Келечекке багытталган иш сапар башталды

Кечээ Президент Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына келди.

 Иш сапары Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды. С.Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт эскерди. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын мүчөлөрү катышты. Иш сапарынын алкагында Сооронбай Жээнбеков Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда кыргыз-россия мамилелеринин бүгүнкү абалы менен келечеги талкууланат. Андан соң, мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат. С.Жээнбековдун РФнын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана РФнын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулары да пландалган. Иш сапардын алкагында, Президент Москва шаарындагы ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна да барат. Иш сапары жана анын жыйынтыктары жөнүндө толугураак маалымат гезитибиздин кийинки санында берилмекчи.

Болотбек Таштаналиев “ Кыргыз Туусу”