Кызматташуу маселелери талкууланды

Премьер-министр М. Абылгазиев Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Латын Америка жана Кариб, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча вице-президенти Джорджина Бэйкер менен жолукту.

Жолугушууда жеке секторду өнүктүрүү аркылуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу, ошондой эле экономиканын түрдүү тармактарындагы жаңы инвестициялык долбоорлорго жардам берүү үчүн Кыргыз Республикасы менен Эл аралык финансы корпорациясынын ортосундагы мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды. Джорджина Бэйкер Эл аралык финансы корпорациясынын делегациясы республикага инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы финансылык инструменттерин жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо максатында келгенин билдирди. Жолугушууда мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоорунун негизинде аэропортторду модернизациялоо жана өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташуунун келечеги талкууланды. Премьер-министр жана IFCтин аймактык вице-президенти Эл аралык финансы корпорациясынын башка өлкөлөрдөаэропортторду өнүктүрүү чөйрөсүндө окшош долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чоң тажрыйбасын эске алуу менен бул багыттагы биргелешкен кызматташтык ийгиликтүү болорунаишенимин билдиришти.

С.ОРОЗОБЕКОВ