Төрт мамлекетке карата карантин киргизилди

БСУ – Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жаңы типтеги коронавирустун аз убактын ичинде көп мамлекетке тарашы боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул коркунучтуу илдет 35ке жакын мамлекеттин жарандарынан табылды. Жабыр тарткандардын эсеби боюнча тизмеде Кытайдан кийин эле Түштүк Корея турат. Эң кооптуусу, ал жакта Кытайга эч качан барбаган бир аял диний мекемелердин бирине зыярат кылуудан жуктуруп алыптыр. Окуянын мындай өңүтү окумуштуулардын башын катырып жаткан чагы. Бүгүнкү күндө Түштүк Кореяда 1446, Италияда 322, Японияда 170, Сингапурда 91, Гонконгдо 85, Иранда 95, АКШда 53, Таиландда 37, Тайванда 31, Автралияда 22, Малайзияда 22 жаран ж.б. коронавирус табылган өлкөлөрдүн тизмеси узарып, географиясы кеңейип бара жатат.

Коронавирустун географиясы кеңейүүдө

Кудайга шүгүр, азыркы күндө өлкөбүздөн коронавирус жуктурган адам каттала элек. Ошентсе да Кыргызстан жакында Түштүк Корея, Италия, Иран жана Япониянын жарандары үчүн карантин киргизди. Италияда бул илдеттен каза болгондордун саны түрдүүчө айтылып жатат. Айрым маалыматтарга караганда 10 адамдын өмүрүн алган. Иранда андан 15 адам мерт кеткен. Ал эми бейтарап иликтөөлөр боюнча бул сан 70ке чукул. Ушуга байланыштуу, Американын мамлекеттик катчысы М.Помпео Иран дүйнө өлкөлөрүнө коронавирустун тарашы боюнча так маалыматты бөлүшүүгө милдеттүү экенин, эл аралык гуманитардык уюмдар менен кызматташуусу зарылдыгын айтты. Мындай жагдайлар Кытайдын жарандарына карата көрүлгөн чараларды Кыргызстан башкаларга да колдонуусун шарттап жатат. Учурда коронавирустан коргонуу боюнча түзүлгөн республикалык штабдын билдирүүсүнө караганда атайын стационарда 146 адам кароодон өтүп жатат, ал эми жашаган жери боюнча дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган 531 жаран бар. Коронавирусту аныктай турган тест-система Россия жана Түркиядан алып келинген жана алар жетиштүү көлөмдө камсыздалган. Бир апта мурда Түркия Иранга карантин киргизди. Аны менен бирге Армения, Афганстан, Пакистан, Ирак, Грузия ж.б. бир катар өлкөлөр Иранга карата ушундай чараларды көрүп, авиа каттамдарына чектөө салды. Ал эми Ливан менен Бириккен Араб Эмираттары Ирандан келген жарандардан коронавирус жуктургандар табылганын кабарлашкан. Бүгүнкү күндө Иранда мектептери, жогорко окуу жайлары иштебей турат. Жарандардын массалык иш-чараларга чогулуусуна тыюу салынган жана бул илдет менен күрөшүүгө 230 оорукана даярдалган.

Евросоюз 232 млн. евро бөлүүдө

Эми Италиядагы абалдан кеп салалы. Италиянын он бир шаары жана эки провинциясы карантинге жабылды. Ал жакта жашаган аймактардын жарандары үйлөрүнөн чыгарылбаган шартта жашап жатышат. Италиянын Өкмөт башчысы Дж. Конте коронавирус катталган аймактардан уруксатсыз чыгып кетүүгө катуу тыюу салынганын эскертти. Украина болсо ал жактагы консулдугун убактылуу жаап койду. Коронавирус тарай баштаган өлкөлөрдөгү мекендештерибизден кабар алуу, алардын коопсуздугун коргоо мамлекеттин милдети. Италияда 5000ге жакын кыргызстандык бар экени айтылып жүрөт. Бирок, бейрасмий маалыматтарга караганда бул сан бир нече эсе көп. Ломбардия провинциясында 60ка жакын адам вирус жуктургандыктан карантин киргизилип, «кызыл аймак» жарыяланган. Ушуга байланыштуу 50 миңге жакын адам үйлөрүнөн чыга алышпайт. Ал жактагы «Кыргызстан-Италия» ассоциациясынын башчысы Бурмачач Томоева кыргыздардын абалы тууралуу соцтармактардан билдирүүлөрдү жөнөттү. Ал жашаган Милан шаарында элүүгө жакын мекендештер жашайт экен. «Баарыбыз бири-бирибиз менен байланышып турабыз. Беткапка караганда бир жолу колдонуучу колкап кийгиле деп жатышат. Көчөлөрдө эл аз. Эл азык-түлүктөрдү көп алып жатышкандыктан дүкөндөрдүн текчелери бош. Эл дүрбөлөңгө түшө калып жатат», – дейт. Азыркы күндө БСУ коронавирустун жайылуу картасын көзөмөлгө алып жатат. Шүгүрчүлүк дейли, анда Борбор Азия республикалары каттала элек. Бирок, БСУнун генералдык директору Тедорс Адхан Гебрейесустун 24-февралда дүйнө коомчулугун коркунучтуу илдеттен коргонууга чакырды. Ошондой эле ал коронавируска каршы күрөшүүгө 232 млн. евро бөлүп жаткандыгы үчүн Евросоюзга ыраазычылык билдирди.

Дүйнө экономикасын эңшереби?

Коронавирустан кооптонуп, чек арасын жаап, карантин киргизип жаткан мамлекеттер арбып бара жатат. Мындай көрүнүштөр соода-экономикалык байланыштардын солгундашына, макулдашылган инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга тоскоол болууда. Бул илдеттин жайылуусу качан басаңдашы, карантин киргизүү системасын дүйнө мамлекеттери качан токтото турганы азырынча бүдөмүк. Бул көйгөй Кытайга эле эмес, жалпы дүйнө экономикасына олуттуу таасирин тийгизери бышык. Ирандын Кум шаарынан үч жаран келип, алардын бирөөсүнөн вирус катталганын Афганстандын саламаттыкты сактоо министрлиги жарыялаган. Ушундан улам Өзбекстан Афганстанга карата чек арасын жаба турганын билдирип жатат.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»