Кыргыз кышы

Кыргыз кышы- жылдын керемет мезгилдеринин бири. Улуу тоолор ак карга жамынып, кыргыз жергеси ого бетер көркүнө чыга түшөт.  Жылдын бул мезгилининин негизги өзгөчөлүгү — абанын температурасы Цельсия боюнча нөл градустан төмөндөп кетиши менен түшүндүрүлөт.  Илимий жактан алганда жыл мезгилдеринин алмашышы жердин айлануу огунун эклиптика түздүгүнө карата жантаюусу менен шартталат.

Кыш мезгили илимде үч түргө бөлүнөт алар:

Астрономиялык кыш
Календарлык кыш
Климаттык кыш. 

Астрономииялык кыш- кыш менен жаздын теңелишине чейин созулат, башкача айтканда жердин түндүк жарым шарында 22-декабрдан баштап 21-мартка чейин, түштүк жарым шарда 22-июндан баштап 21-сентябрга чейин. Жер шарында жыл сайын бул астрономиялык учурлар ар башка убакытка туура келет (көрсөтүлгөн суткалардын ченеминде).

Календарлык кыш- үч айдан турат: Түндүк жарым шарда булар — декабрь, январь, февраль айлары.

Климаттык кыш-Климатологдордун айтымында абанын күнүмдүк орточо температурасы Цельсия боюнча нөл градуска теңелип жана андан төмөндөй баштаганда кыш башталат. Кыргызстанда бул убакыт облустардын жер шарттарына байланыштуу. Мисалы  Ысык-көлдө бул ноябрь айынын экинчи жарымы, Нарында ноябрь айынын биринчи жарымы, Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Чүйдө — декабрь айынын биринчи жарымы.

Кыштын эң суук айы болуп январь айы деп эсептелет.  Кыргызча бул мезгилди чилде деп жүрөбүз. Ал эми декабрь айы эң караңгы ай деп эсептелет, анткени күн кыска, түн узун. Январь айында күн узара баштайт. Эң кыска күн жана эң узун түн 21-22 декабрга туура келет.

Элдик байкоолордо кышында кургак жана суук болсо — жайында да кургак жана ысык болот. Кышында бороон чапкын көп болсо — жайында жаан-чачын көп болот. Кардын көп жаашы дыйканчылыкка жакшы. Кышында жылуу болсо — жайында салкын болот. Кышында ызгаар суук болсо — жайында абдан ысык болот. Кыш кардуу болсо — жай жаанчыл болот-деп айтылат элде.

Айыл

Асель Раманкул кызы «Кыргыз Туусу» практикант