Көзөмөл жокто көйгөй көп

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


 Ата-энесин куса болуп сагынган балдар өз бет алдынча чыгып алып, Россияга жана Казакстандын аймагына сапар тартып кете берген фактылар күн сайын чыгып жатат. Дээрлик күн сайын Россиядан жана Казакстандан ал жакта ата-энесинин кароосусуз калган жашы жете элек кыргызстандык балдарды күч түзүмдөрү жыйнап алып тургандыгы боюнча маалыматтарды алып жатабыз. Ал жактан табылган балдарды кайра бөлүштүрүүчү бөлүмгө алып келишет, – дейт эл аралык миграция уюумунун Бишкектеги кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева.

 Ата-энесин издеп жер кезген балдар

 Жашы жете элек баланы эксплуатациялоо көйгөйү да курчуп жатат. Балдарды чоң киши чыдагыс оор жумуштарга салган фактылар да жок эмес.

Аларды алыскы тоолордо мал бактырышат. Катуу суукта, саратан ысыкта базарларда соода кылышып, оор

жумуштарга чегерилет. Баарынан да жумушка чегерилген балдардын арасында 2 жаштагы наристеден баштап, 17 жашка чейинки өспүрүмдөр кездешкени боюнча аталган уюм жакында маалымат таратты. Б.Молдобаеванын айтымында мигранттардын балдарынын арасындагы суициддин деңгээли абдан жогору. Көп жылдар бою акча табуунун аркасынан кеткен мигранттар кайрадан балдары менен мамилелерин калыбына келтирүүдө да чоң көйгөйлөр келип чыгууда. Үй, машине сатып алып, турмушу өйдөлөгөнү менен, айрымдары балдарын жоготуп коюп жатышат. БУУнун Балдар фондусунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү келтирген маалыматтарына караганда көчө балдарын түзгөн өспүрүмдөрдүн ар бир бешөөсүнүн төртөө ата-энеси тирүү мигранттардын балдары экен.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФтин өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Юкиэ Мокуо айымдын айтымында өлкөбүздөгү миграциянын өзгөчөлүгү ата-эненин экөө тең акча табуу үчүн чет мамлекетке кетип калышында болуп жатат. Албетте, алар балдарынын окуусун каржылап, тиричилигине акча жиберип турушкандыктан биротоло таштап салды деп айтуу кыйын. Бирок, көзөмөлсүз бала зомбулук коркунучунда калып жатат. Кароосуз балдардын сабагы үзгүлтүккө учурай баштайт, акыры мектепти таштап, көчөдө түнөй баштап, жумуш иштөөгө мажбур болушат. Анын үстүнө, Кыргызстандын экономикасы да эмгек мигранттардын акча которууларына көз каранды. “Кыргызстандын экономикасы такай киреше алып келүүчү ирилешкен индустрияга ээ боло албай жатат. Биз өлкөнүн тоо кен өнөр жайы жана агрардык тармагы өнүгөрүнөн үмүт эткибиз келет. Ошого карабай миграциялык процесстердин тышка агылуу тенденциясы жакынкы беш-он жылда сакталып кала берет. Ушуга байланыштуу, Өкмөт менен жарандык коом биригип, баланы коргоо боюнча алып бара турган иштерди ойлонушубуз керек”. – дейт Ю.Мокуо айым.

 Кооптуу заттардан ким коргойт?

 Кыргызстанда балдарга байланышкан улам бир көйгөй чыга калып жатат.

Мисалы, өспүрүмдөргө медициналык-психологиялык жардам берүү жана реаблитациялоо борборунун наркологу Мелис Исаковдун билдиргенине караганда балдар арасында психоактивдүү каражаттарды колдонгондор ал жакка дээрлик күн сайын түшүп турат. Көзөмөлсүз өспүрүмдөр дарыканадан спирт, календула аралашмасын же корвалол сатып алып, аны балдар чогулуп иче

Июнь окуялары кайталанбасын десек, анда күнөөлүүлөр жазаларын алууга тийиш…

турганын чоңдордун эч кимиси байкабай калган окуялар көбөйүүдө. Адистердин айтымында өспүрүмдөрдүн ден соолугуна кооптуу каражаттар канчалык көп колдонулса аны чыгаргандардын өндүрүшү ошончолук кирешелүү болуп, анын кожоюндары мына ушуга абдан кызыкдар. Кыргызстанда коркунуч алып келе турган психоактивдүү каражаттардын атайын тизмеси бар. Адис тер бул көйгөйдү чечүү үчүн кооптуу каражаттардын эл аралык деңгээлде тыюу салынган тизмелерин Кыргызстанда да кабыл алуу керектигин айтышууда. Муну менен көзөмөлдөөчү органдар абалды жөнгө салып туруусуна шарт түзүлөт. Учурда бизде балдарга кооптуулукту жараткан каражаттарды сактоо же сатуу үчүн эч кимди айыпка тартуу мүмкүн болбой жатат. Андай болгондо, Саламаттыкты сактоо министрлиги жогорудагы кооптуу каражаттарды өспүрүмдөргө сатууга чектөө киргизе алмак.

 Балдарын өлтүргөн мигранттар

 Биз кыргыздар, деги кайда баратабыз?! Мына ушул каңырык түтөткөн суроо жүрөк өйүйт.

Быйылкы жылдын башынан бери, Россияда иштеп жүргөн мекендештерибиздин ичинен өз балдарын өлтүрүп салгандар чыкты. Ушул жылдын февраль айында Тюмень шаарында жашаган 25 жаштагы кыргызстандык жигит өзүнүн эки жаштагы уулун сабап өлтүргөн. Күндүз келинчеги жумушка кеткенде ыйлаган баланы “тарбиялап коюу” үчүн аёсуз чапкылап ура берген. Бир учурда бала кыймылсыз жатып калганда эсине келген ата сөрөй, келинчегине телефон чалып кабарлаган. Баланы сооротуп кароого жарабаган канкор ата эми 15 жыл бою темир тордун артында күн кечирмей болду. Дагы бир окуя андан кем эмес. Жаш үй-бүлө эки баласын алып, Красноярск шаарына иштегени барышат. Келиндин күйөөсү жүргүнчүлөрдү ташып иштечү. Жаш эне балдарын карап үйдө калчу. Ал төрт жаштагы кызын көкала кылып сабап жүргөнүн кошуналары көрүп жүрүшкөн.

Бир күнү тиги келин сабап эле жөн болбой кызын муунтуп өлтүрүп салып отурат. Ал дагы жасаган ишин мойну менен тартканы темир тор артына кетти. Андан көп өтпөй Ханты-Мансийск автономдук округунда иштешкен дагы бир кыргызстандыктын үйүндө ырайымсыз окуя катталды. Ата-энеси жумушка кеткен он жашар баланы 18 жаштагы жакын тууганы тепкилеп өлтүрүп койгон. Денесинин ар кайсы жерине катуу тепки жеген тестиер бала ооруканага жетпей жан берген. Булар чуулгандуу окуя катары коомчулукка билинип калды. Тилекке каршы, балага карата зомбулук көп учурда билинбей калып жатканы айтылып келет.

 Интернаттарда ата-энелүү балдар көп

 Жыл башында республика аймактарындагы балдар интернаттарынын абалы менен таанышуу үчүн вице-премьер-министрдин деңгээлиндеги өкмөттүк көчмө жыйын болгон.

Анда бир катар көйгөйлөр калкып чыкты. Өлкөдө 63 мамлекеттик, 60 жеке менчик жана 12 диний багыттагы балдар мекемеси иштеп жатат. Интернат тибиндеги балдар мекемелеринде 8,8 миңге жакын бала бар экен. Кыдыруунун жыйынтыгындагы маалымат барагында мындай деп белгиленет: «Балдарды кароо шарттары көңү

Нарын: Козголгон жаштар, кордолгон коноктор

л жылытарлык эмес. Дээрлик бардык мекемелерде балдардын санын көбөйтүп жазган «өлүк жандар» системасы орун алган. Мындан тышкары, интернаттарда тарбияланган 94 пайыз балдардын ата-энесинин экөөсү тең бар, же бирөөсү, же туугандары бар болуп чыкты. Болгону 6 пайыз балдар гана томолой жетимдер. Интернаттардын турак-жай имараттарын кармоого миллиондогон каражаттар жумшалат, ал эми балдардын өзүн колдоо боюнча эч кандай шарт жок. Оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдөгү балдарга үй-бүлөлүк чөйрөнү сактоого негиз болгон мамлекеттик колдоо керек. Бул багытта мамлекет балдар өз ата-энесинде же коопсуз үй-бүлөлүк чөйрөдө кала берүүсүн колдоо боюнча бирдиктүү саясатты, программаларды иштеп чыгууну көздөөдө. Өкмөт Кыргызстандын бардык балдарынын толук үй-бүлөдө өсүшүнө, аларды зомбулуктан сактоого жана анын ичинде укуктук, экономикалык жана финансылык маселелерин чечүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзөт» деп жазылган.

Көрүнүп тургандай, акчанын аркасынан кууп кетип, баланы ата-эненин көзөмөлүсүз, мээримисиз калтыруу дегеле акылга сыйбаган иш. Бүгүнкү күндө Өкмөт интернаттык мекемелерди оптималдаштырууну көздөп

жатат. Интернаттын ордуна балдарды биологиялык атаэнесине кайтаруучу аракеттер көрүлүүдө.

Расмий маалыматтарга караганда акыркы жылдары төрөт үйлөрүндө бөбөктү таштап кеткен окуялар бир аз кыскара баштаган. 2014-2016-жылдар арлыгында Кыргызстандын жарандары ташталган балдардын 3072син багып алышкан. Ал эми чет элдик үй-бүлөлөргө 66 бала багууга берилиптир. Учурда өлкөбүздө бала багып алуу менен ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн катталган АКШнын 7, Швециянын, Нидерландынын, Финляндиянын жана Германиянын бирден уюмдары бар.

 Аксаамай эне канча жетимди баккан?

 Элибиз өзүнүн өткөн тарыхында биздин бүгүнкү күндөрдөн алда канча кыйын доорлорду кечирип келди.

Бирок, балдарын көзөмөлсүз, жоопкерчиликсиз жагдайга мынчалык көп таштап кеткен эмес. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда көлдүк Токтогон апа Ленинград блокадасынан алып келинген балдарды баккан. Сокулук районунун Белек айылында 1901-жылы жарык дүйнөгө келип, сексенинчи жылдардын ортосуна чейин жашап өткөн Аксаамай Жакшылыкова деген аялзаты болгон. Анын өмүрлүк жары Алымкул Жакшылыков көп жылдар бою партиялык, жетекчилик кызматта иштеген өз доорунун алдыңкы инсандарынан эле. Аксаамай анда болгону 18 жаштагы келин экенине карабай, 1918-1927-жылдар аралыгында өзүнүн балдарына кошуп, 9 томолой жетимди асыраган. Алардын төртөөсү кийин Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калыптыр. Кийинчерээк Алымкул борбор калаага жооптуу партиялык кызматка которулуп, үй-бүлөсү менен көчүп келген жылдары дагы онго жакын жетимди алып келип багышкан. Жубайлар тууралуу жазылган китептерде “Алымкул улам бир баланы таап келип үйүнө түшүрүп койчу. Аны кабыл алып жатып Аксаамай: “Мейли муну деле багып алайын. Көп болсо бир чөйчөк тамакты арбын жасармын”, – дечү экен. Аларды өз балдарынан кем кылбай багып өстүрүп, кесипкөй кылып чыгарышкан. Ошол асыранды жетимдерден өткөн кылымдын кыркынчы жылдары жеңил өнөр жай министри болуп иштеген Акимжан Токбаев, эң биринчи дипломдуу, профессионал режиссер Өмүркул Жетикашкаев, КР эл артисти Аманкул Куттубаев сыяктуу мекенчил инсандар чыгып, баары өз заманынын кадырлуу инсандарынан болушкан.

Алымкул 1937-жылы сталиндик репрессияга туш болуп, бейкүнөө атылып кеткен. Аксаамай өзүнүн беш жетими менен жесир калган жылдары алардыкына “эл душманынын” үй-бүлөсү деп кооптонуп, киши каттабай калыптыр. Ошондой азаптуу күндөрү анын үч жашар кызы оорудан чарчап калат. Курган эне эки-үч эле киши менен ымыркайын жерге жашырган. Ошол эле күнү 1938-жылдын 13-февралында анын курсакта калган уулу жарык дүйнөгө келген. Балага алты ай бою ысым бе

Ороз Дүйшөбаев деген ким? же, балык, балыкчылар жана “балык таламай оюну” тууралуу сөз

рилбей жатыптыр. Бир күнү айылдагы нарктуу аксакалдардын бири жетимдердин абалын көрүүгө келип: “Атасынан айрылып, баарыңар карыптын абалын кийип турганда төрөлгөн уулуңдун аты Карыпбек болсун. Бирок, карыптыктан бат эле чыгып кеткиле”, – деп ысым берип кетет. Аксаамайдын ошол көкүрөк күчүгү техника илимдеринин доктору, үч академиянын академиги, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карыпбек Алымкулов сексен жашка таяп калды. Ал эми Аксаамайдын уул-кыздарынын ичинен дарыгер, тоо инженери, педагог, партиялык кызматкер жана илимге баш-оту менен кирген, техникалык илимдер тармагында ачылыштарды жасаган илимпоздор чыкты. Алардын дээрлик баары мамлекеттик наам, сыйлыктарга ээ болушту.

Бүгүнкү күндө турмуштун ар кандай жагдайларында күйөөсүнөн ажырап, кыйынчылык башына түшкөнүнө карабай, балдарын мекенчил, кесипкөй кылып тарбиялаган жалгыз бой энелерге “Аксаамай” атындагы сыйлык ыйгарылып келет. Мына ошол жалгыз бой энелер өмүрлүк жарынан ажырап, кайгыга батып турганда жергиликтүү бийлик органдарынан келишип: “Балдарыңды эми кантип жалгыз багасың? Өкмөттүн интернатына өткөрүп бер”,– деп айткандарын айрым энелер эскерип келишет. Бирок, алар мындай сунушка көнбөй коюшкан. “Күндүн жартысы жарык, жартысы караңгы” демекчи, балким жашообузда ушундай алпейим энелер бар үчүн элибиздин ырыскысы чайпалса да төгүлбөй кармалып тургандыр.

One thought on “Көзөмөл жокто көйгөй көп

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *