«Манас» мыйзамы өзгөртүүгө муктажбы?

“Манас” жана Чыңгыз Айтматов академиясында “Манастын” доору жана “Манас” жөнүндө мыйзамдын аткарылышы” деген темада талкуу болуп, ага Президенттин аппаратынын, Өкмөттүн өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, окумуштуулар, адистер, коомдук ишмерлер катышты.

Академиянын президенти Топчубек Тургуналиев буга чейин жасалган иштер жана алдыдагы пландар, милдеттер тууралуу азыноолак маалымат берип келип, “Манас” эпосунун айланасында көп талаштуу маселелер бар экенин айтса, “Манастаануу” бөлүмүнүн башчысы, илимдин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев “Манас” эпосуна байланыштуу кеңири баяндама жасады. Маалыматка ылайык, “Манас” эпопеясын кагазга түшүрүп, алгачкы изилдөөлөрдү жүргүзүү мындан 2 кылымдай мурда башталган менен аны системалуу изилдеп, иликтеп үйрөнүү өткөн кылымдын 30-жылдарынан тартып жолго коюлган. Азыркы учурда заманбап “Манастаануу” илимин калыптандырып, дүйнөгө таркатуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул максатта Академия “Манастын” негизги вариантын, дүйнө элдеринин негизги тилдерине котортуп, дүйнөдөгү “Манасты” жана Ч.Айтматовдун чыгармачылыгын изилдегендердин эларалык бирикмесин түзүүнү максат кылып иштөөдө. Азыр Ашым Жакыпбектин “Теңири Манас” романын орус тилине которуу иши аяктоодо. Тилекке каршы, 2011-жылдын 28-июнунда КРнын “Манас” эпосу жөнүндө мыйзамы кабыл алынган менен ал толук иштебей жатат. Анын айрым беренелери мезгилге шайкеш келбей калгандыктан, ага өзгөртүүлөрдү киргизип, кайра кабыл алуунун зарылчылыгы туулууда. “Жайсаңчылар” деп аталган топтун мүчөлөрү “Манастын” негизги идеяларын бурмалап “Айкөл Манас” деген аталышта 10 том кылып чыгарып, элге таркатышкан. Ал аракет Жумгал райондук соту тарабынан экстремизм катары бааланып, тыюу салуу жөнүндө чечим чыгарылса, аны Нарын облустук соту, андан соң КРнын Жогорку Соту күчүндө калтырган. Бирок “Манасты” бурмалап коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу иш-аракеттери улантылууда. “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” деген аталыштарда арак, коньяктар чыгарылып жатат. Талкууда филология илимдеринин доктору, манастаануучу К.Абакиров, философия илимдеринин кандидаты Г.Аалиева, тарых илимдеринин доктору Т.Чоротегин, кол жазмалар боюнча изилдөөчү адис О.Сооронов, белгилүү манастаануучу Б.Максутов пикирлерин айтышты. Жыйынтыгында “Манасты” изилдөөнү таркатууну кеңейтип, бурмалоо, мазактоо аракеттерине тыюу салуу, ал аталган мыйзамдын жаңы долбоорунда сөзсүз укук-ченемдик нормада киргизилиши, эпопеяны изилдеп, жайылтууда инновациялык технологиялар, ыкмалар колдонулуусу керек, бул иштерди аткарууда Академияга өзгөчө орун таандык экени белгиленип, атайын резолюция кабыл алынды.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу»