Биометрикалык паспортторду берүү көзөмөлгө алынат

 

КРнын Өкмөтү биометрикалык жалпы жарандык паспортторду берүү процессин катуу көзөмөлгө алууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарындагы «Калкты тейлөө борбору – 2ге» күтүүсүз барган учурда билдирди.

Биз буга чейинки тендер боюнча соттук териштирүүлөрдүн аякташын күтүп жатабыз. Андан соң жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланат. Аларды 2021-жылдан баштап берүү пландалган. Бул көптөгөн маселелерди чечип анын ичинде башка өлкөлөрдүн биздин паспортторго, жалпысынан республикабызга болгон ишеним деңгээлин жогорулатат. Бүгүнкү күндө мекендештери- биз үчүн көптөгөн өлкөлөрдүн визасын алуу барган сайын кыйынга турууда. Биз бул жагдайдан чыгып, паспорту ээси үчүн бүткүл дүйнөгө эшик ачкан өлкөлөрдүн бирине айланышыбыз керек. Бул үчүн эл аралык деңгээлдеги паспорттор кажет, — деди М.Абылгазиев. Белгилей кетсек, республикада жалпы жарандык электрондук паспортторду берүү 2019-жылы башталмак. 2018-жылы 1,2 млрд. сомго жаңы үлгүдөгү паспорттордун электрондук бланктарын сатып алууга тендер жарыяланган. Эң минималдык эмес сумма – 940 млн. 150 миң сом сунуштаган «Гарсу Пасаулис» литвалык компаниясы жеңүүчү катары таанылган. Немистик Muhlbauer ID Services «тендердин жүрүшүндө бузууларга жол берилгенин» билдирип, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып, сотко берген. Өкмөт башчы Калкты тейлөө борбору – 2нин ишинин бардык баскычтары менен таанышып, тейлөө кызматтары көрсөтүлүп жаткан жарандар менен маектешти. — Мурдагыдай узун кезектердин жок экендиги кубандырат. Санариптештирүү киргизилген, мисалы, электрондук кезек. Биз жарандар үчүн болушунча жакшы шарттарды түзүү маселесин карап чыгабыз, — деп баса белгиледи Премьер-министр. Өкмөт башчы «Унаа» мамлекеттик ишканасына да барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Премьер-министр мамлекеттик мекемеге келгендерменен пикир алышып, алардын сунуштарын жана даттанууларын укту. Негизинен алар кызматкерлердин, анын ичинде тигил же бул кызмат үчүн төлөм алган коммерциялык банктардын жай тейлөөсүнөн улам түзүлгөн узун кезектерге тийиштүүПремьер-министр Калкты тейлөө борборунун, ошондой эле «Унаа» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигине бүгүнкү кыдыруу учурунда көтөрүлгөн маселелерди милдеттүү түрдө чечүү менен калкты тейлөө системасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду даярдоону тапшырды

С Орозобеков » Кыргыз Туусу»