Форумга даярдыктар кандай?

25-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бахтияр Салиевди кабыл алды.

 Анда Мамлекет башчы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын учурдагы ишмердүүлүгүнүн актуалдуу багыттары жана үстүбүздөгү жылдын март айында өтө турган «Кыргыз Республикасы: Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» экинчи форумуна даярдыктардын жүрүшү менен таанышты. Биринчи форум 2019-жылдын февралында өткөн.

Экинчи форумдун ишине жалпы республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, аймактардагы ишкерлер, донор уюмдар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышары күтүлүүдө.

Б.Салиев жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун көтөрүү жана калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү процессин автоматташтыруу максатында 8 айыл өкмөтүндө «Санарип аймак» долбоорун пилоттук режимде ишке ашыруу башталганын баса белгиледи.Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин «Санарип аймакты” өлкөнүн 484 айыл өкмөтүнө толугу менен киргизүү мерчемделүүдө.

Муну менен катар ал жалпы республика боюнча муниципалдык мүлктөрдүн тизмеси аныкталып чыккандыгын, коррупциялык тобокелчиликтерди четтетүүгө өбөлгө болгондой кылып жүзөгө ашыруу жана аларды ижарага берүү боюнча электрондук соода аянтчасы сынамык режимде киргизилгенин маалымдады.

С.Жээнбеков аталган форум борбордук бийлик менен жергиликтүү бийликтин ортосундагы натыйжалуу диалог үчүн чыныгы аянтча болушуна арналганын өзгөчө белгиледи. Өткөрүлө турган талкуулардын жыйынтыгы менен аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча программалык документтер менен пландар актуалдаштырылышы зарыл.

Мамлекет башчы борбордук жана жергиликтүү бийлик органдары аймактарды өнүктүрүү маселелерин чечүү үчүн ыкчам чараларды биргеликте кабыл алуусу керектигин баса белгиледи. Ошону менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү процессин жыйынтыктоо зарылдыгынын маанисине өзгөчө көңүл бурду.

 Т.ИСХАКОВ