорунда азайып кеткен эликтерди, кыргоолдорду жана варандарды (эчкемер-кескелдирик түрү) көбөйтөлү деп турабыз. Биздин карамагыбыздагы аймактарда азыр күрөң аюу, улар, карышкыр, сүлөөсүн, илбирс, аркар, чүткүр (дикобраз) акырындап көбөйүп жатат. Ушул жылы иштегенибизге төрт жыл болду. Экологиялык долбоорлорду башка аймактарга да жайылтсакпы деген ниет бар.

Арчалар аёосуз талкаланган

Чандалаш токою азыр

– Биз дайыма чоң компаниялар иштесин, бюджетти толтурсун, бирок биздин экологияны бузбасын деген талаптарды коюп келебиз. Талас районунун Күмүштак капчыгайында «Глобал Шыралжын майнинг» деген казак компаниясы алтын казуу менен алектенип жатат. Ал жер биздин “Чегетей-Тоо” коомдук бирикмесинин карамагына кирет. Биздин жамаат 2016-жылдан бери Көп биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө коргооочу аймактар департаменти менен биргелешип ошол жердеги жапайы жаныбарларды, токойлорду келишимдин негизинде коруп келатканбыз. Былтыр капчыгайга кирип текшерип чыгалы деп казак компаниясына эки жолу кайрылсак жооп берген жок. өз алдыбызча эки чакырым кирип барсак экологияга аябай чоң зыян келтирилиптир. Аларды фото, видеоматериал кылып тарттык. Жүздөн ашык арчалар аёосуз талкаланган. Жамгыр жааганына байланыштуу биз ал аймакты толук карай албай калдык. Арча менен жаңгак баалуу дарак болгондуктан аны кыюуга мораторий жарыяланган. Мамлекеттик органдар менен келишип кыя турган болсо бир бактын ордуна жүз бак отургузабыз деген макулдашуунун негизинде кыйыш керек болот. Ушул маселе боюнча Талас облустук Мамлекеттик экологиялык, техникалык коопсуздук инспекциясына кайрылдык. Инспекция 26 эле арча кыйылды деген жообун берди. Биздин санагыбыз боюнча жүздөн ашык болгон. Бул боюнча аталган компания болсо беш айдан бери жооп бере элек. Бизди сыйлабаса дагы кыргыз элинин мыйзамын сыйласын деп Башкы прокуратурага, сотторго кайрылууну чечтик. Анткени, бул компания Түктүү-Арча деген аймакты толук талкалаган. Мен ошол жердин кулунумун. Бала кезде биз ал жерден сүлөөсүн, кекилик, коен, уларларды көрчүбүз. Бүгүн анын бири да жок. Ал жерде жардыруулар болуп, токойлор кыйылып жатса кайдагы жаныбар болсун. Бул жерди алгач Кытай компаниясы иштетмек болуп, ызы-чуудан улам “Казахмыс” холдинги алган. Кыскасы, бул жердин иштетилгенине 10 жылдай болуп калды.

Чандалаш токою 20 жыл мурун

Алтын иштетүүдөн чөлдөр калып жатат

– 28 миң гана жашоочусу бар Чаткал районунда алтын казууга 158 лицензия берилиптир. Көп жылдар бою биз алтын кендерин иштетүүгө мораторий жарыяланышын суранып, талап кылып, колдоп келатабыз. Жыйынтык катары Чандалаш дарыясынын жыйырма жыл мурунку жана азыркы акыбалын көргүлө (сүрөттө бар). Бул жерде “Бустер” деген жана башка компаниялар иштеген. Ушул дарыянын жээктеринен компаниялар алтын өндүрүп алышкан. Азыр бир кездеги токойлордон дайын жок. Ала-Бука менен Чаткалдын ортосундагы Казан-Сай дарыясынын тегереги алтын иштетүүчү ишканаларга толуп кеткендиктен, аймактагы жапайы канаттуулар, балыктар жок болуп кетти. Азыр тоо кенчилердин бири дагы алтын кендеринен мамлекетке пайда келип жатканын далилдеп бере албайт. Мен алар менен бардык деңгээлде талашууга даярмын. Бизге алтын иштетүүдөн чөлдөр гана калып жатат. Чаткал суунун нугуна алтын кенин иштетүүдөн чыккан калдыктарды сактоочу жай курулган. Башында бул жай Көк-Дөбө деген жерге курулмак. Бирок, негедир жергиликтүү бийлик жеке фирманын жетеги менен кетип жердин кыртышы, каналдар бузулуп жатат. Бул жерде Кен тармагынын айкындуулук демилгеси (КТАД), Орхус конвенциясы жана Курчап турган чөйрөнү коргоо мыйзамы бузулуп жатат. Ошондуктан коомдук экологиялык экпертизаларды уюштурушубуз керек. Бүгүнкү “Экологиялык чечимдер институтунун” түзүлүп жатканы да колдоорлук иш. Эгер бир нече коомдук экологиялык экспертиза жүргүзүлсө алтын өндүрүүчү компаниялар эл менен, биздин жаратылыш менен эсептешип калат эле. Бул үчүн коомчулуктан жардам сурайбыз.

Таштанды флешмобун өткөрөбүз

– Бишкек – Ош автотрассасында күнүгө 10 миңге жакын жеңил, 2 миңге жакын жүк ташуучу унаалар өтөт. Ошол унаалар менен кеткен жүргүнчүлөрдүн ыргыткан ар кандай таштандылары азыр өтө чоң көйгөйгө айланды. Жакында ошол трассанын жээгин тазалаш үчүн флешмоб өткөргөнү жатабыз. Башкача айтканда, Бишкектен Ош-Жалал-Абадга, ал жактан кайра борборго жүргүнчүлөрдү ташып жүргөн айдоочуларга, жүргүнчүлөргө баштыктарды таратып, таштандыларды ошол баштыктарга салып, жеткен жериндеги таштанды челектерине салууларын суранабыз. Ушул ишти жасайлы десек Бишкектеги унаа токтоочу жайларда таштанды челектери жок экен. Ошентсе да муну бир күнү жасайлы деп турабыз.

Мелис Совет уулу «Кыргыз Туусу», Гезиттин 7-февралдагы санынан.